Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:53

Иркутск: түрмөдөгү тополоңдо 300дөн ашуун киши жараат алды


Ангарск шаарындагы түрмөдө чыккан өрт.
Ангарск шаарындагы түрмөдө чыккан өрт.

Орусиянын Иркутск облусундагы түрмөдө чыккан тополоңдо үч жүздөн ашуун киши жараат алганы маалым болду. Козголоң абактагылардын бирин күзөтчү сабап салгандан кийин башталган болушу мүмкүн экенин активисттер кабарлашууда.

«Адам укуктары үчүн» бейөкмөт уюму билдиргендей, Ангарск шаарындагы №15 абактагы башаламандыкты басуу үчүн атайын бөлүктүн кызматкерлери тартылган.

Жаза аткаруу федералдык кызматы тескерисинче түрмөдө отургандардын бири күзөтчүгө кол салганын 11-апрелде кабарлап, учурда баары көзөмөлдө экенин кошумчалады.

Социалдык тармактарга жарыяланган видеолордо имараттын күйүп жатканын көрүүгө болот. Укук коргоочулар түрмөгө киргизилген жок.

Иркутск облустук тергөө комитети бул иш боюнча кылмыш ишин козгоду. Сөз болуп жаткан түрмөдө жазасын өтөп жаткан 1300дөй киши бар.

XS
SM
MD
LG