Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-июль, 2020 шейшемби, Бишкек убактысы 19:32

Шайлоо: Почта аркылуу добуш берүүгө даяр эмеспиз


Атыр Абдрахматова.

Пандемия шайлоо уюштуруунун жол-жоболоруна да таасир этчүдөй. Почта же Интернет аркылуу добуш берүүдө кандай бурмалоого же калпыстыктарга жол берилиши мүмкүн?

Пандемия шайлоолорду уюштуруунун жол-жоболоруна да таасир этчүдөй. Жакында Орусияда федералдык жана жергиликтүү шайлоодо, референдумдарда аралыктан добуш берүү тууралуу мыйзам кабыл алынды. Ага чейин Польша парламентинин жогорку палатасы почта аркылуу добуш берүүнү жактырган. Сыягы, аралыктан добуш берүү формасын башка өлкөлөр да караштырышы ыктымал.

Ошол эле учурда Түштүк Корея же Беларустай болуп пандемияга карабай добушканаларды ачууну тандагандар да бар.

Почта же Интернет аркылуу добуш берүүдө кандай бурмалоого же калпыстыктарга жол берилиши мүмкүн? Биздин суроолорубузга Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Атыр Абдрахматова жооп берди.

- Почтадан добуш бергенде кандай бурмалоого жол берилиши ыктымал? Купуялык канчалык сакталат?

- Мисалы, Кыргызстанда почта кандай иштей турганын алсак, биринчиден, почта бардык эле жерге жетпейт. Экинчиден, ошол эле үй комитети (үйком), квартал башчылар ар бир жерде, ар бир үйдө кандай пикирдеги адамдар жашай турганын жакшы билишет. Оппозициялык маанайдабы же кайсы саясий партияга жан тартары, мамлекеттик же муниципалдык бийликте иштей турганы - кыскасы, бардык маалымат бар. Анан административдик ресурс колдонулганда ошол маалыматты чогултуп беришет. Буга чейинки шайлоолордо оппозициялык пикирдеги айрым шайлоочулар өздөрүн тизмелерде таппай калган учурлар тууралуу көп даттанганын билебиз. Анткени үйком, квартал башчылар аларды атайлап белгилеп коюшат деген дооматтар айтылып келди.

Почта менен добуш берүү киргизиле турган болсо да ошондой болуп кетиши ыктымал. Почтальондор - ошол эле мамлекеттик же муниципалдык кызматкерлер. Тилекке каршы, бизде мугалимдер, дарыгерлер же милиция кызматкерлери административдик ресурстун куралы катары колдонулуп келген. Почтальондор да ошондой курал болуп калат.

Айталык, бюллетенди алып шайлоочуга барат, бирок кирбей эле кетип калат. «Барсам, жок экен», - деп жооп берип коёт. Ал кишинин бар-жогун ким текшермек эле? Почтальонду коштоп барган кишилер тастыктап береби же жокпу, ким билет? Аларга да ишенич жок. Анан, айталы, келди, добушумду алып кетти. Ал чапталган конверттеги бюллетенди алмаштырып коюшу да мүмкүн. Кагаз жүзүндө добуш бергенде бюллетендерде номур жок болушу керек. Ошондо гана добуш берүүнүн купуялыгына кепилдик берилет. Бюллетенде номур бар болсо, анда ал аркылуу ким добуш бергенин оңой эле аныктап койсо болот. Бирок номуру жок болсо, ошол эле почтальон аны ыргытып, башкасын салып койсо ким далилдеп, тастыктайт? Мен Польшадагы саясий окуяларга көз салып атам. Алар дал ушул нерсеге нааразы болуп жатышат. Купуялык канчалык сакталат? Почтальондор өз ишин так аткара алышабы?

- Ал эми электрондук добуш берүүнүн кибер чабуул коркунучунан башка кандай терс жактары бар?

- Почтага анча ишенбестик менен карасак да, биз каалайбызбы, каалабайсызбы, баары бир Интернетке өтө тургандай болуп калат окшойбуз. Анткени бул замандын чакырыгы болуп жатат. Маселен, ошол эле Эстония өткөн жылдары Интернет менен добуш берүүнү абдан ийгиликтүү колдонду жана элдин колдоосуна ээ болгон шайлоо системасын түздү. Анткени Эстонияда IT кызматкерлерге, IT тармакка чоң көңүл бурулуп, добуш берүү процессинде ар бир жаран, ар бир шайлоочу каалаган жеринен өзүнүн телефонунан же компьютеринен, ноутбугунан кирип, атайын кодду киргизип, эки-үч текшерүүдөн өтүп добуш берет. Анан добуш берүү процесси бүткөнгө чейин кайрадан кирип, тандоосун өзгөрткөнгө да мүмкүнчүлүгү болот. Албетте, хакердик чабуул болушу мүмкүн. Жеке маалыматтын коопсуздугу, добуш берүүнүн жыйынтыктары канчалык коопсуз боло алат деген маселени дүйнө жүзүндөгү бардык мамлекеттер талкуулап жатышат.

Былтыр Москва шаардык кеңешине шайлоо өткөн. Ошондо кээ бир шайлоо участокторунда эксперименталдык түрдө онлайн добуш берүү болгон. Добуш берүүгө он миңге жакын шайлоочу катышса, ошолордун көпчүлүгүнүн добуштары бийлик көрсөткөн талапкерлерге берилген экен. «Интернет аркылуу добуш берүү көз каранды эмес, ачык-айкын, так, коопсуз болгон жок» деген пикир жаралган.

- Азыркыдай пандемия убагында коомдун саламаттыгы, албетте, маанилүү. Бирок демократиялык процесстер да уланышы керек да. Кыргызстанда да жергиликтүү шайлоо жылдырылган, күзүндө парламенттик шайлоо өтүшү керек. Ушундайда кандай жолдор бар?

- Түштүк Корея шайлоо жараяны боюнча эң мыкты тажрыйбаны көрсөттү. Менин билишимче, алардагы добуш берүүдөн кийин эпидемия кайрадан күчөгөн жок. Алар коопсуздук маселелерин абдан кылдаттык менен чечкенге аракет кылышкан. Социалдык аралыкты сакташкан, комиссия мүчөлөрү, добуш берүүчүлөр өздөрү коргоочу кийим, мээлей кийишкен, беткап тагынышкан.

Бизде 12-апрелде айрым жергиликтүү кеңештерге шайлоо болмок. Биз аны кийинкиге жылдырдык. Мен шайлоону жылдырууну өзүм да талап кылгам. Анткени биз коопсуздук маселелерин, элдин саламаттыгын канчалык деңгээлде сактай алабыз деген чоң маселе жаралган. Азыр эми өкмөттүн пандемияга даярдыгы кандай экенин көрүп, биз чындап эле туура кылыптырбыз деген ойлоп жатам.

Азыр биздин алдыбызда жергиликтүү кеңештерге шайлоо менен парламенттик шайлоону кандай өткөрүш керек деген эки чоң суроо турат. Парламенттик шайлоо октябрда болушу керек. Эгерде пандемиянын экинчи толкуну башталса, анда парламенттик шайлоону эмне кылабыз деген суроо жаралат. Биз ошондо Польшанын тажрыйбасын алабызбы же кандай кылабыз деген талкуу болуп жатат.

Бир нерсени белгилейин: биздин Конституция боюнча парламент, президент мыйзам чегинде өз мөөнөтүндө алмашып турушу керек деген принцип бар. Бийлик сөзсүз түрдө алмашып турушу керек. Азыр эми биз пандемияга шылтап шайлоону белгисиз мөөнөттөргө жылдырсак, канчалык деңгээлде бул Конституцияда көрсөтүлгөн талапка ылайык келет? «Парламенттик шайлоо жылсын» деген сөздөр башталса, анда эл өзүнүн коопсуздугун, ден соолугун ойлобой эле ушундай сапаттагы парламенттен тезирээк кутулганга аракет кылат.

Бирок биз ушундай сапатсыз бийликтен же башкаруучулардан арылабыз деп көпчүлүк элди оорутуп алганыбыз да туура эмес. Азыр мен үчүн да бул чоң суроо болуп атат. Парламенттин мөөнөтүн узартып коюу канчалык деңгээлде зарыл? Бирок алардын мөөнөтүн узартпай шайлоо өткөзүш керек, коомдук саламаттык коопсуздук маселесин чечиш керек. Ага кепилдик бере алабызбы? Элдин, участкалык шайлоо комиссияларында иштегендердин ден соолугун сактай алабызбы? Мен жеке өзүм да ушул суроолорго жооп беришим керек болуп атат. Анткени Жогорку Кеңешти жөн койсок, элге каршы мыйзамдарды кабыл ала берсе, жашообуз кыйын болот. Бирок аларды кетирип, жаңыларды алып келиш үчүн элди оорутуп албайбызбы? Эми биз коронавируска чалдыккандардын көбөйүшүнө же азайышына жараша чечим кабыл алабыз.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (1)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG