Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:25

АКШ Адам укуктары боюнча кеңештен чыкты


АКШнын БУУдагы элчиси Никки Хейли жана мамлекеттик катчы Майк Помпео. Вашингтон, 19-июнь, 2018-жыл.
АКШнын БУУдагы элчиси Никки Хейли жана мамлекеттик катчы Майк Помпео. Вашингтон, 19-июнь, 2018-жыл.

Кошмо Штаттар Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Адам укуктары боюнча кеңешинен чыкты. Вашингтон өз чечимин бул кеңеш реформага муктаж болуп, Израилге карата такай бейтарап боло албай жатканы менен түшүндүрдү. Адам укуктары боюнча кеңештин төрагасы бул чечимди “өкүнүчтүү” деп баалады. Ал эми Израилдин премьер-министри тескерисинче кубаттады.

Вашингтон Адам укуктары боюнча кеңештен чыкканын Американын БУУдагы туруктуу элчиси Никки Хейли менен АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео экөө 19-июнда чогуу жарыялашты.

АКШнын БУУдагы туруктуу элчиси Никки Хейли. 15-май, 2018-жыл.
АКШнын БУУдагы туруктуу элчиси Никки Хейли. 15-май, 2018-жыл.

- Дүйнөдөгү эң адамкерчиликсиз режимдер көңүл сыртында калып, кеңеш болсо саясатташып, көңүлдү адам укуктары боюнча жакшы көрсөткүчтөрү бар мамлекеттерге буруу менен адам укуктарын бузуп жаткандардан жана алардын аракеттеринен алаксытууну көздөп жатат. Биз бир жыл мурун эскерткенибизге карабай эч кандай жылыш болбогонуна байланыштуу Кошмо Штаттар расмий түрдө Адам укуктары боюнча кеңештен чыгат. Бул биз адам укуктарына байланышкан өз милдеттенмелерибизден баш тартканыбызды билдирбейт. Тескерисинче, бул кадамга адам укуктарын мыскылдап жаткан эки жүздүү уюмдун бөлүгү болгубуз келбегени үчүн барып жатабыз, - деди Никки Хейли.

Ал ошондой эле кеңешти реформалоого жолтоо болгон айрым мамлекеттерди айыптады. Ал андай өлкөлөрдүн катарына Орусияны, Кытайды, Кубаны жана Египетти кошту.

Хейли менен кошо чыккан АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Адам укуктары боюнча кеңешти “маскаралыктын булагы” деп атады.

Майк Помпео.
Майк Помпео.

- Кеңешке адам укуктары жагынан абдан начар көрсөткүчкө ээ болгон Кытай, Куба, Венесуэла сыяктуу авторитардык мамлекеттер да мүчө. Түптөлгөндөн тартып эле кеңеш дүйнөдөгү башка мамлекеттерге салыштырмалуу Израилди сындаган резолюцияларды көп кабыл алган, - деди Помпео.

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху АКШнын акыркы жарыясын “эр жүрөктүк ” катары кубаттады, ал эми Адам укуктары боюнча кеңештин төрагасы Зеид Рад ал-Хусеин бул чечимди “өкүнүчтүү” деп баалады.

Өкмөттүк эмес 12 уюмдан турган топ, анын ичинде "Human Rights First", "Freedom House" жана "Save the Children" Помпеого кат жазып, бул чечимге байланыштуу өкүнүчүн билдирген. Аны менен катар катта Адам укуктары боюнча кеңештеги кемчиликтер боюнча кооптонуу жүйөлүү экени белгиленген.

"Ошентсе да бул кемчиликтердин бири да кеңештен чыгууга себеп эмес. АКШнын чыгып кетиши кеңештин чабал жактарын ого бетер күчөтөт", деп жазылат катта.

Өкүнүчүн билдиргендерге шаршембиде Кытай да кошулду. Ал эми Кытайдын мамлекеттик маалымат каражаттары "Кошмо Штаттардын адам укуктарын коргоочусу катары түзүлгөн элеси жоголгону баратканын" жазышты.

"Amnesty International" уюмунун баш катчысы Салил Шетти. 14-октябрь, 2016-жыл.
"Amnesty International" уюмунун баш катчысы Салил Шетти. 14-октябрь, 2016-жыл.

"Amnesty International" уюмунун башчысы Салил Шетти БУУнун кеңешинде өзгөртүүчү кемчиликтер бар экенин билдирүү менен Кошмо Штаттарды өз чечиминен кайтууга чакырды.

Вашингтон БУУнун Адам укуктары боюнча кеңеши алгач түзүлгөн 2006-жылы, мурдагы президент Жорж Буштун тушунда ага кошулуудан баш тартып, 2009-жылы мурдагы президент Барак Обаманын тушунда гана кирген болчу. Адам укуктары боюнча кеңештин курамында 47 мамлекет бар.

​"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG