Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:48

Иран оппозициясы нааразылык жыйындарды өткөрдү


YouTube'дагы сүрөттө: ирандык режимге каршы нааразылыгын билдирип чыккандарга таандык деп жоромол кылынган демонстрация. Тегеран, 11-февраль, 2010-жыл.
YouTube'дагы сүрөттө: ирандык режимге каршы нааразылыгын билдирип чыккандарга таандык деп жоромол кылынган демонстрация. Тегеран, 11-февраль, 2010-жыл.

Иран бийлиги оппозициянын тарапкерлери өткөргөн демонстрацияларды күч менен таркатты. Кечээ (11-февралда) өлкөдө Ислам ыңкылабынын 31 жылдыгы белгиленген. Бул аралыкта Ирандын мурдагы шахынын баласы оппозициядагы “жашылдар” кыймылына колдоосун билдирди.

1979-жылкы Ислам ыңкылабынын күнү алдында ирандык өкмөт “жашылдар” кыймылына, башка оппозиционерлерге майрамдык иш-чараларга тоскоолдук кылбоону эскертип келгени менен, расмий демонстрация менен катар антиөкмөтчүл күчтөр да чогулуп, нааразылык митинг өткөрүштү. Полиция, бийликти жактагандар аларга кол салып, бир нечесин сабап кетишти.

Тегеран шаарынын тургуну демонстранттарга каршы жаш чыгаруучу газ колдонулганын айтат:

- Бир нече жолу газ чачыратышканын уктум. Өкмөтчүл демонстранттар каршы тараптагыларды союл, чынжырлар менен сабап жатышты. Жарадар болгон, канжалаган адамдарды көрдүм. Бирок кимдир бирөө октон жарадар болгонун көргөн жокмун, башкалардан да уккан жокмун.

Кагылышуулар президент Махмуд Ахмадинежад сүйлөп жаткан кезде орун алды.

Ахмадинежад жогору байытылган уран өндүрүлгөнүн айтып, Иранды “өзөктүк (ядролук) мамлекет” деп жарыялады:

- Жараткандын жардамы менен илимпоздордун көзөмөлү алдында 20 пайыз байытылган уран өндүрүү жараяны башталды.

Өкмөт майрам алдында Интернетти пайдаланууга жана чөнтөк телефон менен кат алышууга тоскоолдук түзүп келди.

Буга карабай оппозиция активисттери демонстрациялардан тартылган видеотасмаларды туш тарапка жиберип турушту.

Нааразылык чаралары Ирандын башка жерлеринде да өттү.

Шираз шаарында “жашылдар” кыймылынын 20 чакты мүчөсү камакка алынганын атын атабаган студент “Азаттыкка” маалымдады:

- Өкмөтчүл күчтөр жаш кызды сабап жатышты. Башкалара кыйкыра баштаганда гана аны койо беришти. Анан мага келип, “мойнуңдагы жашыл шарф менен муунталыбы”, деп коркутушту.

1979-жылы 11-февралда Ирандын шахы Мухаммед Реза-шах Пехлеви (1919-1980) тактысынан кулатылып, бул элдик ыңкылаптын жемишин айатоллалар өзүнө ыйгарып, өлкө Ислам жумурияты болуп түзүлгөн.


Революциянын жылдыгынын алдында шахтын улуу уулу, 1960-жылы туулган Реза Пехлеви “Азаттыкка” интервью берип, “жашылдар” кыймылына өз колдоосун билдирди.

"Бийликтин кан төгүүсүз, тынч өткөрүлүшү үчүн коопсуздук күчтөрү оппозицияга кошулууга тийиш", - деди Пахлави.

Ал 1978-жылы АКШга окууга кетип, ошол бойдон мухиттин ары жагында калган.

Кээ бир ирандыктар аны азыркыга чейин "шах" деп эсептешет.


Тасма (2009-жылкы архив). Бишкектеги Иран элчилигинин алдындагы пикет


Бишкектеги Иран элчилигинин алдындагы пикет
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:35 0:00



Кыргызстандагы айрым бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү Иранда нааразылык билдирип чыккан элге бийлик тарабынан күч колдонулганын кескин айыптап, 2009-жылы 27-июнда Бишкектеги Иран элчилигинин имаратынын жанында нааразылык иш-чара өткөрдү.
("Азаттыктын" архивинен).

XS
SM
MD
LG