Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
дүйшөмбү, 6-апрель, 2020 Бишкек убактысы 21:09

Уран өндүрүшүнөн уткан коңшулар


Уранга каршы митинг. Бишкек. 2019-жыл.

Кыргызстандын экономикасынын өнүкпөй жатышынын бир себеби тууралуу пикир.

Кыргызстанда курамында ураны бар чийки заттарды жана таштандыларды ташып келүүгө, уран жана торий кендерин геологиялык изилдөөгө, чалгындоого жана иштетүүгө болбойт. Радиактивдүү калдыктарды кайра иштетүүгө жана жеке адамдарга берүү да мүмкүн эмес.

Мунун баарына тыюу салган мыйзамды Жогорку Кеңеш былтыр 31-октябрда кабыл алып, президент Сооронбай Жээнбеков 16- декабрда бекиткен.

2020-жылдын 1-январында күчүнө кирген береги мыйзамдын максаты - расмий билдирүүдө көрсөтүлгөндөй, элдин ден соолугун, жер-сууну, жаратылышты жана жандыктарды коргоо, өлкөнүн радиациялык жана экологиялык коопсуздугун камсыз кылуу.

Уран кендерин иштетүү жаатындагы дүйнөлүк тажрыйбага саресеп салып, Кыргызстанда экономиканы өнүктүрүүнүн жана минералдык байлыктарды өздөштүрүүнүн стратегиясы жок экенин байкаса болот.

Ошондой эле Кыргызстандын азыркы жетекчилиги элдин саламаттыгына шылтап, өзүнүн техника-экономикалык сабатсыздыгын, уран, алтын жана башка кендерди иштетүүнүн экономикалык зарылдыгы тууралуу букараларга жетерлик түшүндүрүүгө чама-чаркы жоктугун, ички-тышкы инвесторлордун укуктарын коргоодогу жүүнү боштугун жаап-жашырып жаткан жокпу деген суроо туулат.

Антип айтууга коңшу жана айрым постсоветтик мамлекеттер бул багытта, анын ичинде уран өндүрүүдө жүргүзүп жаткан иштер толук негиз берет.

Казакстандын мисалы

Табигый уранды өндүрүү Казакстанда стратегиялык тармактардын бири болуп эсептелсе, уран - маанилүү экспорттук өндүрүм. 2018-жылы «Казакатомөндүрүш» улуттук компаниясынын үлүшүнө дүйнөдө өндүрүлгөн урандын 23% туура келген. Атомдук компаниянын баалуу кагаздарынын дээрлик 19% эл аралык биржага жайгаштырылган.

Казакстанда бүгүн 26 уран кени иштетилип жатат. Ал кендердин баарында тең жер астындагы скважиналарды пайдаланып уранды рудадан бөлүп алуу (подземно-скважинного выщелачивания, мындан ары ПСВ) ыкмасы колдонулат.

Бул ыкманы колдонгондо чыгымды көп талап кылган рудниктердин, карьерлердин жана гидрометаллургиялык заводдордун кажети жок, кенди курууга жана иштетүүгө керек жумушчулар азаят.

Дүйнөлүк өзөктүк ассоциациянын (World Nuclear Association, WNA) божомолуна ылайык, 2040-жылы Казакстан 6,7 миң тоннадан 7,9 миң тоннага чейин уран өндүрөт.

Ал урандын бир аз бөлүгүн келечекте Казакстан өзү да керектеп калышы ажеп эмес. Себеби, 1997-жылдан бери казак өкмөтү атомдук электр станциясын курууга ниеттенип жүрөт. Эгер Астана 2014-жылы Москванын шартына көнсө, АЭС ушу чакта курулуп жаткан болмок.

Астана болочок АЭС иштеп турганда, ал үчүн өзөктүк отунду Орусиядан сатып алганга макул болбой, келишимге кол коюлбай калган. Андан кийин казак өкмөтү АЭС куруу боюнча бир катар эл аралык компаниялар, анын ичинде жапон-америкалык «Toshiba – Westinghouse», франциялык «Areva», кытайлык CGNPC, корейлердин КЕРСО компаниялары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, тараптар мунаса тапкан эмес. Ага карабай, WNA Казакстан 2035-2037-жылдары АЭСтүү болот деп боолголойт.

Уран өндүрүүнүн Казакстанда колдонулган ыкмасы

Жер астындагы скважиналарды пайдаланып уранды рудадан бөлүп алуу усулу, кыскача ПСВ, дүйнөлүк уран өндүрүшүндө өткөн кылымдын 60-жылдарынан бери колдонулат.

Бул технология бүгүн дүйнөдөгү эң рентабелдүү жана экологиялык жактан таза ыкмалардын бири болуп эсептелгендиктен, анын өзгөчөлүгүнө бир аз токтоло кетейин.

ПСВ усулу пайдаланылган уран өндүрүлгөн кендерде жер астындагы руда жаткан горизонтко атайын жасалган тешиктер же скважина аркылуу химиялык реагент берилет. Химиялык агент менен руданын ортосунда реакция жүрүп, уран кошулуп байыган аралашма жердин үстүнө сордурулуп алынат. Андан сары кек же урандын концентраты (U3O8) жана урандын чала кычкылы – кычкылы (закись-окись урана) өндүрүлөт. Мындай технологияда аралашмалар такай түтүк аркылуу айдалгандыктан туюк кенден сыртка чыкпайт. Ошон үчүн алдагыдай технология колдонулган кендерде үйүлгөн таштандылар, иштетилген суюктуктар төгүлчү көлмөлөр болбойт.

Адистердин айтымында, ПСВ ыкмасы салттуу жол менен уран өндүрүүгө караганда кыйла арзан болгондон тышкары айлана-чөйрөгө зыяны аз, өндүрүштүн жана жумушчулардын коопсуздугун жогорку деңгээлде камсыздоону мүмкүн кылат.

Соңку жылдары «Казакатомөндүрүш» уран өндүрүүнү учур талабына ылайык модернизациялоодо. Ал үчүн, биринчиден, өндүрүштүк процесс толук санариптештирилип жатат. Санариптешүү скважиналар менен өндүрүштүк объектилердеги маалыматты реалдуу убакыт режиминде мониторлордун экранында көзөмөлдөп турууну мүмкүн кылат. Экинчиден, өндүрүштүк процесс автоматташтырылууда. Мунун натыйжасында өндүрүштөгү жумушчулар менен инженердик-техникалык кызматкерлер азайтылат.

2017-жылы дүйнөдө өндүрүлгөн урандын 50% ушундай усул менен өндүрүлсө, Казакстанда бул көрсөткүч 100% түзөт. Өлкөдө 2009-2018-жылдары 211 миң тонна уран өндүрүлүп, эл аралык кардарларга сатылган.

Өзбектандын уран өндүрүү саясаты

Өзбекстандын жетечилиги уран иштетүүгө чоң маани берет. Өлкө уранды өндүрүү боюнча Орусиядан кийинки 7-орунда турат. Ушу тапта Өзбекстанда урандын жети кени туруктуу иштетилет. Навои тоо-кен комбинатына 17 кенден уран рудасы ташылат. Республика жалпысынан урандын чийки заты бар 40 кенге ээ.

1994-жылдан баштап Навои комбинатында жер астында атайын жасалган скважиналарды пайдаланып уранды рудадан бөлүп алуу ыкмасы колдонулат. Анын натыйжасында мурда рентабелсиз же чыгашалуу жана жарды деп эсептелген рудалардын эсебинен уранды өндүрүү күчөтүлгөн.

Арийне, Өзбекстан уранды бүтүндөй эл аралык керектөөчүлөргө сатат. Ташкент Москвадан өз алдынчалыгын жарыялагандан кийинки 1992-жылдан баштап АКШга уран сатат жана 2017-жылы АКШ менен жети жылдык келишим түзгөн. Келишимдин жалпы суммасы 300 миллион доллар. («Тыйындан сом куралат»).

Навои тоо-кен комбинаты (мамлекеттик ишкана) 2014-жылы индиялык UCIL компаниясы менен беш жылга келишим түзүп, 2019-жылга дейре жылына 500 тоннага чейин уран сатып турду. Былтыр январда президент Шавкат Мирзиёев Индияга расмий сапарга барганда өзбек уранын экспорттоо жөнүндө узак мөөнөттүү жаңы келишимге кол коюлган.

Өзбекстандын Геология комитети 2019-жылы күздө Франциянын «Orano Mining S.A» компаниясы менен теңшерик ишкана түздү. Орток ишканадагы француз тараптын үлүшү 51%, өзбек тараптыкы 49%. «Orano Mining S.A» – Франциянын атом өнөр жайынын лидери. Анын ири акционерлеринин бири (45,2%) - француз өкмөтү.

Жаңы ишкана биздин Кызыл-Омпол уран кениндей «кумдак» талаа тибиндеги Жаңыкудук, Түндүк жана Түштүк Женгелди аянттарында геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзөт. Эгер уран кору келечектүү деп табылса, кенди чогуу иштетишип, өндүрүмүн тышкы базарга чогуу сатышат.

Айрым маалыматтарга караганда, Өзбекстанда уран өндүрүү жана кайра иштетүү боюнча Навои ТККнын негизинде мамлекеттик ишкана түзүлмөк болуп жатат. Ал эми «Алмалык тоо-кен» акционердик коому жалаң сер баа металлдарды өндүрчү ишкана болуп калмакчы.

Бүгүнкү өзбек бийлиги минералдык байлыктарын иштетүүгө мурдагы жылдардан да терең киришип жатканы байкалат. «Минералдык жана чийкизат базасын 2020-2021-жылдары өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасында» быйыл пайдалуу кен байлыктарынын келечектүү аянттарын изилдөө жалпы изилдөө иштеринин 35% түзсө, келерки 2021-жылы 40% түзүшү керек. Максат - алтын, күмүш, жездин корун тактап, аларды өздөштүрүүгө тышкы капиталды тартуу.

Чет элдик инвесторлорду кендерди геологиялык чалгындоо жана издөө иштерине кызыктырыш үчүн аларга колго кирчүдөй өлчөмдө акчалай сыйлык-бонус убада кылынган. Бонустун суммасы 2018-жылы декабрда көмүрсуутек, алтын чалгындоо жана издөө үчүн орточо 256,3 миң доллар; күмүш, плантина рутений, родий, палладий, осмий, иридий сыяктуу кымбат баа, асылзат, сейрек металлдарга 25, 6 миң доллар; башка пайдалуу кен байлыктарга 12,8 миң доллар; руда эмес пайдалуу кен байлыктарга (гранит, акташ, мрамор, фосфорит, апатит, күкүрт ж.б.) 2560 доллар болгон. Бонустун өлчөмү жыл сайын такталып, өзгөртүлүп турат.

Президент Шавкат Мирзиёевдин эркине ылайык, Өзбекстан Москванын насыясын жана өз каражатын пайдаланып АЭС курганга бел байлады. Энергетика министри билдиргендей, АЭСтин биринчи энергоблогу 2028-жылы пайдаланууга берилиши керек. Атомдук электростанция толук ишке кирсе, абага көмүр кычкыл газын бөлүү 14 миллион тоннага, азот кычкылын бөлүү 36 миң тоннага азаят деп болжолдонууда. Анткени АЭС жылына 3,7 млрд. кубометр газды үнөмдөөгө жол берет. Өкмөттүн эсебинде, үнөмдөлгөн көгүлтүр отунду сыртка сатуудан казынага 550-600 миллион доллар пайда түшөт.

Украинада жеке бизнес да уран өндүрөт

Украина дүйнөдө уран өндүрүү боюнча 9-орунду ээлейт. Расмий Киев 2017-жылы алгач ирет жеке менчик компанияларга уран өндүрүүгө уруксат берип, мамлекеттик монополиядан баш тарткан. Төрт уран кенин иштетүүгө лицензияны «АТБ-Маркет» компаниясынын ээлеринин бири, миллиардер Г. Буткевич да алган. Буткевичтин бир нече күн мурда «Дмитрий Гордондо конокто» ТВ берүүсүндө айтканына караганда, анын ээлигиндеги АЭСУ компаниясы уранды АКШда, Казакстанда, Кытайда, Орусияда колдонулган ПСВ усулу боюнча өндүрөт. Бул мисал Казакстан уран өндүрүүдө дүйнөдөгү эң алдыңкы технологияны колдонгонун, анын тажрыйбасын башка өндүрүшчүлөр колдонууга алып жатканын айгинелейт.

Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттик - МАГАТЭнин маалыматына ылайык, 2019-жылы дүйнөдө 449 өзөктүк реактор иштеп жатса, дагы 54 реактор курулуп жаткан.

АЭС курулуп жаткан өлкөлөрдүн катарында 15 жаштан жогору курактагы элинин 39% жана 15-24 жаштагыларынын 17% кат тааныбаган Бангладеш да бар.

Дүйнөлүк өзөктүк ассоциациянын божомолу боюнча, 2030-жылга өзөктүк реакторлордун саны 45%, алардын кубаттуулугу 56% көбөйүп, 579 ГВтка жетет. Натыйжада 2030-жылы уранды жылдык керектөө 103 тоннага жетет.

Бүгүн дүйнөлүк уран өндүрүү жылына керек болгон 10-12% ордуна 4-5% өсүүдө. Ошентип 2018-жылы уранга болгон талап 83% гана канааттандырылган. Мындай жагдайда Казакстан менен Өзбекстандын уран өндүрүүнү көбөйтүү аракети жана Г. Буткевичтин береги тармакка келиши баарынан мурда илимий-экономикалык эсептөөлөргө негизделген кадам десек туура болчудай.

Сабатсыздыкпы же жетекчиликтин катасыбы?

Ал эми кыргыз өкмөтүнүн уран кендерин издөө, чалгындоо жана иштетүүгө тыюу салып, атаандаштарга базардан өз ыктыяры менен орун бошотуп бериши анын экономикалык жактан сабатсыз жана уран өндүрүшүндө акыры жарым кылымга жакын убактан бери колдонулган коопсуз технологиядан кабарсыз экенин, уран өндүрүү боюнча сабаттуу адистер өлкөдө жоктугун ашкере кылып жаткан жокпу деген күдүк ойду жаратат. Андан тышкары өкмөттүн республика эгемендик алган алгачкы жылдарынан баштап эле уран жана башка минералдык байлыктарын иштетүүдө коңшулаш Казакстан, Өзбекстан сыңары адистешкен чоң компаниялар менен эмес, аты-заты белгисиз жана лицензиясын башка кардарларга сатып, жеңил киреше табууну көздөгөн арсар компаниялар менен келишим түзгөнү ушундай деп боолгологонго түртөт.

(Эгер «ЮрАзия» компаниясынын башкы директору С. Менгдин айтканына ишенсек, 2010-жылы Кыргызстанда урандын чийкизатын издөө, геологиялык чалгындоо жаатында 35 компания иштеп жаткан).

Жогорудагы фактылар кыргыз өкмөтү республиканын кен байлыктарын иштетүү боюнча туруктуу саясат жүргүзбөгөнүн, 1990-жылдардын башында Кумтөр алтын кенин өздөштүрүү канадалык компанияга берилгенде баасы жең ичинен кандай бычылса, дал ошол өнөкөт кийин да улантылып келгенин жышааналайт.

Кызыл-Омпол уран кенин иштетүүгө каршы нааразылык акциялары өтүп жатканда, ошондой эле тийиштүү мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште даярдалып жатканда не президенттик администрация, не өкмөт, не Илимдер академиясы, не «Кыргызстандагы ЮрАзия» компаниясынын адистери медиа аркылуу Кызыл-Оспол кенинде кандай технология колдонору, ал канчалык коопсуз экендиги тууралуу жалпы журтка түшүндүрмө бербегени да жогорудагыдай жоромол кылууга негиз берет. Ушундай эле жымжырттыкты өлкөнүн башка аймактарындагы кендерди иштетүүгө жергиликтүү эл каршы чыканда да көрүп жүрөбүз.

Мен өзүм Кызыл-Омпол уран кендерин иштетүүнүн бүгүнкү технологиясы, анын кооптуу жана коопсуз жактары тууралуу уран өндүрүү боюнча адистин бир да пикирин таппадым. Бирок анын зыяны жөнүндө түркүн кесиптеги адамдардын, анын ичинде илимпоздордун, коомдук жана саясий ишмерлердин пикирлери жайнайт. Бул сөз алтын, көмүр жана башка кендерге да тиешелүү.

Дүйнөлүк өзөктүк ассоциациянын маалыматына ылайык, 2012-жылы эле Геология жана минералдык байлыктар боюнча мамлекеттик агенттик тарабынан уран жана башка сейрек металлы бар кендерди иштетиш үчүн 18 лицензия, ал эми уранды жана сейрек металлдарды чалгындаш үчүн 21 лицензия берилген.

Бул лицензиялардын 1-январдан тартып күчүн жоготушу, буга чейин уранды издөө, чалгындоо жана иштетүү боюнча лицензия ээлери кетирген чыгымдардын талаага кеткени үчүн ким жооп берет?

Албетте, биринчи кезекте эгемен өлкөнүн биринчи жетекчилери деп ойлойм. Себеби, Аскар Акаевдин кезинде башталып, Алмазбек Атамбаевдин тушунда да токтобогон премьер-министрлер менен өкмөт мүчөлөрүн алмаштыруу кызматтан кеткен министрлерди жоопкерчиликтен куткарып турган. Өкмөттү тез-тез алмаштыруу элдин турмушун кой, өлкөнүн башкаруунун сапатына да тескери таасир этери эзелтен маалым.

Бул барып, өкмөттүк кызматкерлер арасындагы жемкорлукту пайда кылды. Жемкорлук кокустук эмес, кеңири жайылган дартка айланганына акыркы айларда эле Транспорт министрлигиндеги жана башка мекемелердеги жооптуу кызматкерлердин пара алып жатып кармалганы, кээ бир вице-премьер, экс-министрлердин куйругун кыпчып, сыртка качып кетиши айкын далил.

Ат тезегин кургатпай кадр алмашуу өз кезегинде жооптуу кызматка келген адамдардын жумушка такшалып бышуусуна, адис катары өсүшүнө кедергисин тийгизген. Премьерлер менен министрлерди чакмак таштай алмаштыруу өкмөттүн экономика тармагында белгилеген иштеринин аткарылышын көзөмөлдөөнү такыр эле бошоңдоткон. Андай иштер белгиленсе да кагаз бетинде гана калып, экономикада реалдуу из калтырган эмес.

Өкмөттү тез-тез алмаштыруунун кесепети

Ушинтип отуруп, бийликтин «девальвациясы» башталды, куну кетти. Кийинки президент менен премьердин, министрлердин өздөрүнөн мурунку президенттер, премьер-министрлер, министрлер иштеп турган кезинде кабыл алынган милдеттенмелерди, келишимдерди, алар бекиткен экономикалык иштерди улантуу салты түптөлбөдү. Анын айкын мисалын курамында ураны бар чийкизаттарды жана таштандыларды ташып келүүгө, уран жана торий кендерин геологиялык изилдөөгө, чалгындоого жана иштетүүгө тыюу салган мыйзамдан, ошондой эле жергиликтүүлөрдүн каршылыгынан улам «Ат-Башы» өнөр жай, соода-логистикалык борборунун курулушун инвестордун токтоткон чечиминен көрдүк.

Болбосо уранга байланыштуу мыйзамдын кесепетинен Кара-Балта тоо - кен комбинаты жалпысынан 70 миллион долларга жакын кирешеден кол жууй турганын, ал эми казынага салык иретинде 500 миллион сом түшпөй каларын Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана кен байлыктарын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитети эскертпеди беле?.. Болбосо Ат-Башыдагы логистикалык борбордун курулушуна капсула салуу салтанатына былтыр 11-декабрда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өзү барып катышпады беле!

Эми кыргыз өкмөтү, 24-февралда Kaktus.media сайты маалымдаганына караганда, логистикалык борборду куруш үчүн бөлүнгөн жерден улам айыл чарба жана токой чарба өндүрүшүнө келтирген чыгымы үчүн төккөн 45 миллион сомду кытайлык инвесторго төлөп бергени турат. Бул акча, албетте, өкмөттүн кайсы бир мүчөлөрүнүн чөнтөгүнөн эмес, бюджеттен өөнөп алынат да.

Мындайда, англис коомдук ишмери жана публицисти Эдмунд Бёрктун «Өкмөт ийкемдүү болушу абзел, бирок анын өзү кабыл алган чечимдерди аткарууда катаал болушу зарыл» деген накыл кебин эске салып койгондон башка арга жок.

Ырас, уран кендерин иштетүүгө тыюу салуу тууралуу мыйзамга каршы пикирим, аны ураалап кабыл алган көпчүлүккө жакпас. Андай мекендештеримден: «Коңшулаш Казакстан, Өзбекстан жана башка 30дай өлкө уран өндүрүп жатканда Кыргызстан уран өндүрмөк тургай чалгындоого жана издөөгө тыюу салганы сизди ойлонтподубу?» деп сурайт элем...

(Автордун пикири «Азаттыктын» көз карашын билдирбейт)

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (10)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG