Түркиянын соту Стамбул шаарынын мэри Экрем Имамоглуну "бийлик өкүлдөрүнө акараат келтирди" деген айып менен эки жарым жылга эркинен ажыратты.
14-декабрда Стамбул шаардык соту Имамоглуну 2 жыл, 7 ай, 15 күнгө эркинен ажыратуу чечимин чыгарды. Азыр Стамбулдун мэри өз ордунда иштеп жатат. Бирок сот өкүмү күчүнө киргенден тарта кызматынан кол жууйт.
Түркиядагы эң чоң шаардын башчысы шаршембинин кечинде он миңдеген тарапташтарына кайрылып, соттун чечимин мыйзамсыз деп сыпаттады.
"Бул соттун чечими - Түркиядагы адилетсиздиктин далили. Бул чечим Түркияга демократия жана адилеттүүлүк сыяктуу баалуулуктарды алып келүүнү каалабаган адамдар тарабынан чыгарылган чечим", - деди Имамоглу.
Түркиядагы оппозициячыл партиянын лидерлери да Имамоглуга козголгон кылмыш ишин сындап жатышат.
Өлкөнүн экс-президенти Абдулла Гүл:
"Бүгүнкү соттун чечими бир эле Экрем Имамоглуга эмес, Түркияга каршы да чоң адилетсиздик. Элдин эрки баарынан өйдө турат. Жогорку сот бул катаны оңдойт деп ишенем", - деп Твиттерге жазды.
Бийликтеги АК партиянын өкүлү Бүлент Туран жергиликтүү маалымат каражаттарына курган маегинде Стамбулдун мэрине тагылган айыптоолорду четке какты.
"Биз саясий атаандаштыкка маани берген командабыз. Жергиликтүү соттун чечими бар. Бирок ал толугу менен бүтө элек. Саясий оппоненттерибизди кемсинткен билдирүүлөрдү жасабашыбыз керек", - деди ал.
Республикалык элдик партиянын (CHP) депутаты Сезгин Танрыкулу президент Режеп Тайып Эрдогандын саясий атаандашы делген Экрем Имамоглуга бут тосуулар болуп атканы айдан ачык деп кескин айыптап, Эрдоган өзү да кезинде түрмөгө отуруп чыкканын эске салды.
"Учурда укук системасы чайналып, атаандаштарды ачык эле саясий аренадан чететтүү болуп атат",- деди түрк депутаты.
Түрк лидери Эрдоганга чыккан сот өкүмүнүн төркүнү 1997-жылга барып такалат. Анда Режеп Тайып Эрдоган Стамбул шаарынын мэри болуп турган учурда, эл алдында ыр окуган. Ал ыр саптарында "элди кастыкка козуткан сөздөр бар" деген айып менен Эрдоган 10 айга эркинен ажыратылып, 1999-жылы төрт ай абакта отуруп чыккан.
Андан көп өтпөй Эрдоган 2001-жылы тарапташтары менен АК партиясын куруп, 2002-жылы өткөн парламенттик шайлоодо алдыга чыккан.
Ал арада Имамоглуга чегерилген жаза соцтармактарда кызуу талкууланып, серепчилер президенттик шайлоо алдында негизги оппоненттерди саясий аренадан чететтүү аракети болуп жатканына нааразы.
Эл аралык Freedom House бейөкмөт уюму Стамбул сотунун чечимин айыптады. Уюм Твиттерде "түрк шайлоочуларынын эркине шек келтирилип, демократиялык принциптер ачык айкын бузулууда" деген билдирүү жарыялады.
Human Rights Watch уюмунун өкүлү Том Портаус Стамбулдун мэрине тагылган айыптын саясий өңүтү бар деп басым жасайт.
"Имамоглуга чыгарылган өкүм түрк өкмөтү шайлоо жакындаган сайын оппозициянын негизги фигуранттарынын оозун жабууга даяр экенин көрсөтүп турат", - деп жазды Портаус.
Бейшемби күнү да Имамоглунун тарапташтары мэриянын башкы имаратынын астында митинг өтөрүн кабарлашууда. Бул митингге негизги оппозициячыл блоктун алты лидери катышаары күтүлүүдө.
17 миллиондой калкы бар Стамбулду 24 жылдан бери колунан чыгарбай келген башкаруучу АК партия 2019-жылкы шайлоодо калаадан кол жууган. Анда 52 жаштагы Экрем Имамоглу атаандашы - мурунку премьер министр Бинали Йылдырымды - 800 миңден ашык добуш менен жеңип чыккан.
Имамоглу Стамбулду жетектегенден бери бийликти сындаган сөздөрүн токтоткон эмес. Ал шаршембидеги митингде сөз сүйлөп жатып, "Стамбул шаарындагы жеңишибизди 2023-жылы Түркиядагы президенттик шайлоодо улантабыз" деп билдирген.