Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:39

Токмоктон качкандар токойдон кармалды


Токмок шаары.
Токмок шаары.

1-май күнү эртең менен Токмок шаарынын убактылуу кармоочу жайдан качып кеткен, кылмышка шектүү үч улан шаардын четиндеги токойдон кармалды.

Оор кылмыштарга байланыштуу айыпталып жаткан өспүрүмдөр кандай жагдайда качканы азырынча айтыла элек. Ушул тармакты жакшы билген адистер бул окуяга милиция кызматкерлеринин шалаакылыгы себеп болгонун белгилеп жатышат.

Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматына караганда, карактоо, уурулук жана киши өлтүрүү боюнча шектүү катары кармалган үч өспүрүм убактылуу кармоочу жайдан бүгүн таңкы саат 7лерде качып кеткен.

Маалымат алгач чыкканда шектүүлөр саат 10го чукул качышканы айтылган. Облустук милиция аларды издөө боюнча “Сирена” планын жарыялап, Чүй милициясы түп көтөрүлө качкандарды издеди.

Облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Назира Имангазиева кылмышка шектүүлөр кечки саат төрткө чукул токойдон табылганын кабарлады:

- Токмоктогу убактылуу кармоочу жайдан камакка алынган үч өспүрүм качып кеткен. Аларды кармоо боюнча "Сирена" планы жарыяланып, ыкчам издөө иштеринин натыйжасында алар Токмок шаарынын четиндеги токойдон кармалды. Азыркы учурда керектүү иштер жүргүзүлүп жатат.

Кылмышка шектүүлөрдүн сүрөтү.
Кылмышка шектүүлөрдүн сүрөтү.

"Убактылуу кармоочу жайдан качты" деген балдар 16-17-18 жашта. Үчөө тең Токмок шаарында төрөлгөн. Алар - 2002-жылы туулган Руслан Юсупахунов (Кылмыш-жаза кодексинин 172-беренеси ("Автомобилди же башка автомототранспорт каражатын укукка жат түрдө ээлеп алуу") боюнча шектүү катары кармалган), 2000-жылы туулган Леонид Ворончихин (164-берене, "Уурулук") жана 2001-жылы туулган Анатолий Порошкин (97-берене ("Киши өлтүрүү") боюнча шектүү катары кармалган).

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси ("Эркиндигинен ажыратуу жайынан же камактан качуу") менен кылмыш иши козголду.

Милиция кылмышка шектүүлөрдүн кандай жагдайда качканы тууралуу комментарий бере элек. Тартип коргоо органдары тергөө-териштирүү иштери аягына чыккандан кийин гана толук маалымат бериле турганын билдирип жатышат. Маалымат каражаттары булардын айрымдары мурда да соттолуп чыкканын жазышты.

Бул тармакты жакшы билген адистер окуя милициянын ишиндеги кемчиликтерди жана тартиптин, көзөмөлдүн жоктугун ашкере кылганын белгилеп жатышат.

Мурдагы ички иштер министри, Жогорку Кеңештин депутаты Зарылбек Рысалиев мында милициянын шалаакылыгы себеп болгон деп эсептейт:

- Кандай болгон күндө деле бул шалаакылык. Же алдын ала сүйлөшүп алган, бир кызыкчылык бар. Андан башка эч нерсе жок.

"Кылым шамы" укук коргоо уюмунун жетекчиси Азиза Абдирасулова Токмоктогу тергөө абагынын абалы менен жакшы тааныш экенин айтты. Бирок ал абактан качып кетүү мүмкүн эмес болчу деп эсептейт.

Укук коргоочунун айтымында, убактылуу тергөө абагы милиция бөлүмүнө жармашып тургандыктан чыккан адам ошол мекеме аркылуу өтөт. Укук коргоочу кылмышка шектүү балдарды милиция тергөө үчүн алып чыгып, ошол жерден качырып жибериши ыктымал деп шектенип жатат:

Азиза Абдирасулова.
Азиза Абдирасулова.

- Аларды райондук милициядан качырып жиберип, анан "убактылуу тергөө абагынан качты" деп жатышы да мүмкүн. Бирок убактылуу кармоочу жайдан качышы мүмкүн эмес. Мен муну ошол убактылуу кармоочу жайларды кыдырып, барып, көрүп жүргөн адам катары айта алам. Ал үчүн сырттан туннел кылып казып келиш керек же сырттан дубалды бузуш керек, же эшиктерди бирөө ачып бериши керек. Ал эми сейилдеткен жердин үстү жагы да майда арматура менен тосулган. Ал жактан качса деле үч темир эшик аркылуу өтөт. Ал жактан чыккандан кийин милиция бөлүмү аркылуу чыгат, башка чыга турган эшик жок.

Мурдагы ички иштер министри Кеңешбек Дүйшөбаев мында дароо эле милицияга күнөө коюу эрте экенин айтканы менен кылмышка шектүүлөрдүн эркиндикте жүрүшү коомчулукка коркунуч алып келээрин эске салды. Дүйшөбаев буга шарт түзгөн жагдайларды иликтеп, чара көрүү зарыл деп эсептейт:

- Андай нерселер дайыма эле болуп келген, дагы эле боло берсе керек деп ойлойм. Анткени бизде эле эмес, бардык мамлекетте болуп жаткан көрүнүш. Анын себеби ар кандай болуп калышы ыктымал. Милиция тараптан кетиши мүмкүн, бирөө жардам берип шарт түзүп бериши мүмкүн. Жыйынтыгына карап чара көрүш керек.

Бул убактылуу тергөө абагынан кылмышка шектүүлөр качкан биринчи окуя эмес. Былтыр ноябрда Сокулук райондук милициясынын тергөө абагынан Кылмыш-жаза кодексинин “Каракчылык” жана “Киши өлтүрүү” беренелери менен айып тагылып жаткан төрт киши качып кеткен.

Алар эки-үч күндөн кийин табылган. Окуяга байланыштуу Сокулук райондук прокуратурасы иш козгоп, эки милиция кызматкери камакка алынган. Райондук милиция жетекчилери кызматтан бошотулган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG