Линктер

жекшемби, 23-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 02:35

Кадыров: Аскер базасын ачуу - Кремлдин эле дымагы


Канттагы Орусиянын аскер-аба күчтөрүнүн базасындагы учак (сүрөт 2012-жылы тартылган).

Орусия Кант шаарындагы авиабазасын кеңейтип, анын күч-кубатын арттыргысы келет. Бишкекте өткөн жыйында Орусиянын расмий өкүлдөрү бул маселени кайра көтөрдү.

Батыш өлкөлөрү киргизген санкциялардын айынан экономикалык жактан кыйналып турган Орусиянын чет өлкөлөрдө аскердик база ачууга чама-чаркы жетеби? "Азаттык" тажикстандык эксперт Абдумалик Кадыровду сөзгө тартты.

"Азаттык": Орусиянын бийлик өкүлдөрү менен эксперттери Борбор Азияда орустардын кошумча аскер базаларын ачуу маселесин байма-бай көтөрүп жүрөт. Мындай зарылчылык барбы жана Москванын дымагы канчалык чындыкка жакын?

Кадыров: Кийинки убакта орусиялык эксперттер "Ооганстандагы жоочулар Борбор Азияга коркунуч туудуруп жатканын" айтып, элди чочута баштады. Мурда талибдерди айтышса, эми “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун жоочуларын мисал келтирип, үрөй учурганды жакшы көрүшөт.

Мунун баары бир максатты гана көздөйт – биздин өлкөлөрдүн бийлигин Орусия өз таасиринен чыгаргысы келбейт. Анткени ушу тапта Орусия дүйнөдө салмагын жоготуп баратат. Андыктан Москва Борбор Азияны өзнн чет-жакасы деп эсептейт.

Абдымалик Кадыров.
Абдымалик Кадыров.

​Кремл биздин өлкөлөрдүн өз алдынча саясат жүргүзүшүн каалабайт.

Ошого байланыштуу Орусия үчүн аскердик базаларынын ар кайсы өлкөдө турушу - биздин чөлкөмдө Кремлге сөзү өтө тургандай таасири бар деген саясий аброй тартуулайт. Экинчи жагынан бул орусиялык аскер күчтөрүнө мамлекеттик бюджеттен кошумча каржы алууга жол ачат. Башкача айтканда, алар четтеги аскердик базаларды кармаш үчүн бир топ акча жеп турушат.

"Азаттык": Ошол эле маалда орус армиясындагы жагдайга көз салып жүргөн эл аралык эксперттер Кремл экономикалык каатчылыктан улам армияга каржылоону жылына 20% чейин кыскартып жатканын белгилешет. Мындай шартта Кремлдин четте жаңы базаларды ачууга чамасы жетеби?

Кадыров: Тилекке каршы, Орусиянын учурдагы саясаты өлкөнүн эл аралык аброюн кармап турууга гана байланып калды. Ал эми ички кыйынчылыктарга көз жуумп эле коюшту. Эркин эксперттердин пикирлерине кулак салсак, Орусиянын резервдик корунда дүйнөдө кара майдын баасынын кымбатташынын айынан соңку 10 жылда топтолгон акча түгөндү.

Эми орус бийлиги пенсиялык фондго көз артып калды. Жакында эле орус өкмөтүнүн пенсия курагын 65 жашка чейин көтөрүү демилгеси буга далил. Бул Орусиянын бюджетинде аскер күчтөрүн кармоого акча өп-чап экенин түшүндүрөт. Ал эми орус элитасы үчүн армиянын күч-кубатын көрсөтүү – жападан-жалгыз мактана турган нерсе.

Тажикстандын Ооганстан менен эң узун чек арасы бар, өлкөнүн коопсуздугу бизде жайгашкан орустардын аскерлеринен көз каранды. Тескерисинче коңшу Кыргызстандын бийлигинин Орусиянын таасиринен толук чыгып кетүүгө мүмкүнчүлүгү бар эле.

Андыктан Москва ар кандай аскердик өнөктүккө акчаны тутамдап чачып, саясий гана таасирине кам көрүп жатат. Экономикалык көз караштан алганда бул желге чачылган акча.

Албетте, ал каражатты орус бийлиги өлкө ичиндеги маселелерди чечип, элдин бакубат жашоосуна жумшаса болмок.

Кремл анын ордуна аскердик өнөктүктү күчөтүп, элдин мекенчилдик сезимине ойноп, өз бийлигин гана бекемдөөнүн далалатын кылууда.

"Азаттык": Өз аймагына Орусиянын базасын жайгаштырган Кыргызстан менен Тажикстандын саясаты кандай болушу керек?

Кадыров: Кайсы гана эгемен өлкө болбосун, эң оболу улуттук кызыкчылыктарына таянышы керек. Ошол эле маалда Тажикстан өз коопсуздугун камсыз кылууда Орусиянын жардамынан баш тартууга азырынча мүмкүнчүлүгү жок. Анткени Ооганстан менен эң узун чек арасы турат, өлкөнүн коопсуздугу бизде жайгашкан орустардын аскерлерине көз каранды.

Тескерисинче, коңшу Кыргызстандын бийлигинде Орусиянын таасиринен толук чыгып кетүүгө мүмкүнчүлүк бар. Анткени бир топ жылдар бою Бишкектеги “Манас” аэропортунда америкалыктардын аскердик базасы турбадыбы. Бирок кыргыз бийлиги Орусияга жетеленип, америкалыктардын базасын чыгарып койду.

Экономикалык жактан алганда, америкалыктар орустардан айырмаланып, Кыргызстанга акча төлөп турган. Базаны чыгарганы үчүн Бишкек Москвадан кандайдыр бир кошумча пайда көрдүбү же жокпу – белгисиз.

Азыркы кыргыз бийлиги ошол окуялардан сабак алып, аскердик жана саясий айдыңда өзүнө пайдалуу чечим кабыл алышы керек. Дагы бир жагынан Кыргызстан Орусия түзгөн Евразия Экономикалык Биримдигине кирген соң колу-буту байланып калганын да эстен чыгарбасак.

"Азаттык": Сиз айткандай, Кыргызстанда америкалыктардын базасы турганда Бишкек жылына 60 миллион доллар акчалай, дагы башка жардам алып турган. Чет өлкөлүк базаны жайгаштырган өлкөлөр экономикалык кызыкчылыкты да көздөшү керекпи?

Кадыров: Экономикалык жактан алганда, Орусиянын базасы жылына символикалуу түрдө бир доллар төлөйт. Тажик бийлиги өлкөнүн коопсуздугун камсыз кылуу максатында орус базасынын өз аймагында турушуна макул болуп келет, башкача айтканда ага мажбур. Анткени кокус Ооганстан жактан коркунуч болсо биздин армия өз алдынча ага туруштук берип, коопсуздукту камсыз кыла албайт. Ушундан улам тажик бийлиги Орусиянын базасын аскердик калканыч катары кармап, экономикалык пайдасынан баш тартып келет.

Москванын үстөмдүгү менен маселенин саясий жагына гана маани берилип, финансылык жагы унутта калып жүрөт.

Кыргызстанда болсо жагдай башкача. Ооганстан менен түз чектешпейт, куралчан топтор кирип келет деген коркунуч аз. Андыктан Кыргызстан экономикалык пайдасын ойлоп, орусиялыктар менен соодалашса болмок.

Жалпысынан айтсак, мунун баары чет өлкөлүк базаны өз аймагына жайгаштырган өлкөнүн саясатына көз каранды. Маселен, дүйнөдөгү башка өлкөлөрдү алсак, Жапония америкалыктардын базаларынын турушуна өз кызыкчылыгы бар. Анткени америкалыктардын турганы – Түндүк Корея менен Кытай тараптан болчу коркунучтарды басаңдатат. Ошондуктан америкалыктардын базаларын кармап туруу - жапондордун өз каалоосу.

Ал эми Тажикстан менен Кыргызстан үчүн ооган коркунучун эске алганда орустардын турганы – коопсуздукту камсыздоодо зарылчылыктай сезилет. Чын-чынына келгенде, мен сөз башында айткандай, Кремл Борбор Азияда өз таасирин сакташ үчүн базаларын кармап турууга көбүрөөк умтулат.

Ал үчүн Москва бир топ акча коротууга даяр. Мындай шартта Кыргызстан менен Тажикстан экономикалык маселени койсо болмок, бирок мурдатан калыптангандай, Москванын үстөмдүгү менен маселенин саясий жагына гана маани берилип, финансылык жагы унутта калып жүрөт.

​"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG