Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:52

Тегирмеч маалесинин жаралыш тарыхы


Тегирмеч маалесиндеги көрнөк
Тегирмеч маалесиндеги көрнөк

1966-67-жылдары Исфайрам дарыясынын оң жээгинде чакан маале пайда болот. Жаңы мааленин алгачкы тургундары өрөөндөгү Тегирмеч айылынан аргасыз көчүшкөн тоолуктар эле.

1966-жылы 17-18-июнь күндөрү Тегирмеч өрөөнүндөгү бөксөгө буулуп жаткан көл толуп, жээгинен аша баштайт. Эчендеген жыл бою камоодо жаткан көлдүн суусу акырындап жээгин оюп, 19-июнда буура төөдөй жулкунуп, өзөн менен ылдый күпүлдөп агып жөнөйт.

"Суу өзөндүн эки кашатындагы Тегирмеч айылын сыйпап кетти" деп баштады кебин 78 жаштагы Карамат байбиче:

- Суу көбөйө берип, көл аягынан да, быягынан да ачылып, дарыяга кошулду. Андан кийин “көл ачылат экен, көл өзөндү селдей каптап кетет окшойт” деген кеп жүрө баштады. Ошол күнү Ысмайыл авалар жайлоого көчкөн. Алар Көлдүн үстүнө барганда, көлдүн жээги жемирилип, сууга түшүп жаткан эле. Биз кырга чыгып отурдук. Көл түш ченде ачылды. Биринчи болуп Молдо Мааткерим деген кишинин үйүн алып кетти. Айылдын башка жагы биз отурган дөңдөн көрүнбөйт да. Кийин келсек, биздин үйдү да суу алган экен. Болбосо, Чыланын оозунда беделер, үйлөр көпкөк болуп турат эле. Тез эле суу жууп кетти.

Көлдүн түш ченде ачылганына каниет. Бул кезде Тегирмеч айылынын эли үй-жайын калтырып, дөң-кырларга чыгып кеткен экен. Селден капчыгайдын коюнундагы Тегирмеч айылынан эч жан жабыркаган эмес. Бирок 15 чакты турак үй уй жалагандай орду менен жоголот.

- Тегирмечтен Мааткерим акенин, Исак акенин үйү кетти. Ысмайыл акелердин үч үйү, Шамшы атамдыкы, Самчиевдердики, биздики - сегиз болдубу. Бери жакта Чыланын оозунда төрт үй бар эле. 13-14 үйдү алып кетти да. Кычыктардагы үйлөр бүтүн калды. Байлануу турган бир бээни алып кеткен экен. Көлдүн башында бир пада (уй) жүргөн экен, ошону да алып кетти. Тегирмечте төрт жылдык мектеп бар эле. Мектепте Малик акем мугалим эле. Шамшиев Малик. Мектепти да алып кетти. Ал сайдын боюна салынган.

Сатар кызы Карамат байбиче үчүн тээ жарым кылым мурда болгон табият кырсыгы өмүрдүн бир көз ирмеми гана. Үй-бүлөсүн жер которткон апаатты азыр жаштыгы менен кошо кеткен бир окуядай эстейт.

Бийлик тоо коюнунда үй-жайсыз калган элге чукул жардам көрсөтөт. Райондон келген жетекчилерге үй-жайсыз тоолуктар ыраазы болуп, мал союп сыйлап узатышат.

- Бизге тамак-ашты тик учак менен алып барып жатты. Тегирмечке бар-жокту алып барган экен: ун, көрпө төшөк, буюмдар. Чайнек, пиала, ийне, атыр-упага чейин. Кадамжайда Эсенжанова деген райком бар эле. Ошолор барган да. Биз Кашка-Сууда калганбыз. Тагаңар өтүп барышкан. Мал-сал союп, сыйлап жөнөтүшкөн.

Тегирмеч өзөнү Исфайрам дарыясына кошулган жер.
Тегирмеч өзөнү Исфайрам дарыясына кошулган жер.

19-июнь күнү Тегирмеч айылынан 50 чакырымдай ылдыйдагы Кара- Жыгач кыштагынын калкы да кыйсыпыр түшүп жатты. Жарым кылым мурдаарак болгон алаамат Гүлсана байбиченин күнү бүгүнкүдөй эсинде. Анын айтымында, элди селдин шоокуму дүрбөткөн.

- “Шау” деп бозоруп... Биз тандырга ылай тебелеп жатканбыз. Анан тим эле шуулдай берди. Жаннат: “Күн бүркөлгөнбү? Дагы бир балээ болгону жатат”, - деди. Эшикке чыктык, пилла терим маал болчу. Бирөөнүн үйүндө пилла терип жаткан аялдар балдарын көтөрүп, качып баратат. Мен “Жаннат, бир балээ болуптур. Бери жакка чыккын” дедим. Ал чыгып, ая-биякты тиктесек Кара-Тумшукка аял-эркек, бала-чака жайнап кетиптир. Биздин үйдөн ары чал-кемпирлер да келатат. Бир атчан бешик өңөрүп алыптыр. Биз да эл барган жакка жөнөй бердик. Кетип жатсак Сулайман деген агайдын энеси “Сулайманжан барбы?” деп бакырып ыйлап жатат. “Эмне бакырасыз? Эмне болуптур?” дейбиз. Көлдүн ачылганын билбейбиз. “Көл ачылып кеткен имиш. Бизге да жетет экен. Сулайманжан бар бекен?” деп боздосо, наржактан бир кемпир чыгып: “Ой, Тажигүл барбы?” деп бакырып ыйлап жүрөт.

Тумшуктан карап отурабыз. Кара-Жыгачтын көпүрөсүнүн ылдый жагында тар жер бар эле. Ошол жерден дарыянын суусу кашатка чыгып жайылып барып, анан нараактан түшүп кетти кайра. Сапия деген кемпирдин коргону бар эле. Ошонун этегине барып кайтты.

Тегирмеч жайлоосуна кеткен жол.
Тегирмеч жайлоосуна кеткен жол.

Кара-Жыгачтын эли ал түндү дөң үстүндө, ачык асман алдында өткөрөт. Гүлсана байбиче эртеси наристе төрөлүп, ага Канышай деген ат коюлганын айтып отурду:

- Түндө мазар үстүндө жаттык, адам жыкжыйма. Саар туруп дайра жакты тиктеп отурабыз. Үйүбүзгө бара албайбыз. Кийин барсак, суу бизге жетпептир деле. Камал жезде, Жамал эже жолдун башында отурган. Камал жезде ары-бери басып атат. Ошондо Камал жезденин Алима деген кызы көз жарыптыр. Ошого ал кызды Канышай деп атаган. Камал жезде дүрбөлөң болуп жүрөт. “Эй ушунча кысталыш болобу? Алима төрөптүр”, - дешти ошол жердеги аялдар. Алиги чыптаны Камал жезде ошого тоскон экен.

Кара-Жыгачтын эли үч күн дүрбөйт. Гүлсана эже ошондо жасаган тандырды 15 жыл пайдаланат.

please wait

No media source currently available

0:00 0:12:23 0:00

Көл жырылганда Кара-Жыгачтын маңдайындгы Кара-Кыштак менен төмөн жактагы Алыш кыштагынан төрт кишини суу алат.

- Алышта Ашир деген мураб бар эле. Ката (чоң) кара аты бар эле. Ал аялы экөө эртеси күнү отун терип жүрүп сууга агышты. Кара-Кыштактагы Эркебай деген агай аларды кач деп жатып, өзү да сууга агып кетет.

Мындайда эл ичинде “ичер суусу түгөнгөн экен” деп коёт го. Көрөөр күнү бар экен, башка бир аял үч чакырым жерге агып барып, тирүү калат.

Ал окуя жөнүндө Үч-Коргон кыштагында жашаган Каримжан Мырзажанов аксакалдын эскерүүсү:

- Көл ачылгандан бир-эки күн мурда суу өтө көп келген. Өлагыштын этегинде Кадамжайдын (Кадамжай сурма комбинатынын) пионер лагери бар эле. Лагердин ашканасы чукурлукта дарыянын боюнда болгон. Бир ашпоз аял керебети менен Үч-Коргонго чейин агып келген. Азыркы оорукананын пас жагында (дарыянын боюнда) чайхана бар эмеспи. Ошо чайхананын маңдай жагында арал бар. Керебети менен түндө ошол аралга агып келип токтоп калган. Кызыл-Кыя аэропортунда Петро деген начальник бар эле. Орус киши. Ошол белине арканды байлап алып, аялды аралдан алып чыккан.

Тегирмеч көлүнүн кашатын жырган суу Үч-Коргон кыштагындагы мейманкана, Караван сарай дагы башка бир нече имаратты уй жалагандай жууп кетет. Сел келе жатканын үчкоргондуктарга өзбекстандык чабарман эскерткен.

- Өзбекстандык чабанбы же кой ферманын башчысыбы, айтор жүк тартуучу машинеде келатып: “Качкыла! Качкыла!” Суу келатат!” деп жарыя кылып, ылдый өтүп кеткен. Ал кезде Өзбекстан койлорун Алайдагы жайлоого чыгарчу эмес беле. Сел 1966-жылы 19-июлда келген. Биз 10-класста окучубуз. Үч-Коргонго Алыш тараптан келгенде көпүрөгө жакын сайдын боюнда Караван сарай бар эле. Майдан, Кароол жактан келген адамдар ат-арабасын, унааларын Караван сарайда токтотушуп, өздөрү да эс алып, анан базарлык кылышчу. Көпүрөдөн өткөндө оң жакта мейманкана, анын арт жагында мазар бар эле. Ал көрүстөн азыр да бар. Боёк, банка, чырак, челек, дагара жана башка темир-тезек саткан дүкөн да бар эле чоң короосу менен. Анан эки кабаттуу быткомбинат болуп, анын 1-кабатында наабайкана бар болчу. Ошо жерге суу топтолгон. Милийсакана эми гана курулуп бүтүп ачылган. Суу анын алдындагы наабайкананын ундарын агызып кеткен. Мейманкананын бетон пайдубалы гана калган. Караван сарай түбү менен жоголгон. Наабайкана жана быткомбинат бузулган эмес. Бактыга жараша кишилер аман калган.

Тилсиз жоо Өзбекстандын Кувасай шаарында турак үйлөргө олуттуу зыян келтирет.

- Кувасай жакка азыр барсаң, Парганага (Фергана) бурулган жайда бир көпүрө бар, - деп аяктады сөзүн 70 жаштагы Каримжан аксакал. - Ушу көпүрөнүн оң жагында эл жашачу. Бул үйлөрдүн баарын суу каптаган. Ошондон кийин ал жерде жашаган адамдарды башка жакка көчүрүп, үйлөрдү тегиздеп салышкан.

Жаңы Тегирмеч маалесиндеги 1970-жылдары курулган үйлөрдүн бири.
Жаңы Тегирмеч маалесиндеги 1970-жылдары курулган үйлөрдүн бири.

Мына ошондо Тегирмеч айылынын калкы 60 чакырымдай төмөн жактагы Валакыш талаасына көчүрүлүп, бүгүнкү Тегирмеч маалеси түптөлөт.

- Көл ачылгандан кийин көчүп келгенбиз, - дейт Сатар кызы Карамат байбиче. - Жарымыбыз бул жерге келдик, жарымыбыз Майданда калдык. Бул жердеги үйлөр 1966-жылы эле Тегирмеч айылы деп курула баштаган. Биз үйүбүздү бир жылдан кийин бүтүрүп кирсек керек. Калык акелер жана Акматали акенин балдары Майданда калып кетти. Тегирмечте эч ким калган жок.

Бүгүн дүпүйгөн кара бактуу Тегирмеч маалесинде 500дөй кожолук бар. Маале административдик жактан Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл өкмөтүнө карайт. Мааледеги 1966-жылы көл ачылып, тоо коюнундагы Тегирмеч айылын жалмап кеткенде туулган балдар элүүдөн ашкан. Алардын көбү ата-бабаларынын 60 чакырым алыста калган конуштарына барып келмейинче, сагынычы жазылбасын айтышат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG