Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Январь, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 13:37

Нарындагы ашынган аңчылыктын азабы


Иллюстрациялык сүрөт.

Өкмөт аңчылык кылууга тыюу салынган жан-жаныбардын тизмесин кеңейтип, айыптын өлчөмүн көбөйттү.

Мындай түзөтүүлөр жаратылыштын ар түрдүүлүгүн сакташ үчүн жана жаратылышты туура пайдалануу жаатында мыйзамдарды, талаптарды сактоо максатында кабыл алынды. Ошондой эле бул демилге Кызыл китепке кирген жаныбарларды коргоо жагынан жоопкерчиликти күчөтөрү айтылууда.

Ушул күндөрү Кыргызстанда уруксат берилген аңчылык сезону жүрүп жатат. Тоо текеге жана кекилик, чил, өрдөк сыяктуу канаттууларга ууга чыгууга уруксат алгандар тоо-токойлордо аңчылык кылып, кайберендерди кокту-колоттордо бутага алып жаткан кези.

Нарын районунун тургуну Кенжебек Төлөгөнов тоого келген аңчылар күндөн-күнгө көбөйүп жатканын айтты. Ал аңчылардын туш келди атылган огунан жапайы жандыктар жер которуп, жаратылыштын кунары кетип жатканына кейиди:

«Негизи аңчылык кылгандар көп эле. Биздин өрөөндө мурун кекилик, чил жана кыргоол дегендер көп болчу, жыл өткөн сайын азайып баратат. Быйыл ооруга байланыштуу мергенчилик кылгандар аз болот деп ойлогом, бирок андай болгон жок. Биринчи кар жааган күндөн тартып эле жер жайнап келе баштады. Уруксат кагазы барбы-жокпу, аны деле сураган киши жок, тарсылдатып аткылап эле жүрүшөт».


Аңчылык кылууга тыюу салган жаныбарлардын премьер-министр Артем Новиков кеңейткен тизмесине Борбор Азиядагы кундуз, тоо казы, жарганат, суур, ошондой эле канаттуулардын жана сойлоп жүрүүчүлөрдүн бир канча түрү киргизилген. Маселен, борбор азиялык кундуз Кызыл китепке киргизилди, эми аны аткандар 20 миң сом айып төлөйт. Ал эми канаттуулардан жыланчылдар үчүн 100 миң сом, күрөң көгүчкөн үчүн 10 миң сом, кашык тумшук үчүн 50 миң сом айып салынат. Буга чейин аларды аткандарга эч кандай чектөө болгон эмес.

Мамлекеттик экотехинспекциянын Нарын аймак аралык башкармалыгынын жетекчиси Улан Жаанбаев аңчылык кылууга тыюу салынган жаныбарлардын тизмесин кеңейтүү, айыпты жогорулатуу өз учурунда жакшы пайдасын тийгизерин белгиледи:

«Мыйзамсыз аңчылык кылгандарга айыпты көбөйтүү жакшы жыйынтык берет. Бирок эл ичинде ага карабай эле ууга чыккандар бар. Биз эми колдон келген аракетти кылып жатабыз. Түшүндүрүү иштерин жүргүзөбүз. Соцтармактар аркылуу да элге маалымат жеткиребиз. Мурда айыптын көлөмү дээрлик жокко эсе болчу. Бир тоо эчкиге ашып кетсе 1,5 миң сом төлөчү, ал кезде браконьерлер менен күрөшүү да оор болчу».


Нарын шаарынын тургуну, жаратылышты коргоо тармагында көп жылдан бери эмгектенген Рудбек Абдраев айлана-чөйрөгө зыян келтиргендерге жана жапайы жаныбарларды аёосуз кыргандарга салына турган айыпты жогорулатыш керек деп эсептейт.

«Түп-тамыры менен оңдобосо айыпка жыгуу маселени чечпейт, - деди ал. - Айып пулду көтөрүп койгон менен аны коргой турган киши жок болсо иш жылабы? Жаратылышты коргоо кызматкеринин айлыгы көтөрүлмөйүнчө айыпты беш эсе көбөйтсөң да маселе чечилбейт. Мурда кийик аткандар кармалчу, айып көбөйгөндөн бери кармалгандар азайды. Бирок ошол эле учурда эч ким атпай калды дегенге ким кепилдик берет? Балким пара берүү менен кутулуп кетип жатышкандыр? Адегенде кызматкерлерге жакшы көңүл буруш керек».

Кыргызстанда адатта аңчылык сезону сентябрдын башында башталып, декабрдын акырында аяктайт. Быйыл да ушул маалда кулжа менен тоо текеге, кийикке, каманга жана айрым канаттууларга аңчылык кылууга уруксат берилген. Маалыматка ылайык, учурда Кыргызстандагы тоо-токойлордо 46 миң баш кайберендин түрү, үч миңден ашуун каман катталган. Мындан тышкары Кызыл китепке киргизилген Марко Поло, Тянь-Шань жана Северцев аркарларынын саны 16 миңден ашык деп эсептелген.


Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктин маалыматына караганда, быйыл 800дөн ашуун кулжа менен текени, 60 баш каманды атууга уруксат берилген.

Кулжа атуу дүйнөдө жана Кыргызстанда тандалма аңчылык болуп саналат. Ушундан улам Кыргызстанга чет өлкөдөн келип, мергенчилик кылгандар арбын. 2018-жылы аңчылык кылууга уруксат берүүдөн мамлекеттин бюджетине 50 миллион сом түшкөн.

Чет элдиктер аркар-кулжанын картаңын же мүйүзүнүн мүмкүн болушунча узунун жана адырлуусун атканга аракет кылышат. Кыргызстандагы кулжалардын адырлуу мүйүзүнүн узундугу 1,5 метрге чейин жетет.

Кыргызстанда аңчылык чарба тармагында 52 ишкана бар. 42 ишкана - жеке менчик мергенчилик чарбалар. Алар негизинен чет өлкөлүк жарандарга аңчылык уюштуруп берет.

Мамлекеттик коруктагы мыйзамсыз аңчылык
please wait

No media source currently available

0:00 0:08:17 0:00

  • 16x9 Image

    Бексултан Мамбетов

    "Азаттыктын" Нарын облусундагы кабарчысы. Нарын педагогикалык колледжинин бүтүрүүчүсү. Нарын мамлекеттик университетинде сырттан окуйт.

Пикирлерди көрүңүз (10)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG