Линктер

ишемби, 16-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 03:50

Осмонаалы Сыдык уулу - куржун асынган тарыхчы


2013-жылы Осмоналы Сыдык уулунун “Мухтасар тарых Кыргызия” китебине 100 жыл” аттуу иш-чарада тартылган сүрөт.

Дүйнө тарыхында илим үчүн өмүрүн сайып, ал үчүн нечен азап-тозокторго чыдаган, керек болсо турмуштун нечен жыргалчылыктарынан аша кечкен инсандар ондоп кездешет.

Маселен, байыркы кытай тарыхчысы Сыма Цянь “Тарыхый баяндар” аттуу эмгегин (байыркы кыргыз мамлекети тууралуу эң биринчи маалымат ошол китепте камтылган) аягына чыгарыш үчүн өзүн бычтырганга да макул болуп, кийин “Күнчыгыш Геродоту” деген атка конгон. Өлүмдөн да коркпой, илимий чындыкты сүйлөгөнү үчүн Жордано Бруно отко өрттөлгөн, илимий көз караштары үчүн Николай Вавилов атылып кеткен. Ал эми илимий ишмердиги үчүн сот жообуна тартылып, өмүр бою азап тарткан окумуштуулар биздин Кыргызстандын тарыхында деле көп кездешет. Бирок ошолордун арасында бир инсандын өмүр жолу башкалардан таптакыр айырмаланып турат. Анан калса жонуна китеп салган куржунун көтөрүп, илимдин артынан түшкөн, ошентип жер кезип жүрүп ээн жер, эрме чөлдө дүйнө салган адам бирөө эле болсо керек. Ал адам - Осмонаалы Сыдык уулу эле...

Тарых тактыкты сүйөт

Улуу кыргыз каганаты Барсбек өлгөндөн кийин, Х кылымдын 840-жылы пайда болгон. Бул мезгилде кыргыздар Уйгур каганатынын курамынан чыгып, өз алдынча кубаттуу державаны негиздеген.

Осмонаалы Сыдык уулун же Сыдык молдону биз демейде кыргыздын биринчи тарыхчысы деп келебиз. Ал туура. Чынында да кыргыз элинин тарыхын, айрыкча санжырасын биринчилерден болуп кыргыздын тилинде, оозеки эмес, кагаз бетине жазууга аракетин кылган атактуу Сыдык молдо ушул киши болгон. Бирок Осмонаалы Сыдык уулу санжырачы же куйма кулак эле эмес, акын да болгонун, эң биринчи жазгыч, агартуучу, күрөшчү да болгонун баса белгилешибиз керек. 1913-жылы Уфа шаарында “Мухтасар тарых-и Кыргызия (“Кыргыздардын кыскача тарыхы”), ал эми 1914-жылы болсо - “Тарых-и кыргыз Шадмания” (“Шабданга багышталган кыргыз тарыхы”) деген эмгектерин ал кара сөз менен, тең жарымына жакынын ыр менен жамактатып жазган. Эң негизгиси – кыргыз элинин түпкү тегин сүрүштүрүп, качан пайда болуп, кантип бир эл болгонун, кай жерлерде жашап, кандай узак жол басканын тапкысы келген кайраткер окумуштуу адам болгон.

Колума калем алдым, тарыхты жазмак үчүн,

Туугандарымды курдаштарым билсин үчүн.

Бул тарых жазылды кыргыз үчүн,

Кыргызды кыйла калктар билсин үчүн, – деп баштайт ал кыргыз санжырасын жазаардан мурун.

Баса, «кыргызды кыйла калктар билсин үчүн» деген идея же максат Сыдык молдонун кыргыз тарыхын жазууга киришкенинин негизги себеби болгон десек туура болот го. Баса, бул сөздүн төркүнү эмнеде эле?

Кочкор районунун Кызыл-Дөбө айылында 1875-жылы туулган Сыдык молдо жаштайынан илим менен билимге кызыгып, эртелеп сабатсыздыгын жоюп, адегенде Токмокто, андан соң Бишкекте, кийинчерээк Бухара менен Уфада билим алган экен. Албетте, ал кездеги медреселер негизинен ислам дининин негиздерин окутуп, бирок башка илимдерди, айрыкча табигый илимдерди окуткан эмес. Ошондуктан динияттан тышкаркы илим-билимди жаштар өздөрү издеп таап окуп, өздөрү билимин өркүндөткөн.

Айтууга караганда, жаштайынан намыстуу, бир чети өжөр, максатына жетиш үчүн эч нерседен кайра тартпаган Осмонаалы Сыдык уулунун кыргыз тарыхын, санжырасын жазууга кызыкканы Уфа менен Бухарада окуп жүргөндө башталыптыр. Сыдык молдо кыргыздын тарыхы, баскан жолу тууралуу китеп же кол жазма табыш үчүн көп эле аракет кылып, ХХ кылымдын башында Кашкарга да барган экен, бирок кыргызча, татарча, өзбекчеден башка тил билбегендиктен жарытылуу эч нерсе таба албаптыр. Айтор, кыргыз элинин эң эле эски, байыркы эл экенине бөркүндөй ишенген Сыдык молдо үчүн бир да факты материал таппаганы анын ар-намысына аябай катуу тийген эң ачуу чындык болгон окшойт. Андан да катуу арына тийген нерсе – чогуу окуган курбу-курдаштарынын айткан сөздөрү эле. Нечен жолу «кыргыз байыркы эл экени чын болсо китептен көрсөт» деп башка улуттун балдары жарга такаганда намысына келген Сыдык молдо чогуу окуган өзбек же татар жаштары менен кадимкидей жаңжалдашканга чейин жетип, кээ бирлерин колундагы чөмүчү же табагы менен кубалачу экен.

Бирок тарыхты жаңжалдашып жүрүп далилдеш кыйын маселе го, ошондуктан Осмонаалы Сыдык уулу "кыргыз тарыхы тууралуу жазылган китепти сөзсүз табам, таппасам ал китепти өзүм жазам" деп максат коет. Керек болсо бүт өмүрүн кыргыздын тарыхын чечмелегенге, издегенге арноону чечет. Бул болжол менен ХХ кылым жаңы башталган кездер эле. Ошондо Сыдык молдо жашы отузга чукулдап, кемелине келип турган кези экен. Бирок ал алдыда кандай каардуу замандар келатканын, аны, анын үй-бүлөсүн кандай тагдыр күтүп турганын, билимдин, тарыхтын артынан түшкөн өмүрү акыр-аягында кандай кейиш менен бүтөөрүн билди бекен? Билбеди го...

Ошентип, Осмонаалы Сыдык уулу же Сыдык молдонун куржун көтөргөн саякаттары, тынбай жер кезгени, Токмоктон Бишкекке, Бишкектен Кытайга, андан Уфага, Уфадан Бухарага барганы, бирде Кыргызстандан Кытайга ашса, бирде ал жактан Кыргызстанга оогон турмушу башталат. Бир нече жолу кадимкидей өлүмдөн калат. Октябрь революциясын 37 жашында тосот. Бирок илим-билимдүү молдо атыккан Сыдык молдо Совет өкмөтүнөн чеке жылытаарлык деле жакшылык көрбөйт. Ар качан өз оюнан кайра тартпаган, Орусиянын Орто Азия калктарына жасаган мамилесин жактырбаган Сыдык молдо Совет өкмөтүнүн саясатына анча деле ичи чыкпайт. Анан калса Сыдык молдо динаятчыл адам эле, ал эми дин туткан адамдарга Совет өкмөтү кандай мамиле кылганы бештен белгилүү. Экинчи жагынан, Сыдык молдо Шабдан баатыр сыяктуу “бай-манап”, “эзүүчү тап”, “буржуазия”деп аталган топко кирген адамдар тууралуу бирден-бир китеп жазган киши эле. Бул да анын Совет бийлиги менен ымалалаш болушуна тоскоол болгон.

Ошентип жүрүп, акыры Осмонаалы Сыдык уулу Совет өкмөтүнүн да куйругун басып, 1930-жылы түз эле атууга өкүм болгон экен. Кызык жери, атууга өкүм болгондон кийин эмнегедир жаңы бийлик аны Ташкенге алып жөнөгөн. Ошондо дале болсо кайраттуу, кеминде бир кишилик алы-күчү бар Сыдык молдо айдап келаткан конвойлорду бычак менен сайып өлтүрүп, качып кетет. Качканда да түштүк Кыргызстанды көздөй качып, андан ары Кытайга ашууну ойлойт. Качып бараткан жолдо, тактап айтканда, Сөөктүн ашуусунда (Өзгөн менен Кара-Кулжанын башы) кадимки Жаныбек казы менен кездешет. Молдонун аты-жөнүн билбеген басмачылар аз жерден атып сала жаздаганда, анын өмүрүн корбашы сактап калат. Ошентип 1930-жылы Сыдык молдо Кытайга кайра барат.

Канткен менен ичээр суусу, көрөөр күнү бар экен, молдо Кытайда да окумалдыгын токтотпой, мектептерде бала окутат, кыргыз тарыхын, санжырасын изилдөөнү токтотпойт. Жонунда куржуну, колунда таягы, оюнан кыргыздын тарыхы, санжырасы чыкпаган Сыдык молдо жер кыдырып, илим менен билим издеп жүрүп, акыры 1942-жылы Кытайда каза болгон экен. Бир маалыматтарда Хотан шаарына жакын жерде (Такла-Макан чөлү) каза болгону айтылса, кээ бир булактарда Кулжанын тегерек-четинде дүйнө салганы кабарланат. Кай жерге көмүлгөнү, ким көмгөнү, кандайча кырдаалда жерге берилгени тууралуу эч бир маалымат жок. Кытайда жүрүп жазган эмгектеринен да дайын жок...

Менде жок арманды айтаар тууган досум,

Жана да өнөр билген жан жолдошум,

Кантейин, жаратканга айтаарым бар,

Артымда атымды айтаар элим болсун,-- деген экен атактуу Толубай сынчы заманынан эрте туулуп, баркына жеткен эч ким болбогонуна арман кылып. Анын сыңары Осмонаалы Сыдык уулу да ошентип илимдин артынан түшүп жүрүп, кыргыздын тарыхын табам деп нечен азаптарды тартып, куулуп-сүрүлүп, акыры ээн талаа, эрме чөлдө жарык дүйнө менен кош айтышкан экен.

Бирок анын эмгегин баалап, атын унутпай турган, кадырлап-барктай турган эли-журту бар экен, акыры Сыдык молдо өзүнө татыктуу баасын алды. Бир нече жолу ага арналган конференциялар өттү, китептери Кыргызстанда да, Кытайда да кайрадан басылды. Сыдык молдо кыргыздан чыккан биринчи тарыхчы жана санжырачы катары тарыхка кирди.

Осмоналы Сыдык уулунун “Мухтасар тарых Кыргызия” китебине 100 жыл” аттуу иш-чара тууралуу видеотасма. 16-январь, 2013-жыл

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG