Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Февраль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:33

Жапаров Путиндин мааракесине барган жок


Cадыр Жапаров жана Владимир Путин. 15-сентябрь, Ташкент
Cадыр Жапаров жана Владимир Путин. 15-сентябрь, Ташкент

Президент Садыр Жапаров Орусиянын Санкт-Петербург шаарында өтүп жаткан КМШ лидерлеринин бейформал жыйынына барган жок.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Санкт-Петербурдагы КМШга мүчө өлкөлөрдүн лидерлеринин бейформал саммитине катышпай турганын жергиликтүү маалымат каражаттары 6-октябрдын кечинде жаза баштаган.

Алар бийликтеги булактарына таянып, Жапаров тажик президенти Эмомали Рахмондун мааракесине да арналган жыйынга катышпайт жана өлкөдөгү коомдук пикирди эске алат деген себепти көрсөтүшкөн.

Кийинчерээк президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев мамлекет башчысынын Орусияга барбай турганын ырастады. Бирок ал президент иш графигине байланыштуу сапардан баш тартты деп түшүндүрдү.

Султанбаев 7-октябрда белгиленип жаткан орус президенти Владимир Путиндин 70 жылдык мааракесине байланыштуу кыргыз тараптан мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов жөнөтүлгөнүн билдирди.

7-октябрда Садыр Жапаров Орусиянын президентине телефон чалып, 70 жылдык мааракеси менен куттуктаганы белгилүү болду.

КМШнын бейформал саммитинин башкы окуясы катары дал ушул Путин менен тажик президенти Эмомали Рахмондун 70 жылдык мааракеси экени айтылып жаткан. Анын жүрүшүндө Путин Рахмонго жакында ыйгарган III даражадагы “Мекенге сиңирген эмгеги үчүн" орденин тапшырары да кабарланган.

Саясат талдоочулар Жапаровдун мурда пландалган сапардан баш тартышы дал тажик президентинин юбилейи жана ага орус орденинин тапшырылышынан улам болушу мүмкүн экенин белгилешти.

Борбор Азия боюнча адис, орусиялык аналитик Аркадий Дубнов Кыргызстандагы "мындай нааразылыктын себеби түшүнүктүү" экенин Телеграмдагы баракчасына жазды.

Аркадий Дубнов
Аркадий Дубнов

“Эки тараптан ондогон адамдардын өмүрүн алган кыргыз-тажик чек арасындагы утур-утур катталган кандуу жаңжалдар чыгып, бул үчүн жоопкерчиликти Бишкек тажик бийлигине жүктөп жатканда, куттуктоонун аймактагы туруктуулук жана коопсуздукка эч кандай тиешеси жок”, - деди орус аналитиги.

Негизи кыргыз бийлиги буга чейин Кремлдин тажик президентине “Орусия менен Тажикстандын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк мамилелерине жана шериктештикке кошкон чоң салымы жана аймактагы туруктуулукту жана коопсуздукту камсыз кылганы үчүн” деген негизде орден тапшырылганына нааразы экенин кыйыткан.

Тагыраагы, 5-октябрда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Чыңгыз Кустебаев Путиндин Рахмонду орден менен сыйлаганы тууралуу Фейсбукта пикирин билдирип, "сыйлык "күнөөлүүнү" тапты" деп жазган.

"Тажикстандын бийлиги Борбор Азия өлкөлөрүндөгү элдердин тынчтыгын жана ымаласын ыдыратып жатканда аймактагы кайсы коопсуздук тууралуу сөз кылууга болот? Кыргыз жерине төгүлгөн күнөөсүз адамдардын каны муздай электе, балдарынан айрылган энелер күйүткө батып отурганда, жайкын тургундар кыйраган үйлөрүнө кайтып жаткан маалда мындай сыйлыктын берилиши негиздүү таң калууну жаратат", - деген Кустебаев.

Айтмакчы, билдирүүгө тажик тарап реакция кылды. Бул өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Шохин Самади Фейсбуктагы баракчасына кыргызстандык кесиптешинин билдирүүсүн “кабыл алынгыс жана дипломатиялык этиканын принциптерине жооп бербейт” деп жазды.

Ал ошондой эле соңку билдирүү 14-17-сентябрдагы жаңжалдан кийинки сүйлөшүүлөрдү бузуу катары да сыпаттаган.

Кийинчерээк тажик тышкы саясий мекемеси Кыргызстандын бул өлкөдөгү элчиси Эрлан Абдылдаевди чакырып, нааразылык нотасын тапшырганы белгилүү болду.

Сөз болуп жаткан кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжал эгемендик жылдарындагы масштабдуу конфликт болуп калды. Бул үчүн эки мамлекет бири-бирин аскердик агрессияга айыптап жатат. Жаңжалдын кесепетинен кыргыз тарап 63 жаранынан ажырап, 200дөн ашыгы жараат алды.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги чек арада 41 жараны каза тапканын, 200гө чукулу жараат алганын билдирди. "Озоди" радиосу өз булактарына таянып, 74 кишинин тизмесин жарыялады. Бирок маалыматты башка көз каранды эмес булактан тактоо мүмкүн эмес болууда.

Орус-кыргыз мамилесине таасири кандай болот?

Ошентип, Садыр Жапаров Украинага аскердик агрессиясы үчүн дүйнөлүк коомчулуктун жектөөсүнө туш болуп жаткан орус президенти Владимир Путиндин мааракесине баруудан баш тартты. Мындай чечим Кремлге жакпашы мүмкүн экенин адистер белгилешүүдө. Ошондуктан, соңку окуянын кыргыз-орус мамилеси үчүн кандай таасири болот деген суроо турат.

Оппозициячыл саясатчы Равшан Жээнбеков кыргыз президентинин Орусия сапарынан баш тартуу чечимин кубаттайт. Ал акыркы чечимдин ыктымал кесепеттер катары төмөнкүлөрдү белгиледи.

Равшан Жеенбеков
Равшан Жеенбеков

“Орусиянын Кыргызстанга таасир этчү бир нече рычагы бар. Алардын бири газ, экинчиси күйүүчү-майлоочу жана Орусияда эмгектенип жүргөн кыргыз жарандары. Дал ушул маселелерде Кремль биздин бийликке таарыныч катары басым көрсөтүшү мүмкүн. Биз бул жагынан кайсы бир алдын алуу чараларын көрүшү керек болот”.

Бирок саясатчы кандай чаралар экени жөнүндө тактаган жок.

Дал ушундай эле пикирлерди колдогон парламенттин экс-депутаты Абдывахап Нурбаев Кыргызстан ушул сыякуу принципиалдуу маселелерде эгемен позициясын көрсөтүшү керектигин белгиледи.

Кыргызстан көп векторлуу тышкы саясат жүргүзөрүн жарыялап келет. Бирок иш жүзүндө башкы саясий, экономикалык өнөктөшү саналган Орусияга ыктаганы байкалат. Орусиянын Украинага кол салышы, соңку төрт аймагын жикчил күчтөр өткөргөн жалган референдумга таянып, аннексиялап алышы Кыргызстан сыяктуу постсоветтик чөлкөмдөгү бир катар өлкөлөр үчүн сыноого айланды.

Азырынча расмий Бишкек Украинанын чыгышындагы жасалма референдум боюнча позициясын билдире элек.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG