Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:38

Казандыктарды нааразы кылган Назарбаев көчөсү


Татарстан. Казанда Эсперанто көчөсүн Нурсултан Назарбаевдин ысымына ыйгарууга каршы нааразылык чаралары. 2015-жыл, 10-июнь.
Татарстан. Казанда Эсперанто көчөсүн Нурсултан Назарбаевдин ысымына ыйгарууга каршы нааразылык чаралары. 2015-жыл, 10-июнь.

Казакстандагы экс-президенти Нурсултан Назарбаевдин керт башына сыйынуу кесепети Татарстанга да тийди.

Казак бийлиги азыр эми аз-аздан арылууга аракеттенген бул адатка Казанда жети жыл мурда катуу каршылык болгон. Назарбаевдин ысымын көчөгө ыйгарууга жарандар каршы чыгып, бирок ал толкун күч менен басылып, нааразылыкка карабай бийлик өз планын ишке ашырган. Азыр Казанда бул маселе кайрадан талкууга түшкөнү кабарланды.

"Тирүү Назарбаевди ысымын ыйгаруу - тирукмуш жорук"

Казан шаардык аткаруу комитети 2015-жылы жайында эч кандай түшүндүрмөсүз эле Эсперанто кең көчөсүн Нурсултан Назарбаев деп атап салган. Бул чечим шаардыктарды нааразы кылган. Жарандардан турган топ сурамжылоо жүргүзүп, көчөнүн эски атын калтырууну каалагандар 80 пайыздан ашкан. Шаар тургундары тирүү адамдын ысымын көчөгө ыйгаруу адаты мурда болбогонун айтып, аны акылга сыйгыс көрүнүш катары кабыл алгылары келген эмес:

“Сиз бизди укпай жатасыз. Урматтуу мэр, тирүү турган Назарбаевдин ысымын түбөлүк калтыруу мыйзамга эле эмес, моралга да сыйбайт. Бул чечим биринчиден көзү тирүү Назарбаевдин өзүн урматтабагандык эмеспи? Адам тирүү. Тирүү адамдын ысымын көчөгө кантип ыйгардыңар?”, - деген анда шаары тургуну Албина Нигматулина.

Казанда буга байланыштуу бир нече жолу каршылык акциялары өтүп, бирок ага катышкандар улам кууп таратылып турган. Ошентип, катуу каршылыкка карабай, шаардык кеңеш чечимин күчүндө калтырган.

Керт башына сыйынуунун Казандагы кемчилиги

Жарандык активист Зуфар Гарипов муну Казакстанда эле эмес, башка өлкөгө да жайылган жеке адамдын керт башына сыйынуу көрүнүшү деп сынга алган.

“Аткаруу комитети өзүнүн жобосун жана мыйзамды бузуп жатат. Анда көзү тирүү кишилердин ысымын көчөлөргө ыйгарууга тыюу салынган. Анан да инсан көзү өткөндөн 10 жылдан кийин гана анын ысымын ыйгаруу каралган. Ушул ченемдерди көз көрүнө бузуп, көчөнүн атын өзгөртүү аземине расмий чакыруулар жиберилген. Анда чогулгандар буга каршы чыгып, ызы-чуу чыкканда иш-чара кийинкиге жылдырылган”, - деген Казан шаарындагы жарандык демилгелүү топтун жетекчиси Зуфар Гарипов.

Ал эми татар коомчулугунда Казандын кең көчөсүнө Казакстандын ошондогу президентинин ысымын ыйгаруу саясий максатта болуп, Татарстандын президенти Рустам Миннихановдун Назарбаев менен мамилесине байланыштуу болгону айтылууда.

"Кемчилик кетти, бирок артка жол жок"

Казан шаарынын мэри Илсур Метшин Назарбаевдин ысымы көчөгө мыйзам бузуу менен ыйгарылганын моюнуна алып, бирок чечимди артка кайтарууга мүмкүн эмес экенин айткан жайы бар.

Орусия. Илсур Метшин, Татарстандын борбору Казандын мэри
Орусия. Илсур Метшин, Татарстандын борбору Казандын мэри

“Мен аткаруу комитети тарабынан кээ бир кемчиликтер кеткенин моюнума алам. Эл достугу үйүндөгү казак диаспорасынан кайрылуу түшкөндө топонимикалык комиссия караганда аны талкуулоо үчүн көбүрөөк убакыт керек болчу. Ошол кемчилик үчүн кечирим сурайм. Азыр эми чечим кабыл алынып калды. Мен шаар мэри катары бул көчө жаңы аталышта Сиздердин ыңгайлуу жана бактылуу жашооңуздарга шайкеш келиш үчүн бардыгын жасоого убада берем”, - деген болчу Казандын мэри.

Казакстандагы канды булоонго айланган соңку элдик толкундоолордо Эл башынын эстеликтери кулатылып, борбор шаарга, аба майданга жана бир нече көчөлөргө коюлган Назарбаевдин атын алмаштыруу демилгеси ал 30 жылдай башкарган өлкөнүн өзүндө көтөрүлүүдө.

Каршылык кыймылы кайра жанданабы?

Мындай жагдайда Казандагы Назарбаев көчөсүнүн атын кайра калыбына келтирүү тууралуу шаар бийлиги азыр үн ката элек. Бирок жарандык коомдо ушундай сунуштар жаңыра баштады. Бул маселе күч менен чечилгенине карабай, ал ошол боюнча калбасын мындан жети жыл мурун жарандык активисттер эскерткен.

“Ал кечирим сурады. Бирок мэр көчөнүн атын Назарбаев деп атоону көшөрүп талап кылууда. Биз ага макул эмеспиз. Бул демилгеге каршы 4 миңден ашуун кол топтодук. Улам көп кол топтолуп жатат. Ошондуктан бул маселеге толук чекит коюлган жок”, - дейт Казан шаарындагы жарандык демилгелүү топтун активистти Ильгам Ахметов.

Азыр эми Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин Татарстанга иш сапарынын алдында бул маселе кайра көтөрүлүшү мүмкүн экени айтыла баштады. Бирок Казанда мындан жети мурда көчөнүн атын алмаштырууга каршы кыймыл азыр мына ошондогудай күчтүү эмес экени да байкалган.

ТАТАРСТАН - Казандагы мурдагы Эсперанто /Назарбаев көчөсү
ТАТАРСТАН - Казандагы мурдагы Эсперанто /Назарбаев көчөсү

XS
SM
MD
LG