Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:35

Тажикстан: иштен айдалган имамдар


Тажик имамдары.
Тажик имамдары.

Тажикстанда чет өлкөлөрдө билим алган имамдар иштен бошотулууда. Буга чейин алар жыл сайын аттестациядан өтүп турушу керек деген эреже киргизилген. Дин иштери боюнча комитетте чет жактарда мыйзамсыз окуган имамдар экстремизм менен радикализмге үгүттөшү мүмкүн деп чочулашат.

Тажик бийлиги дин кызматкерлери үчүн улам жаңы эрежелерди киргизип келет. Жылда аттестациядан өтүүгө тийиш дегенден тышкары атайын униформа кийип жүрсүн, сакалы бир тутам болушу керек деген көрсөтмө берилген.

Бирок чет өлкөлөрдө билим алгандарды иштен четтетүү чечими бир топ суроолорду жаратууда. Көптөрү "кызматтан алаарда ар бир имамды өзүнчө алып караш керек" дешет. Мисалы, Тажикстан уламалар кеңешинин төрагасы жана Дүйшөмбүдөгү борбордук мечиттин башчысы Саидмуккарам Абдукодирзода Исламабадда билим алганы менен, кызматын сактап калаары белгилүү болду.

«Биринчи эле экзамен тапшыртып, билим деңгээлин, ой жүгүртүүсүн билишсин», - дешет айрым динзарлар.

Дагы бирөөлөр бийликтин чечимин колдоп, «динди окугусу келсе, Тажикстандагы Ислам университетине киришсин» дешет.

Аткаминерлер бул саамалыкты түшүндүргөндө дал ошол чет өлкөлөрдүн жогорку диний окуу жайларында билим алып келгендер мечиттерде Тажикстанда тыюу салынган диний агымдардын – салафизмдин же Өзбекстан ислам кыймылынын, атүгүл «Ислам мамлекети» радикал уюмунун идеяларын көп жайылтаарын айтышат.

Быйыл жайында «Мусулман агайындары» кыймылына кирүүгө үгүттөгөн жети имам кармалган. Алардын алтоо Сауд Арабиядагы Ислам университетинин бүтүрүүчүлөрү болуп чыккан.

- Расмий маалыматтар боюнча бардыгы болуп мыйзам бузган 17 имам кылмыш жообуна тартылган, - дейт Тажикстандын Диний уюмдар башкармалыгынын жетекчиси Хусейн Шокиров.

Ал эми Дин иштери боюнча комитет өкүлдөрү мыйзамсыз жол менен, расмий эмес окуу жайларда билим алган же исламдын башка агымдарын окугандар гана кызматтарынан айдалып жатканын такташууда.

Чет жактан диний билим алууга каршы күрөш Тажикстанда 2010-жылы башталган. Ошондо чет өлкөлөрдөн мекенине 3,5 миңдей студент кайтарылган. Бийлик алар күмөндүү окуу жайларда окушканын, тажик жаштарына ал жерлерде «өөн идеяларды» үйрөтүп, экстремизге даярдашканын айтып келген.

Меккеге барган тажик зыяратчылары
Меккеге барган тажик зыяратчылары

Хусейн Шокировдун айтымында, бүгүн бул маселе эми жөнгө салынган:

- Диниятчы болом, чет өлкөдөгү диний окуу жайында билим алгым келет деген ар бир жаран, тиешелүү токтомго ылайык адегенде Тажикстандагы ошондой жайда окуп, аны чет жактан улантууга жолдомо алышы керек.

Бирок бир нече жыл мурда Тажикстанда бардык медреселер жана жападан-жалгыз ислам гимназиясы жабылган. Өлкөдөгү Ислам университети жылына 300дөй адис чыгарат. Бийликтегилер бул сан 4 миңге жакын мечитти кадр менен камсыз кылууга жетиштүү дешет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG