Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:29

Аңчылык аткаминердин ышкысына айланды


Тоодогу кийиктер. Кыргызстан.
Тоодогу кийиктер. Кыргызстан.

Кыргызстандын экосистемасы мурда болуп көрбөгөндөй жабыркап, өсүмдүктөр менен жан-жаныбарлар азайып баратканы белгилүү. Илимге таянсак, мекенибизде дүйнөдө табылган биологиялык түрдүүлүктүн бир пайызга чукулу учурайт.

"Азаттыктын" апта түрмөгүндө Кыргызстандын аймагындагы тоо жаныбарларына, канаттууларга жана ж.б. жапайы жандыктарга аңчылыктын бүгүнкү жагдайы тууралуу кеп кылабыз.

Нарында жапайы аңчылыкка чыккан карапайым эл азайды. Ошол эле убакта кызматына таянып, кайберен атууну кумар кылгандардын катары көбөйүүдө.

Айрыкча чет элдик аңчылар кайберендерге зыян келтирип жатат деген жергиликтүүлөр көзөмөлдүн начардыгына кабатыр. Ал эми жапайы аңчылыкты жөнгө салчу мекемелер мергенчиликке каршы рейддер тынымсыз өтүп жатканын, кармалгандардын арасында жогорку кызматтагылар да бар экенин айтып жатышат.

Нарын: мыйзамсыз аңчылыктын кесепети
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:52 0:00
Түз линк

Баткен облусунда миңге жакын атайын уруксаты бар мергенчи катталган. Алардын аракетин көзөмөлдөй турган он гана адис бар. Аңчылыкка кызыккандар мыйзамдан чыкпасын деп түшүндүрүү чаралары да тынымсыз жүрөт. Бирок, жергиликтүүлөр жай тургундарга караганда кызмат адамдары көп мергенчиликке чыгып жаткан учурда катуу көзөмөл зарыл дешет.

Баткенде миңге жакын мергенчи бар
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:12 0:00
Түз линк

Жалал-Абадда ача туяктуу жапайы жаныбарларга аңчылык кылууга убактылуу тыюу салынганы менен, иш жүзүндө мораторий иштебей жатканын адистер айтып келишет. Мындан сырткары карышкыр жана чөө сыяктуу жырткыч жаныбарларды атууга бөлүнгөн каражат мергенчилерге жетпей жатат.

Жалал-Абаддагы "тескери" аңчылык
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:12 0:00
Түз линк

Ысык-Көл дубанында карышкыр күч болуп, мал-жандыкка кол салууда. Мындан улам облустагы Аңчылык департаментинин өкүлдөрү жергиликтүү мергенчилер менен чогуу карышкыр жана чөөнү атып жатат. Бирок мергенчилер аңчылыкка чыкканда ок-дары, күйүүчү май сыяктуу муктаждыктар кендирди кесип жатканын айтууда.

Ысык-Көлдө карышкыр күч
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:25 0:00
Түз линк

Ошто "аңчылар жаратылышка зыяныбызга караганда пайдабыз көп тиет" деп ишендиришүүдө. Маселен, Ош-Баткен мергенчилер коому жыл сайын кийиктерге туз жеткирүү, канаттууларга жем чачуу, көлмөлөргө балыктын уругун таштоо сыяктуу иштерди үзбөй аткарып келатканын айтышат. Мергенчилердин жаратылышка пайда-зыянын кабарчыбыз Ыдырыс Исаков билип келген.

Жаратылышка пайдасы тийген аңчылар
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:42 0:00
Түз линк

Жогорку Кеңеште Кыргызстанда жапайы жаныбарларга жана кайберендерге аңчылык кылууга тыюу салган мыйзам долбоору талаш-тартыш жаратып, бир нече жылдан бери колдоо таппай келет. Демилгечилердин бири - “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Эмил Токтошев жаңы сунуштап жаткан мыйзам долбоору жөнүндө айтып берди.

Аңчылык мыйзамынын оош-кыйышы
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:31 0:00
Түз линк

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG