Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:36

Баткенден уурдалган жарандын дайыны чыкты


Баткен чек ара.
Баткен чек ара.

Өткөн жуманын соңунда Баткен районунун Тажикстан менен чектеш Достук айылынын тургунун «тажикстандык өнөктөштөрү уурдап кетти» деп жакындары милицияга, облус жетекчисине кайрылган.

Учурда 27 жаштагы Достук айылынын тургуну аткезчилик боюнча Тажикстанда кармалып турганы, териштирүү иштери жүрүп жатканы белгилүү болду.

Өткөн аптанын соңунда Тажикстанга барып, кабарсыз жоголгону айтылган 27 жаштагы Газыбек Мейлибаевди чогуу соода кылып жүргөн өнөктөштөрү «акчаңды алып кет» деп Тажикстандын аймагына чакырышкан.

Газыбек ошол бойдон үйүнө кайтып келген эмес. 9-июлда чек арадагы Достук айылынан «жыйынтык болбой жатат» деп 150дөй тургун облус жетекчиси менен жолугушуп, жардам сурап кайрылышты.

Газыбектин апасы Мухабат Темирбаева баласын «чек арадан Тажикстандын аймагына кимдир-бирөөлөр алып кирип кетти» дегенди угуп өз алдынча издөө иштерин да жүргүзүп, Тажикстандын аймагына барып сураштырып көргөнүн айтууда.

«Баламды бирөөлөр Тажикстанга колун кайрып алып кеткенин уктум. Анан ошол жакка барып, милициясына, чек арага, бажычысына кайрылдым. Эч ким билбейт экен. Бир топ жерди сураштырдым. Кабар болбоду. Анан милицияга арыз жаздык. Эми гана балам кармалып турганын билдим. Машинесине Тажикстандын номерин тагып коюшканын көрдүм. Балам менен жолуктурушкан жок».

Тажикстанда кармалып турган Газыбек Мейлибаевдин атасы короосуна тамеки топтоп, аны тажикстандык өнөктөштөрүнө өткөрүп турган. Бирок жүктү кошуна өлкөдөн тааныштары келип алып кетип турганын айтууда.

Сулайман Темирбаев тамеки аткезчилик товарына кире турганын билбегенин, жүктү чек арадан алып өтпөгөнүн билдирди:

«Менин балам мыйзамсыз иш кылган жок. Болгону тамекини үйгө топтоп, аны тажиктер алып кетип турчу. Ошол күнү акчаны алып кетүүгө чакырышкан. Тамеки - бул дыйканчылык товары. Тажикстанда анын аткезчилик товар катары эсептелерин билчү эмеспиз. Эми жардам сурап, облустук бийликке кайрылып жатабыз».

Тажикстанда кармалып турган Газыбек Мейлибаевдин жакындары жардам сурап облустук бийликке кайрылгандан кийин, тиешелүү кызматтар аркылуу такталып, Кыргызстандын жараны аткезчилик менен чек арадан товар ташуу боюнча укук коргоо кызматтары тарабынан Кожентте кармалып турганы такталган.

Элчилик аркылуу да аракет жасалып жатканын айткан облус жетекчиси Акрам Мадумаров бул иш мыйзам жолу менен гана чечилерин, жакындары менен жолуктуруу аракети жүрүп жатканын кабарлады:

«Биздин жарандын кармалышы боюнча маалыматтарды тактадык. Тажикстанда аткезчилик боюнча кармалып, териштирүү иштери жүрүп жаткан экен. Тажикстандагы элчиликке да маалымат берилди. Мыйзамдык жол менен бардык аракеттер көрүлөт. Жакындары менен жолуктуруу боюнча да сүйлөшүү жүрүп жатат».

Чек аралаш аймак тургунунун түшүнүксүз жагдайда кармалып, бир нече күндөн бери жакындарына кабар берилбей жатканы чек арадагы соода-сатыкка терс таасирин тийгизет, мамилени солгундатат деген пикирлер айтыла баштады. Мындайга акыркы учурда чек арада майда-барат чырлардын тынымсыз чыгып жатканы да себеп болгон сыяктанат.

Акрам Мадумаров.
Акрам Мадумаров.

«Эми ар бир өлкөнүн мыйзамдары, талаптары бар, - деди Акрам Мадумаров. - Бул бизде да бар. Аны бузган жаран ким экенине карабай жоопкерчиликке тартылат. Ар бир өлкө өз мыйзамдарын коргойт. Бул бир тараптуу эле болуп жатат деп түшүнбөш керек. Акыркы эки жумада биздин чек арада аткезчиликке аракет кылганы үчүн Тажикстандын эки-үч жараны кармалды. Тийиштүү чара көрүлүп жатат. Мамилелерди бекемдеш үчүн Тажикстандын Согди облусунун жетекчилиги менен тыгыз кызматташып, элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз. Аймакта чек аралардын такталып бүтпөй жатканы да бир аз маселе жаратып, жөнөкөй жарандар кээде чек араны так билбей маселе жаралып калган учурлар бар».

Чек арадан аткезчилик менен кармалганы кабарланган Газыбек Мейлибаевдин кандай шартта, канча жүк менен кайсыл жерден кармалганы тууралуу суроолорго Тажикстандын укук коргоо кызматтарынан расмий жооп келе элек.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG