Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:12

Жемкорлукка каршы күрөш: УКМКнын жообу жана убадасы


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) коррупцияга шек саналып кармалган адамдардын үй камагына чыгарылышына байланыштуу сын-дооматтарга жооп берди.

Анда мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруп, тергөө менен кызматташкандардын бөгөт чарасы өзгөрүп жатканын маалымдады. Ошол эле учурда коррупцияга каршы күрөш токтой электигин эскертти.

Ушул жылдын май айында атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев жемкорлукту тыюунун экинчи айлампасы башталганын, ал алда канча оор болорун жарыялаган.

Атайын кызмат 31-июлда коррупцияга шек саналып кармалгандардын үй камагына чыкканы тууралуу социалдык тармактардагы талкууларга жооп кайтарды.

Анда мындай бөгөт чара кымырылган акчаны казынага кайтаруу, тергөө менен кызматташып, кылмыштын бетин ачууга көмөктөшүү өңдүү жагдайлардын негизинде колдонуларын белгиледи.

"Мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толук толтурса, тергөө менен кызматташса, кылмыштын бетин ачууга жана башка адамдарды кылмыш жоопкерчилигине тартууга көмөктөшкөн көрсөтмөлөрдү берсе, айыпталуучунун медициналык корутунду менен ырасталган оорулары бар болсо, анда тергөөчүлөр сотко анын бөгөт чарасын үй камагына өзгөртүү жөнүндө же кетпөө жөнүндө тилкат менен бошотуу өтүнүчүн берет. УКМК бөгөт чарасын өзгөртүү, камактан бошотуу аларды кылмыш жоопкерчилигинен бошотпой турганын белгилейт. Ал эми кылмыш иштери сот чечими менен аяктайт. Атайын кызмат коррупцияга каршы күрөштү улантууда жана ага тиешеси бар адамдар мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартылат", - деп жазылган маалыматта.


Мунун алдында май айында коррупцияга шек саналып кармалган Туризмди өнүктүрүү фондунун мурдагы жетекчиси Елена Калашникова үй камагына чыккан.

УКМК ал 12 миллион сомду кайтарып бергенин билдирген.

Калашникова жана анын жактоочусу буга байланыштуу комментарий берген эмес.

Андан кийин камактагы оппозициячыл саясатчы Равшан Жээнбековдун жубайы Салкынай Алимбаеванын дагы бөгөт чарасы өзгөргөн. Атайын кызмат ал тууралуу кеңири түшүндүрмө берип, Алимбаеваны жерди ижарага мыйзамсыз берүүгө аралашканын, бизнес өкүлдөрүнөн 500 миң доллар алганын маалымдаган.

Маалыматта тергөө учурунда баасы дээрлик 1,5 миллиард сомду түзгөн тилкелер мамлекетке кайтарылып, келтирилген зыяндын орду бүт бойдон толтурулганы жазылган.

Алимбаеванын уулу Азат Равшан мунун баарын жокко чыгарган.


Атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев 20-июлда өкмөт жыйынында коррупция маселесин көтөргөн. Анда аткаминерлерге кайрылып, мамлекеттин акчасына кол салгандар жазасыз калбай турганын эскерткен.

"Коррупцияга байланыштуу кайсы бир иштерди жасай турган болсоңор, баарыңар катаал чараларга туш болосуздар. Мурдагыдай тааныш-тамыр, досчулук деген жок. Ким коррупцияга аралашаса, президентибиздин тапшырмасы менен ар бириңиздер жоопко тартыласыздар. Мындан ары өтө катуу чара колдонулат. Мамлекеттин акчасына кол салган аткаминер жазасыз калбайт. Бүгүн, болбосо эртең же бүрсүгүнү жазаланат. Иштен кеткен болсоң, артыңдан кууп барып жазалайбыз".

Ташиев буга байланыштуу экс-министр Динара Кутманованы мисал кылган. Мурдагы аткаминер көп өтпөй Кумтөрдүн акчасына байланыштуу коррупцияга шек саналып камакка алынган.


Май айында Ташиев коррупцияга каршы күрөштүн экинчи айлампасы башталганын билдирген. Ал Фейсбуктагы баракчасына жемкорлукка каршы күрөштүн биринчи этабы оңой болбогонун, кийинкиси андан дагы оор болорун, болгон мүлкүн алуу өңдүү күчөтүлгөн жаза колдонуларын, бул этап 1-1,5 жылда аяктаарын жазган.

Анын алдында президент Садыр Жапаров маектеринин биринде соңку 2,5 жылда паракорчулукка каршы күрөштөн 10 миллиард сомдон ашык акча чогулганын билдирген. Кыргыз бийлиги ким канча акча төлөп чыкканын жарыялаганы менен, ал каражаттын кайда жумшаларын купуя кармайт.

Деген менен юрист Таттыбүбү Эргешбаеванын пикиринде, коррупцияга каршы күрөштүн айланасында суроо көп.

Таттыбүбү Эргешбаева.
Таттыбүбү Эргешбаева.

"Мен үчүн коррупцияга байланыштуу кылмыш иштерин козгоо канчалык сапаттуу деген суроо турат. Эмнеге дегенде биз "супер президенттик" өлкөдө жашайбыз. Соттун адилеттик орнотуу системасы төмөн. Алар жетиштүү эркин эмес. Коррупцияга каршы күрөш - улуттук коопсуздуккка канчалык дал келген концепция? Же бул иммитациябы? Же бул кайсы бир саясий күч кармана турган жолбу? Ушундай чоң суроолор бар. Камчыбек Ташиевдин айтымында, коррупцияга каршы күрөштөн мамлекетке көп акча түшүп жатат. Бул азыркы аткаминерлердин коррупцияга каршы күрөшүнүн концепциясы. Бирок ал канчалык деңгээлде натыйжалуу дегенге статистиканын негизинде талдоо жүргүзүлүшү керек".

Өткөн айда Садыр Жапаровдун жакын тууганы бажыдагы коррупцияга шек саналып кармалганы белгилүү болгон. Президент өткөн аптада иниси тууралуу комментарий берип, паракорчулукка аралашкандардын баарына бирдей мамиле болорун эскерткен.

"Азыр заман башка. Баарына бирдей мамиле. Коррупцияга аралаштыңбы, ким болсоң да камаласың. Мамлекетке канча чыгым келтирсең, эки эселеп төлөйсүң, анан чыгасың. Төлөбөсөң, жата бересиң. "Менин иним эле" деп камабай койсом, башка инилерим дагы аралаша баштайт. Кыргызда "бирге жаза, миңге сабак" деген жакшы сөз бар. Мына менин комментарийим", - деген Жапаров.

Бирок президенттин иниси Улан Жапаровдун бул кылмыш ишинин чоо-жайы тууралуу азыркыга чейин кеңири маалымат бериле элек.

Академик Жамин Акималиев бул жаатта берилген убадалар, айтылган сөздөр менен анын жыйынтыгына көңүл бурду.

Жамин Акималиев.
Жамин Акималиев.

"Коррупцияга каршы күрөш болгон жок деп айта албайбыз. Бирок көп учурда сөз менен, куру күрөш болуп жатат. Мен туруктуу күрөштү көрө албай жатам. Себеби жашоо-турмушту деле карасак, тегерек-четибиздин баары эле коррупция болуп кетти. Өткөндө "коррупционерлер кармалса сазайын беребиз, мурдагыдай болбойт" дешпеди беле. Кармалып жаткандар, ошол эле маалда кайра чыгып жаткандар бар. Ушунун баары коррупцияга каршы күрөш чындыкка дал келеби же жөн гана жарнамалообу деген да ой кетет. Сөзү күчтүү, бирок жыйынтыгы аз болуп жатат. Мамлекетке кайтарылды деген акча кайда кетип жатат? Ал кандай максатка пайдаланылды деген суроонун жообу дагы ачык болбой жатат. Ал акча атайын кызматтын имараттарын курууга кетип жатат деген сөздөр бар. Өндүрүшкө жумшалбай, менимче, чачыранды колдонулуп жаткандай. Азыр коомчулукка көп нерсе түшүнүксүз. Айтылган сөз менен аткарылган иштин ортосунда ажырым көп болуп жатат".

Бир катар эксперттер коррупцияга каршы күрөштө жазалоо менен эле кошо жемкорлуктун алдын алуу иштерине көңүл бурулушу керектин айтып келишет. Мындай пикирге талдоочу Алмаз Тажыбай дагы кошулат.

"Коррупцияга каршы мурдагы президенттерден бери эле күрөшүп келе жатышат да. Бирок азыркы деңгээл ушундай күрөш менен аягына чыкпайт. Кыргызстанда жемкорлук тамырлап кеткен. Ар бир тармакта бар. Кыргыздар айткандай, "кайда барсаң - Мамайдын көрү". Ага каршы тынымсыз, системалуу күрөш болушу кажет. Көп учурда саясатчылар популист болобу же элге жагайын дейби, кылыч-балта менен кыя чабабыз дегенге өтүп алды. Ошондуктан күрөштүн экинчи деңгээли болобу, үчүнчү деңгээли болобу, натыйжа чыгышы күмөн".


Башкы прокуратуранын маалыматында, коррупцияга каршы күрөштөн 2022-жылы мамлекетке 11 млрд 679 млн 607 миң 984 сом зыян келтирилген. Анын 3 млрд 554 млн 193 миң 960 сому акчалай өндүрүлгөн. Ал эми 5 млрд 701 млн 715 миң 118 сому мүлк катары кайтарылган. Буга мисал катары бала бакчалар, жер тилкелери саналган.

Жыл башында, Transparency International эл аралык уюму дүйнөдөгү коррупциянын деңгээлин аныктаган кезектеги баяндамасын жарыялаган. Ага ылайык, жемкорлук индексинде Кыргызстан мурдагы жылдагыдай эле былтыр дагы жалпы 100 баллдан 27 упай гана алган да, 185 өлкөнүн ичинен 140-сапка жайгашкан. Анда аталган уюм расмий Бишкек автократияга ыктап, бийликтегилердин кызмат абалынан кыянат пайдалануусуна жол ачылганын эскерткен.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG