Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:03

Иран: Сопулар менен коопсуздук күчтөрү кагылышты


Сопулар менен полициянын кагылышуусу учурундагы башаламандык. 19.2.18.
Сопулар менен полициянын кагылышуусу учурундагы башаламандык. 19.2.18.

Тегеранда 19-февралдагы сопулар менен укук коргоо кызматкерлеринин кагылышуусунан алты адам каза таап, 300дөй киши кармалды. Бул окуядан мерт болгондордун бешөө коопсуздук күчтөрүнүн өкүлдөрү экени кабарланды.

Ирандын баш калаасы Тегерандагы сопулар (суфийлер) менен полициянын кагылышуусу учурунда тартылган видео тасмалар интернетте дале талкуу жаратып жатат.

Дүйшөмбүнүн кечинде башталып, шейшембиде да уланганы кабарланган бул окуядан коопсуздук күчтөрүнүн беш өкүлү каза тапканын полиция 20-февралда бышыктады.

"Дервиштер" деген атка конгон "Гонабади Сопулары" тобунун мүчөлөрү башкалаанын түндүгүндөгү нааразылык иш-чарасы маалында тутанган кагылышта жок дегенде бир мүчөсү каза болгонун маалымдашты.

Социалдык түйүндөрдө тараган маалыматтарга ылайык, сопулук агымга таандык дервиштер бул диний-философиялык уюмдун мүчөсүнүн кармалышына каршы чыгып, полиция бөлүмүнүн жанына чогулушкан.

Интернетке чыккан жана мамлекеттик телеканал көргөзгөн видеодо бир автобус полиция кызматкерлерин барып сүзгөнүн көрсө болот.

"Азгырылган адамдар жана бул өлкөнүн коопсуздугуна каршы тургандар Тегеранга чогулушуп, автобус менен шайтандын ишин кылышты. Бул окуядан үч полициячы шейит кетти", - деп билдирди Ирандын мамлекеттик телеканалына полициянын басма сөз катчысы Саид Мунтазир Алмахди.

Мындан көп өтпөй Иран полициясы "Революция сакчыларынын" куралдуу күчтөрү менен байланышы бар "Басиж" уюмунун эки мүчөсү да өлгөнүн билдирди.

Тегерандагы кагылышуудан кийин автобустун айдоочусу баш болгон 300дөй адам кармалганы кабарланды. Бирок полициянын бул маалыматын көз карандысыз булактар аркылуу тастыктоо мүмкүн боло элек.

"Гонабади Сопулары" тобунун 90 жаштагы лидери Нурали Табандехти колдогондор маал-маалы менен анын Тегерандагы үйүнүн жанында тынч нааразылык акциясын уюштуруп келишет. Алар Табандехти полиция кармап кетиши мүмкүн деп кабатырланышат. 19-февралдагы нааразылык акциясына сопулардын бир мүчөсүнүн кармалышы себеп болгон.

"100дөй полиция кызматкери дервиштерге чабуул коюп, ок атты. Биз өз коопсуздугубузду ойлодук жана өз лидерибизди коргодук. Биз аны кашык каныбыз калганча коргойбуз", - деп соңку иш-чарага катышкан Касра Ноури "Фарда" радиосуна билдирди.

"Гонобади Суфи" тобунун Тегерандагы жыйыны, 2014-жыл.
"Гонобади Суфи" тобунун Тегерандагы жыйыны, 2014-жыл.

Исламдын "сырдуу бутагы" деп мүнөздөлгөн сопучулук Иранда мыйзамсыз деп таанылган эмес. Бирок укук коргоочулар Иран бийлигин сопуларды, анын ичинде алардын ири тобу саналган "Гонабади Сопулары" тобун басмырлайт деп сындап келишет.

"Ирандын режими элдин көңүлүн өзүнө бура алган уюмдарга же партияларга сабырдуу мамиле кылбайт. Өкмөт өзгөчө социалдык жана саясий маселелерди козгогон жыйындардан коркот. Айрым учурда диний маселелер да аларды кабатырлантат. Анткени сопулар исламды өз алдынча талдап келишет эмеспи", - дейт Европада жашаган ирандык саясат талдоочу Реза Хагигатнежад.

Баш кеңсеси Нью-Йоркто жайгашкан "Ирандагы адам укуктарынын борбору" аттуу уюм соңку эки айда Иран бийлиги бир нече дервишти кармаганын кабарлаган.

2017-жылдын март айында Бириккен Улуттар Уюмунун Иран боюнча атайын баяндамачысы шийилер басымдуулук кылган бул өлкөнүн бийлиги сопу топторун бутага алганын, "улуттук коопсуздукту" жүйө кармап, аларды кармап жатканын билдирген.

Сопулар менен полициянын соңку кагылышуусу тууралуу Ирандын жогорку бийлик өкүлдөрү үн ката элек. Бул өлкөдө өткөн жылдын декабрь айынын соңунда жана быйыл январдын башында өкмөткө каршы ири нааразылык акциялары өтүп, анда кеминде 22 адамдын өмүрү кыйылган. 1500дөн ашык демонстрант камакка алынганы белгилүү болгон.

Алгач азык-түлүк бааларынын кымбатташынан тутанган бул митингдерде "Диктаторго өлүм!" деген сыяктуу саясий чакырыктар да айтылган. Иран бийлиги бул соңку нааразылык чараларына сырткы күчтөр шыкак берди деп билдирген.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG