Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:49

Усманов: Зээндүү бала АКШда калса таарынбайлы


Сеитбек Усманов
Сеитбек Усманов

Эки жыл мурда Бишкекте ачылган Кыргыз лидерлер академиясы англис тилин мыкты билген мектеп окуучуларына АКШда билим алууга шарт түзүп жатат. Анын негиздөөчүсү Сеитбек Усманов кыргызстандык балдар дүйнөнүн мыкты окуу жайларына өтө алат деген пикирде.

“Азаттык”: Кыргыз лидерлер академиясы деген эмне? Бул бизде жаңылык болсо керек?

Сеитбек Усманов: Биз бул академияны эки жыл мурда негиздедик. Ага өз башыман өткөн бир окуя себеп болду. Америкада магистратураны окуп жүргөндө тизме көрүп калдым. Ал тизмеде Кыргызстанда жалпы республикалык тестирлөө боюнча эң жогорку баа алган балдар кайсыл жакка окууга өтүп жатканын көрдүм. Алар көбүнчө Орусияга, Түркияга кетишет экен. Чынын айтайын, мага мындай көрүнүш жаккан жок. Анткени бизде жакшы окуган, эң акылдуу балдар эмнеге Орусия же Түркияга убактысын коротушу керек? Себеби эң мыкты билим алгысы келгендердин көбү Кошмо Штаттарына умтулат да. Эмнеге биздин балдар АКШга аз тапшырат деген суроого жооп издедим.

Көрсө бизде АКШдагы окуу тууралуу маалымат абдан аз экен. Бүтүрүүчүлөр кантип тапшырат, кайда баруу керек деген суроолорго оңой менен жооп таба албайт тура. Америкада 3900 окуу жай бар, алардын элүүсү гана толук стипендия берип, акысыз же жарым-жартылай төлөм менен окутат. Менимче, маалыматтын жоктугунан Кошмо Штаттардын окуу жайларына кандай эссе, баяндама жазып тапшырууга болорун билбегендиктен кыргыз балдар окууга өтпөй калып жатат. Анан ушул академияны түптөдүк. Биздин максатыбыз - таланттуу кыргыз жаштарына туура маалымат берүү. Бир жарым жана эки жылдык окутуу программабыз менен ишти баштадык.

“Азаттык”: Азыркы учурда канча бала тартылып жатат?

Сеитбек Усманов: Азыркы тапта жыйырма баланы даярдап жатабыз. Былтыр АКШнын жогорку окуу жайларына биздин көмөк менен сегиз бала тапшырган. Алардын жетөө өттү. Өткөндөрдүн баары 40 же 100 пайыздык төлөм жеңилдетүү алды.

“Азаттык”: Америкада окуу абдан кымбат болсо керек. Сиз айткан балдар канчалык жеңилдик алышты?

Кыргыз лидерлер академиясынын угуучулары
Кыргыз лидерлер академиясынын угуучулары

Сеитбек Усманов: Кошмо Штаттарда окуу орто эсеп менен жылына 65 миң доллардан 70 миң долларга чейин. Бул каражаттын ичине окуу акысы, жатакана, тамагы, китеп-дептерлери, компьютери кирет. Бизден 100% жеңилдетүү алган бала 70 миң доллардык окууга же АКШдагы либералдык билим берген эң мыкты Лафайетт коллежине өттү. Экинчи окуучубуз Веллингтон аттуу коллежге өтүп, 65 миң долларлык төлөмдөн 55 миң доллар арзандатуу алды. Албетте АКШ окуу жайларына өтсө болот. Бир гана биздин балдарды туура даярдоо керек?

“Азаттык”: Кантип даярдануу керек? Даярдануунун сырларын айтып берсең?

Сеитбек Усманов: Америкада окууга кызыккан балдар болсо 9- класстан эле аракеттене баштоосу зарыл. Биринчиден, TOEFL тесттин тапшырып, деңгээлин текшерип алып, бул сынактан максималдуу 120 баллдан кеминде 100 баллга жеткидей болушу керек. Андан соң SAT деген Американын улуттук сынагы бар. Ал биздин жалпы республикалык тестке окшош. Бул тестке биздин академия балдарды жарым жыл даярдайт. Акыркы үч ай дилбаян жазып, арыз толтуруп, финансылык документтерди жана башка бир топ кагаздарды чогултууга убакыт талап кылынат. Ошол чогулткан документтердин баарын ар бир баланыкын он чакты окуу жайга жөнөтөбүз, анткени алдын ала кайсы университет студенттин окуусун толук каржылоо тууралуу чечим чыгарарын биле албайбыз да.

“Азаттык”: Мындай ишти аткаруу үчүн АКШнын окуу жайлары менен тыгыз байланышта болуу керек эмеспи? Силердин байланыш кандай?

Сеитбек Усманов: Ооба, окуу жайлар менен сүйлөшүп турабыз. Алгач ишти баштаганда алар менен макулдашпай эле киришсекпи дегенбиз. Бирок коммуникация абдан маанилүү экен.

“Азаттык”: Бул системаны эл аралык деңгээлге чыгаруу үчүн кандай өзгөртүүлөрдү киргизсе болот?

Сеитбек Усманов: Биздин окуу программаларыбыз абдан оор. Бул билим берүүдөгү абдан чоң көйгөлөрдүн бири. Кыргыз-түрк лицейлерин деле карасаңар 17 сабак бар, таңдан кечке окушат. Андан сырткары ишемби күнү да сабак болот. Бул тестке даярданууга кедергисин тийгизет.

Андыктан сабактардын санын кыскартуу зарыл. Балдарга эркиндик берип, өзү каалаган нерсени тандоосуна көмөктөшүү кажет. Анын эмнеге кызыгарын билүү зарыл. Эгер баланы бош койсо ал Интернет аркылуу көптөгөн кызыктуу нерселерди үйрөнө алат. Экинчиден, Кытайдын программасы жакты. Аларда 12 класс. Чет өлкөдө окугусу келген балага акыркы классты үйдөн окуганга уруксат берилет экен. Бизде 11 жыл окуганы менен балдар убактысынын көбүн жөн гана коротуп жатышат.

“Азаттык”: Системаны өзгөртүү бир күндүк иш эмес да. АКШ сыяктуу чет өлкөдөгү жогорку окуу жайларга тапшыруу менен катар эле Кыргызстандын ЖРТсына даярдануу жана сабактардан жакшы баа алуунун бир орто жолун тапса болобу?

Сеитбек Усманов: Сабактар аз болсо окуучулар да жакшы окуйт. Жаштар англис тилин эрте үйрөнүп баштаса абдан жакшы болмок. Англис тил мугалимдери аз, ошондуктан технологияны колдонуу керек. Мисалы Израилдин биз сыяктуу эле алты миллион жараны бар. Бирок аларда Гарвард, Стенфорд университеттерине жылына ондон бала өтөт, бизде 25 жылдык эгемендигибизде эки-үч гана студент өткөн.

“Азаттык”: Америкадагы окуу эмнеси менен пайдалуу? Көп жаштар барат бирок кайра келбей жатышпайбы...

Сеитбек Усманов: Эгер жакшы програмист, инвестициялык аналитик болом десе окушсун. Кыргызстанда Google, Microsoft сыяктуу атактуу ишканалар жок да. Кайда иштейт? Кеткендерге таарынбаш керек. Анткени алар ал жакта өсүп-өнүгүп жатат. Алар чоң-чоң фирмаларда мыкты программисттер менен иштеп, башкаларга үлгү болуп бере алат. Ошол жерде иштеп чоң ишкана ачууга эмнеге болбосун? Менин жеке оюмда, азыр кыргыз балдар АКШда калышы керек, себеби Кыргызстанда кесипкөйлүктү өнүктүрүү чектелген. Биздин мамлекеттин бюджети эки миллиард доллар, Америкада кээ бир окуу жайлардын бюджети мындан эки-үч эсе көп. Маселен, Google издөө системасын ойлоп тапкан бала Орусиядан барган. Эгер ал МГУда же Санкт-Петербургдун бир университетинде окуса ойлоп таба алат беле?

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG