Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
бейшемби, 9-апрель, 2020 Бишкек убактысы 06:32

"Сууга кеткен чыгымды башкалар да төлөсүн"


Таластагы Киров суу сактагычы.

Президент Сооронбай Жээнбеков Бириккен Улуттар Уюмунда Борбор Азиядагы суу-энергетика ресурстарын пайдалануу тажрыйбасынын жаңы ыкмаларын иштеп чыгуу зарылчылыгын айтып чыкты. Кыргыз парламентинде болсо кошуна өлкөлөргө суу сатуу маселеси кайрадан көтөрүлдү.

Кыргызстан өз ресурстарынын пайдасын канткенде көрө алат? Ушул ж.б. суроолорго “Арай көз чарай” берүүбүздөн жооп издейбиз.

Талкууга Жогорку Кеңештин депутаты Кенжебек Бокоев, Кыргызстандын Суу чарба департаментинин суу ресурстарын пайдалануу жана мамлекет аралык суу бөлүштүрүү бөлүмүнүн башчысы Акылбек Сулайманов жана суу-энергетика маселелери боюнча эксперт Жаныбек Оморов катышты.

“Азаттык”: Кенжебек мырза, сиз эки жылдан бери "Кыргызстан кошуна өлкөлөргө сууну сатышы керек" деп маселе көтөрүп келатасыз, кечээ да бул суроону кайрадан козгодуңуз. Бул маселени коюудагы негизги жүйөңүз эмнеде жана аны кандай жолдор менен чечүүгө болот?

Кенжебек Бокоев.
Кенжебек Бокоев.

Кенжебек Бокоев: Мен бул маселени үч жылдан бери көтөрүп жүргөнүмдүн себеби мындай: бүгүн өзүбүздүн дыйкандарга 10 тыйындын тегерегинде суу сатабыз.

Кээ бирлери бир гектар жерге миң сомго чейин төлөп жатат. Анан суроо туулат: биздин жарандарга сатып жаткан ошол эле сууну бир жыл бою чогултуп отуруп кошуналарга эмне үчүн бекер беришибиз керек? Сууну чогултуп, сактоого мамлекеттин эсебинен канчалаган чыгым кетип жатат?

Мисалы, Киров суу сактагычындагы 550 миллион куб сууну бир жылда чогултабыз. Ошол суу сактагычтын алдында 2 миң гектар жер жатат, ал эң баалуу, айдоо жерлер болчу. Ошончо жерди өздөштүрбөй зыян тартып жатпайбызбы! Сакталган суунун 88 пайызын Казакстанга бекер беребиз, Орто-Токой суу сактагычынын 92 пайызын Өзбекстанга бекер беребиз.

"Бекер берип жаткандан кийин анча сууну топтоонун Кыргызстанга кандай зарылчылдыгы бар?" деген суроону дайыма коем. Менин максатым – суу товар болушу керек. Мен парламенттин трибунасынан Айыл чарба министрлигине “"биз сууну беш жылдан кийин сата баштайбыз" деп кошуналарга айтып койгулачы” деп какшап айтып жатам, аларды айттыра албайм.

Менин жеке оюм: биз алардан газ, мунай, көмүрдү кандай сатып алсак, биз да аларга сууну ошондой сатышыбыз керек. Биринчи кезекте "суу сактагычтарды кармоого кетип жаткан чыгымдардын баары төлөгүлө" деш керек. Албетте, жөн эле агып жаткан сууну саткыла деген жокмун.

Биз Союз мезгилиндеги келишимдерден кетишибиз керек. Кыргызстан – эгемендүү мамлекет. Суу боюнча жаңы келишимдерге жетишүү зарыл. Ошондуктан бул маселеде президент саясий чечим кабыл алып, аны парламент сууну товар катары кароону колдоп бериши керек.

“Азаттык”: Акылбек мырза, чейрек кылымдан бери кошуна өлкөлөргө суу сатуу маселеси канчалык жөндүү, канчалык мыйзамдуу көтөрүлүп жатат? Бул маселеде азыркы өкмөттүн позициясы кандай?

Акылбек Сулайманов.
Акылбек Сулайманов.

Акылбек Сулайманов: Сөз башында депутат айткан "дыйкандар сууга үч тыйындан төлөп жатышат" деген сөзгө жооп берейин. Биздин дыйкандар сууну сатып алышкан жок, аларга сууну жеткирип берген кызмат үчүн гана төлөп жатышат.

2000-жылы кабыл алынган мыйзамда "суу товар болуш керек" деп жазылган. Бирок, мыйзамга ылайык, кошуналарда суу товар деп таанылышы үчүн мамлекет аралык келишимдер болуш керек, алар ратификациядан өтүшү керек. Азырынча биздин департамент буга чейинки макулдашууларга ылайык коңшу мамлекеттерге сууну бөлүштүрүп беребиз. Мисалы, Кыргызстандын түштүгүндө сегиз суу бөлүштүрүүчү объектиден кошуналарга суу беребиз, ошол жерлерден өзүбүз да алабыз.

“Азаттык”: "Кыргызстан суу сактагычтарга сууну топтоп, сактап берген чыгымдарды кошуна өлкөлөр эмне үчүн чогуу төлөшпөйт?" деген суроо коюлуп жатпайбы?..

Акылбек Сулайманов: Мисалы, 2000-жылы Казакстан менен макулдашууга ылайык Чүй-Талас суу бассейндериндеги чыгашалар үчүн алар бизге чыгымдарды кошо төлөшөт. Алар жылына 75 миллион теңгеге бизге суу объектилеринде оңдоп-түзөө жумуштарын жасап беришет. Суунун канча пайызын алса, ошого жараша акча төлөп жатышат.

“Азаттык”: Өзбекстанчы?

Акылбек Сулайманов: Өзбекстан менен андай келишим жок.

“Азаттык”: Жаныбек мырза, суу сатуу тажрыйбасы башка өлкөлөрдө барбы? Болсо алар кандай жолдор менен чечишкен? Деги суунун баасы кантип бычылат, ал кандай принциптерге таянат?

Жаныбек Оморов.
Жаныбек Оморов.

Жаныбек Оморов: Бул маселеде тажрыйба көп. Базар мамилеси өнүккөн мамлекеттерде атайын принциптер сакталат, тараптарга түшүнүксүз суроолор болбойт. Биринчиден, бул маселеде Кыргызстандын жигердүү позициясы керек.

Экинчиден, суу-энергетика жаатында кошуналар менен жаңы макулдашууларды кайра түзүшүбүз керек.

"Эмне үчүн суу товар, анын баасы канча?" деген суроолорго так жооп болушу зарыл. Агып жаткан суудан товар катары акча алуу туура эмес. Ошол сууну тосуп, топтоп, кайтарып, текшерип, тазалап жаткан утурумдук жана инвестициялык чыгымдар үчүн, ал жердеги башка кызмат көрсөтүүгө кеткен каражаттарды Кыргызстан так аныктап, эсептеп чыгышы керек, алардын баары төлөнүшү керек. Ошол чыгымдардын баарын агып жаткан сууга байлап, баасын чыгарып, кошуналарга коюш керек, алар да төлөсүн. “Сууга товар катары акча төлөгүлө” дей бергенден пайда чыкпайт. "Алар төлөбөй койсо, биз суу бербей коебуз" деген туура эмес, ал аймактагы саясий-экономикалык чыңалууга алып келиши мүмкүн.

(Талкуунун толук вариантын ушул жерден угуңуз)

"Сууга кеткен чыгымды коңшулар да төлөсүн"
please wait

No media source currently available

0:00 0:23:16 0:00
Түз линк
"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (16)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG