Линктер

жума, 15-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 20:16

Белгилүү көркөм сөз чебери Калкамбай Ашымбаевдин "Батакөй чал", "Бой тумар", "Акылдын каухары" деген китептери окурмандардын кызыгуусун арттырууда. 85 жаштагы автор улуттук философиянын урунттуу учурларын камтыган эмгектерин жаштар аудиториясында сындан өткөрүп, жаңы муунга карыялык насаатын айтууда.

Калкамбай Ашымбаев - отуздан ашуун китептердин автору. Кийинки кездери кара сөз чебери улуттук каада-салт, чечендик өнөрдүн барк-баасын арттырган афсаналарды арбын жазып, чыгармачылыгынын жаңы багытын ачууда.

“Азаттык”: Калкамбай аба, мурда "жазуучуларыбыз көп" дечү элек, эми алар жазбай кетти. Анын себебин элдин китеп окубай жатканына байланыштырып келишет. Мунун себеби китеп окубай калгандан уламбы же башка жагдайы барбы?

Маркестин сыйкырдуу реализминин табышмагы

Сантос Нобел сыйлыгына татыган Колумбиянын экинчи өкүлү. 1982-жылы жазуучу Габриэл Гарсиа Маркес адабият боюнча сыйлыгын алган.

Ашымбаев: Бул бүгүнкү күндөгү оор маселе. Биздин адамдардын жан дүйнөсү жакырланып, майдаланып баратат, эмне себептен алар ошондой болуп жатышат, кеп ушунда. Элдин баары акча санап, эптеп күн өткөрөлү деп калышты.

Ошондон улам китепке, башка нерселерге да көңүл бурбай калышты. Акча болгон жерде, акчага күнүң түшкөн жерде адамдар өлүү дүйнөгө кул болуп майдаланып калат экен.

Мына, көрүп атасың, чоң тойлорду беришет, "бар бол, бай бол, миллионер бол", дешет, "адам бол" дешпейт. Биздин кунарлуу сөзүбүздү баккан карыларыбыз да оо дүйнө кетишти.

Кыргыз элинин наркын, салтын сактаган адамдар аз калды. Ар кандай мыйзамдан биздин элдин каада-салты, наркы бийик турат. Байыртан бери элди кармап келген өзүнчө касиет бар болчу. Ошол ыдырап кетти. Китеп окуган адамдар анча-мынча эле. Көпчүлүк буга көңүл бурбай, нукура сөздөн да ажырап калды. Жалаң эле чарбанын, сооданын сөзү, алыш-бериштин сөзү, очок башындагы ойлордон жогорулай албай калды.

Немистин Лодж деген топографы "Кыргыз" деген карта тарткан экен. Ошол картаны карап турсаң бир жагы Тынч океандан бир жагы Кара деңизге чейин чалкып жатат. Кыргыз улуу ой, улуу сөз менен мамлекетин кармап келген.

Калкамбай Ашымбаевдин эмгектери
Калкамбай Ашымбаевдин эмгектери

“Азаттык”: Калкамбай аба, атаңыз чоң манасчы, болгондо да үчилтикти толук айткан манасчы болгон экен. Мынабу жорго сөз, учкул сөз сизге кайдан келди?

Ашымбаев: Бул дагы тегибизден болот экен. Кайду Сопуев деген чоң атам бар эле. Бул алп жомокчу болчу. “Манасты” жорго тилге салып, ырдап да айтчу.

Кайду чоң атабыз Болоттун уулу Назардын аткошчусу болуп жүргөн. Ал чоң талант болгондон кийин тегерегиндегилер, атам да ошол кишиден таалим алып, Чоюке баш болуп биригишкен. Бизде Арык уругунун Сейитказы тукуму, ошондон бир канча манасчылар чыгып, бири-бирине оошуп турган.

Ал убакта театр да жок, көңүл ача турган нерсе эле “Манас” болгон экен. "Башканы коюп "Манасты" айт" деп. Атам айтып калар эле, ""Манасты" Чоюкеден үйрөндүм, Кайдудан үйрөндүм" дечү. "Нартайдан, башкалардан үйрөндүм" дечү. Ушулардын баарын айтчу. Анан чоң энем: “Жалгыз жаның бар, барып аксакалдардан бата ал", - дечү.

Жумшай берчү, ар бир эле үйгө жумшай берчү. Көрсө энем башкалардын акылын алсын, батасын алсын деген экен. Ал убакта эл жөн сүйлөбөй, ыр сыяктуу куюлуштуруп сүйлөшчү. Айылыбызда сөзмөр беш-алты киши бар эле. Мен ошолордон бата алып, сөздөрүн угуп жүрдүм.

(Маектин калган бөлүгүн мына бул жерден угуңуз)

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" интернет-редактору, журналист, публицист, тилчи жана котормочу. Бир нече китептин автору. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG