Линктер

жекшемби, 17-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 18:08

Жогорку Кеңештин 2015-жылы шайланып келген кезектеги чакырылышынын курамынын сапаты коомчулуктун түрдүү сынына кабылып келет. Мунун себеби эмнеде? "Азаттык" укук коргоочу, "Демократия жана жарандык коом үчүн" коалициясынын мурдагы башчысы Динара Ошурахунованы кепке тартты.

“Азаттык”: Динара айым, сиз жетектеген уюм Жогорку Кеңештин иши, сапаттык курамына байланыштуу изилдөөлөргө катышып келатат. Айтсаңыз, азыркы чакырылыштагы депутаттар боюнча пикириңиздер кандай?

Ошурахунова: Эгерде парламенттин буга чейинки бешинчи жана азыркы алтынчы чакырылыштагы курамын салыштырып карасак, 2010-жылдагы шайлоодо атаандаштык өтө чоң болуп, чынында эле Жогорку Кеңешке көптөгөн лидерлер келген. Алардын ортосунда ар кандай талаш-тартыш, талкуулар болгон.

Ал эми азыркы, алтынчы чакырылыштагы парламент акча менен келген курам болуп калды.

Баарыбыздын эсибизде, бир жыл мурун абдан көп добуш сатып алуу болгон. Шайланып келгенден кийин аялдардын мандатын алып, башкаларга бергени да белгилүү.

Андыктан, азыркы чакырылыштагы көпчүлүк депутаттарды эл шайлаган жок деп айтсак болот. Аларды парламентке келген фракция лидерлери шайлады. Депутаттардын деңгээлине биринчи кезекте ошолор жооптуу.

“Азаттык”: Бирок Жогорку Кеңеш депутаттарынын билими, интеллектуалдык деңгээли, маданияты тууралуу айтылган түрдүү сын- пикирлерди парламент өкүлдөрү өздөрү четке кагып, анын баары негизсиз экенин айтып келет. Негизи бизде парламенттин ишине баа берүү боюнча бирдиктүү методология барбы?

Ошурахунова: Андай методология иштелип чыгууда. Ооба, башка өлкөлөргө салыштырганда бизде мониторинг жүргүзүлүп жатат. Бирок парламенттеги ар бир фракция, комитет, аппараттын ишине жарандык коомдун айрым гана уюмдары мониторинг жасагандыктан алар баарын камтууга жетишпей жатат.

Ошол эле мезгилде “Парламенттин ичинде өзүн баалаган инструменттер барбы, бул ишти алар жасай алабы?” деген да суроо жаралат.

“Азаттык”: Чын эле, барбы?

Келген депутаттардын көбү демократиялык процедураны түшүнбөгөндүктөн аны карабай, өзү каалагандай бурмалап, эрежелерди өз кызыкчылыгына жараша түзүп алууда.

Ошурахунова: Парламент депутаттары “биз даярбыз”, “биз өзүбүздү өзүбүз баалоого даярбыз” деп айтып жатканы менен андай иш качан болот, ким уюштурат белгисиз. Бир жолу гана жолугушуу өткөрдүк.

Негизи парламент өзү ачык болбогондуктан анын ичинде кандай процесстер жүрүп жатканын айтуу кыйын.

Барып, ичине кирип, алууга мүмкүн болгон маалыматтар чыгып, жарыяланып жатат, бирок парламент өзү өтө чоң институт болгондуктан ал жакта кандай чечимдер кабыл алынып жатканы ачык эмес.

“Азаттык”: Сиз жогоруда азыркы парламенттин депутаттары боюнча чечимди фракция лидерлери эле кабыл алып коюуда деген пикириңизди айттыңыз. Эмне себептен мындай болуп калууда? Шайлоо системасы туура эмес жолдобу?

Ошурахунова: Бизде шайлоо мыйзамдары да, принциптери да бузулуп жатат. Келген депутаттардын көбү демократиялык процедураны түшүнбөгөндүктөн аны карабай, өзү каалагандай бурмалап, эрежелерди өз кызыкчылыгына жараша түзүп алууда.

“Азаттык”: Демек, шайлоо мыйзамдарын өзгөртсөк абал оңолобу?

Ошурахунова: Кеп жалгыз гана мыйзамда эмес. Эл арасында агартуу, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү да маанилүү.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Рахат Кеңешова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин журналисти. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетин бүтүргөн.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG