Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-октябрь, 2020 бейшемби, Бишкек убактысы 18:06

Аңчылар быйыл 800 кайберенди атмай болду


Каракол зоопаркындагы аркар.

Кыргызстанда аңчылык сезон башталды. Ага ылайык, тоо текеден эле 700 баш жана 120 аркар-кулжаны атууга лицензия берилди.

Август айынын экинчи ишембисинен тарта кулжа-теке, кийик, каман жана айрым канаттууларга аңчылык кылууга уруксат берилди. Кулжа менен текени атуу октябрь айынын этегине чейин созулуп, декабрь айынын акыркы жумасында токтойт.

Кекилик, чил жана өрдөк атканга лицензия алгандар ушу тапта мылтыктарын көтөрүп алып, кокту-колоттордо жүргөнүн көрүүгө болот. Нарын районунун тургуну Бектемир Алыбаев тоого келген аңчылар күндөн-күнгө көбөйүп жатканын айтты:

«Чил атканы көп келип жатышат. Өрдөккө да келишет. Көпчүлүгү кымбат баалуу машинелерди минип, жумалап жүрөт. Аңчылыкка уруксаты бар экен деп ойлоп коебуз. Аларды барып сураган деле киши жок. Келип каалашынча атып, тоого чатырын тигип алышып, аткандарын отко бышырып жеп кетишет. Көбүнчөсү кыргыздар. Башка улуттар да келип калат».

Кайберендин изине түшкөндөр бирин-серин. Анткени кулжа-текелер күн жылууда аска-зоолордо жүрүп, күн сууктап, кар жааганда гана ылдыйлап келет. Ошентсе да аңчылык кумары менен ушу тапта жумалап тоодо жүргөндөр бар.

Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктин маалыматына караганда, быйыл 800дөн ашуун кулжа-текени, 60 баш каманды атууга уруксат берилген. Мекеменин басма сөз катчысы Бактыбек Рысалиев буларга токтолду.

«Кызыл китепке кирген жаныбарларга аңчылык кылууга болбойт. Ал эми уруксат берилген жаныбарларды тактап айтканда, тоо текени атуу үчүн кыргыз жарандары 10 миң сом, чет элдиктер 100 миң сом төлөйт. Тоо текенин карыганын атуу керек деген нормалар да бар. Мындан сырткары элик, каман, улар жана кыргоол сыяктуу жаныбарларды атууга да уруксат берилди. Алардын баалары да ар кандай тарифте эсептелет. Өлкөдөгү эпидемиологиялык абалга байланыштуу мергенчиликке кызыккандар аз. Бирок аңчылык сезон жаңы гана башталды деп айтсак болот. Ошондуктан азыр жыйынтык чыгаруу эрте. Сезон аяктагандан кийин аңчылыктан кандай киреше түшкөнү билинет».

Кулжа атуу элиталык аңчылык катары саналат. Мындан улам Кыргызстанга чет өлкөдөн келип, мергенчилик кылгандар арбын. 2018-жылы аңчылык кылууга уруксат берүүдөн мамлекеттин бюджетине 50 миллион сом түшкөн.

Чет элдиктер аркар-кулжанын картаңын же мүйүзүнүн мүмкүн болушунча узунун жана адырлуусун атканга аракет кылышат. Кыргызстандагы кулжалардын адырлуу мүйүзүнүн узундугу 1,5 метрге чейин жетет.

Кыргызстанда аңчылык чарба тармагында 52 уюм бар. 42 уюм - жеке менчик мергенчилик чарбалар. Алар негизинен чет өлкөлүк жарандарга аңчылык уюштуруп берет. Бирок коронавирус пандемиясына байланыштуу быйыл чет элдик туристтердин агымы байкалган жок.

“Маунтайн – Тур Талас” - чет өлкөлүктөр үчүн аңчылык уюштурган компаниялардын бири. Анын жетекчиси Болот Кадыркулов быйыл аңчылык кылуу үчүн туристтер келбегенин айтты:

«Жыл сайын Европа өлкөлөрүнөн, АКШдан туристтер келчү. Быйыл туристтик сезон болбой калды. Анын аркасы менен аңчылыкка кызыккан чет өлкөлүктөр бизге кайрылган жок. Анын үстүнө азыр авиакаттамдар да жабык болуп жатпайбы. Ал эми жергиликтүү мергенчилер бизге кайрылбайт. Алар өздөрүнчө лицензия алып эле аңчылык кылып жатышат».

Макаланын аудиосун бул жерден уга аласыз.

Аңчылар быйыл 800 кайберенди атмай болду (аудио)
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:59 0:00
Түз линк

Ошентсе да кайберенге аңчылык кылууга чектөө киргизүү сунушун экологдор байма-бай көтөрүп келет. 2019-жылы бул демилге Жогорку Кеңеште көтөрүлүп кыркка жакын депутат мыйзам долбоорун алып чыккан.

Ага ылайык, 2020-жылдан 2030-жылга чейин Кыргызстандын бардык аймагындагы жапайы жаныбарлардын айрым түрлөрүнө – аркар-кулжага, тоо эчкисине, эликке, маралга жана каманга аңчылык кылууга мораторий киргизүү сунушталган. Бирок мыйзам долбоору колдоо тапкан эмес. Ага 109 депутаттын 82си четке кагылсын деген добуш берген.

Бул мыйзам долбоору парламентте эки ача пикир жараткан. Демилгечилер кайберенди чаржайыт кырбай сактап калуу маселесин көтөрсө, айрым депутаттар "турфирмалардан акча түшпөй, токойчулардын айлыгы төлөнбөй калат" деп айтып чыгышкан. Депутат Жанар Акаев мыйзам долбоору парламентте талкууланган кезди эске салды.

«Аңчылыкка мораторий киргизүү үчүн мыйзам долбоору талкууланып жатканда ага каршы болгон бир катар депутаттар катуу иштегени байкалды. Анткени алар өздөрү мергенчиликтин кумарына баткандар. Алар жумалап тоого жатып алып, кайберендерге аңчылык кылып жүргөндөрүн жакшы билем. Керек болсо алар чет өлкөдөн келген аңчыларды тосуп алып, тоого чогуу чыгышат. Ал гана эмес мергенчи чарбаларды да калкалашат. Бул жерде чоң суммадагы акча айланат. Негизи кайберенди коргоо үчүн мораторий киргизген мыйзам бизге зарыл болуп турат. Анткени бүт дүйнө жүзүндө экосистемага кам көрүшөт. Жаңыбарлар корголот. Ал эми бизде тескерисинче кордолуп жатат».

Тиешелүү мыйзамга ылайык, аңчылыкка лизенция алган ар бир уюм жылына 40 баштан ашык кийик ата албайт. Бирок кагазда ушундай көрсөтүлгөнү менен, иш жүзүнө келгенде мергенчилер каалаганын кылып жатат деп тоолуктар нааразы.

Көз карандысыз эксперт, эколог Гамал Сооронкулов кайберендерди атууга кеминде беш жыл мораторий киргизип, жаратылышты дем алдырыш керек деп эсептейт.

Гамал Сооронкулов.
Гамал Сооронкулов.

«Активисттердин “аркар-кулжаны атууну убактылуу токтотуш керек” деген демилгелүү тобу бар. Мен ал топтун мүчөсүмүн. Былтыр мыйзам долбоору жазылып жатканда биз 64 депутатты ынандырганбыз. Бирок бир күндүн ичинде 40 депутаттын ою өзгөрүп кетти. Жыйынтыгында мыйзам долбоору парламентте колдоо тапкан жок. Ал жерде мергенчилик чарбалардын лоббиси абдан күчтүү болуп кетти. Анткени ал чарбалардын жетекчилери менен депутаттар тыгыз байланышта экенин көрдүк. Биз бул демилгени жаңы шайланып келген депутаттар менен да талкуулап, мыйзам долбоорун өткөргөнгө аракет кылабыз. Биз мергенчиликке каршы эмеспиз. Болгону ача туяктуу жаныбарларга, тактап айтканда аркар-кулжа менен тоо текени атууга мораторий болсун деп жатабыз. Кийиктер көбөйсүн. Жаратылышты эс алдыралы. Биз чет өлкөлүктөрдү “аңчылыкка эмес, кызыл китепке кирген жаныбарларды жанынан көрсөтүп, сүрөткө тартып алуусуна мүмкүнчүлүк түзүп беребиз” деп чакыралы. Мына ошондо фото тур үчүн жүздөгөн турист келип, миллиондогон акча казынага түшмөк».

Маалыматка ылайык, учурда Кыргызстандагы тоо-токойлордо 46 миң баш кайберендин түрү, үч миңден ашуун каман эсептелген. Мындан тышкары Кызыл китепке киргизилген Марко Поло, Тянь-Шань жана Северцев аркарларынын саны 16 миңден ашкан.

Аңчылыкка каршы мыйзамды колдойсузбу?
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:12 0:00

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

Пикирлерди көрүңүз (22)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG