Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:34

Сузактык карыя президентке кайрылды


Алымжан Файзуллаев.
Алымжан Файзуллаев.

Сузак районунун 77 жаштагы тургуну Алымжан Файзуллаевдин президент Сооронбай Жээнбековго кайрылуусун Башкы прокуратура териштирип жатат.

Даттанууга карыянын пенсиясын ссуда үчүн кармоо тууралуу соттун былтыр чыгарган чечими себеп болгон. 21 жыл мурдагы селде жабыркагандардын жоон тобу учурунда алган ссудаларын өкмөткө пенсияларынын эсебинен кайтарып берип жатат.

Сузак айылынын тургуну Алымжан Файзуллаев 1998-жылы алган мамлекеттик ссудасын өкмөткө былтыркы жылдын май айынан тартып пенсиянын эсебинен төлөп келатат. Анын 7978 сом пенсиясынын жарымын ссуда үчүн карызына төлөп берүүгө милдеттендирген чечимди Сузак райондук соту былтыр чыгарган.

Алымжан Файзуллаевдин кесиби агроном. Ал айыл чарба тармагында 48 жыл эмгектенген. Ошондуктан ал карызды пенсиянын эсебинен өндүрүү мыйзамга каршы келет деп эсептеп, «карыганда мамлекет пенсиямды да мыйзамсыз тартып алып жатат» деп кейиди:

«Пенсияны кармап калууга эч ким уруксат бербейт. Мыйзамда карызды өндүрүү айлык-маяна жана башка булактар аркылуу болору көрсөтүлгөн. Ал кошумча шыктандыруучу маяна же мүлктү ижарага берүүдөн түшкөн пайда. Менде маяна да, ижара акы да жок. Эч нерсе таба албай, менин пенсияма асылып, ошонун жарымын кармап жатышат».

Сузак райондук сотунун чечимине нааразы болгон Файзуллаев Бишкектеги Сот аткаруучулар департаментине кайрылып, майнап чыгара албаганда президентке да кат жазганын айтты:

Жарандык кодекске ылайык доо коюу мөөнөтү 3 жыл деп белгиленген. Карызды өндүрүү иши башталган 2001-жылдан кийин доо коюу мөөнөтү 11 жылга эскирген соң сотко берип жатпайбы?

«Ушул жылдын 21-февралында президент Сооронбай Жээнбековдун Сузак районунун тургундары менен болгон жолугушуусунда ушул багыттагы катымды мен президентке бергем. Ал боюнча мага жооп келген жок. 3 айдан кийин өкмөттүн облустагы өкүлүнүн аппаратына жөнөткөн экен, алар чакырып сурап коюшту. Маселе ошол бойдон калды. Кайрылууда жарлыктар туура эмес чыгарылганын, өкмөт өз токтомдорун аткарбай, Жогорку Кеңеш кабыл алган токтомдорун көзөмөлдөбөй жатканын жаздым. Анткени Жарандык кодекске ылайык доо коюу мөөнөтү 3 жыл деп белгиленген. Карызды өндүрүү иши башталган 2001-жылдан кийин доо коюу мөөнөтү 11 жылга эскирген соң сотко берип жатпайбы? Улуттук банкка караштуу фонд менен түзүлгөн келишимди, Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттиктин «Турак жай - социалдык өнүгүүнү насыялоо фонду» жаңылабай туруп эски документ менен сотко берип жатпайбы? 2014-жылы өкмөттүн токтому менен карыздарды төлөө мөөнөтү 5 жылга узартылган. Булардын баарына сот көңүл бөлбөй туруп, менин үстүмдөн коюлган доону 2014-жылы канааттандырып берди. Ушул мыйзамсыз чечимдер боюнча азыркыга чейин калыстык таба албай келе жатам».

1998-жылдын майында нөшөрлөгөн жаандан кийин Көк-Арт дарыясынын дамбасын суу алып кетип, 12 миң калкы бар Сузак айылын сел каптаган. Суу ташкынынан келтирилген чыгымдарды компенсациялоо максатында ошол эле жылы өкмөттүн токтому менен Сузакта «Турак жай - социалдык өнүгүүнү насыялоо фонду» уюштурулуп, Улуттук банктын карамагына берилет. Фонд аркылуу ошол жылы Сузакта жабыркаган 871 үй-бүлөгө 44,2 млн. сомдук аз пайыздуу ссуда иретинде мамлекеттик насыя берилген. Айыл тургуну Алымжан Файзуллаев жабырлануучулардын катарында 102 миң сом кайтарымдуу ссуда алып, бирок убагында кайтара албай калган. Ошондон бери карыя өзү өңдүү ссудаларын төлөй албагандардын катарында сотко кайрылып, бирок майнап чыгара албай келатат.

«Турмуш шартка байланыштуу мен сыяктуу бир топ жабыралануучулар кайтара албай калышты, - дейт ал. - Келишим боюнча насыяны бизге жылдык 4% менен 10-13 жылга бериптир. Эсептей келсек 48% айланып калат экен. Анан 2001-жылы бир тобубуз чогулуп Жогорку Кеңешке насыяларды кечип берүү боюнча кайрылдык. Ошол учурдагы Эл Өкүлдөр Жыйыны «Сузак айылынын тургундары алган ссудаларды жоюу жана насыянын пайыздык бирдигин өзгөртүү жагы каралсын» деп өкмөткө токтом кабыл алып берген. Бирок өкмөт улам алмашып отуруп, ал токтом аткарылган жок. 2014-жылы гана Улуттук банк пайыздарды кечип, негизги сумманы калтырып койду».

«Турак жай - социалдык өнүгүүнү насыялоо фонду».
«Турак жай - социалдык өнүгүүнү насыялоо фонду».

Сузактыктар насыя иретинде алган ссуданы кайтаруу 2001-жылдан башталып, 2014-жылы аяктамак. Бирок тургундардын суранычы менен аны төлөөнүн мөөнөтү 2018-жылга чейин узартылган. Сузактагы «Турак жай - социалдык өнүгүүнү насыялоо фонду» карызды өз убагында кайтарбаган 466 адамды сотко берген. Фонддун мурунку эсепчиси жана адиси Зияда Эргешова бардык адамдар мамлекеттик карызды кайтарууга милдеттүү экенин эске салды:

Карыз алган адам өз убагында кайтарышы керек болчу. Аргасыздан анан биз сотко берип, бир жылдан бери пенсиясы аркылуу төлөтүп жатабыз.

«Акыркы маалыматтар боюнча элден 42 млн. 600 миң сомдон ашык акча чогултулду. Мурда пайызы менен берип жаткандар кечирилип, негизги суммасына кошулуп эсептелди. Ошентип азыркы учурда мамлекеттик ссуданы толук төлөбөгөн 66 гана адам калды. Файзуллаев Алимжан деген карыя «карызды төлөбөйбүз» деп башкаларды да үгүттөп, өкмөткө, парламентке чейин арызданып кайрылган. Карыз алган адам өз убагында кайтарышы керек болчу. Аргасыздан анан биз сотко берип, бир жылдан бери пенсиясы аркылуу төлөтүп жатабыз. Мурун түшүнбөгөн адамдар азыр эми карыздарынан толук кутулууга ниеттенип жатышат. Сот аткаруучулар кээ бирлеринин күзгү түшүмүн күтүп, айрымдарынын пенсияларынан кармап жатышат».

Алимжан Файзуллаев 2014-жылдан бери сотко, бардык бийлик бутактарына тынымсыз кайрылып, бирок карызын жойдуруу аракетинен майнап чыгара албай келатат. Маселен, президентке жана анын аппаратына эле 14 жолу кайрылганын эскерди:

«Ушунча жолу кат жаздым, бирине да реакция болгон жок. Аппаратта иштегендер «сотторго кийлигише албайбыз, башка жакка кайрылууга укуктуусуз» деп эле жооп беришет. Акыры быйыл июнь айында президенттик аппаратка жазган катыма «Башкы прокуратурага жөнөттүк, текшерилген соң жообун айтабыз» деп жооп келиптир. Мурда эле президент өз укугунан пайдаланып прокуратурага тапшырса болмок. Эгер мындан да жарытылуу жооп болбосо Эл аралык сотко чейин барам. Анткени мен Конституцияда белгиленген укугумду пайдаланып жатам. Өкмөт табигый кырсыктан жапа чеккен ар бир адамга компенсация берүүгө милдеттүү».

Учурда Файзуллаев сыяктуу 12 пенсионер пенсиясынын, бирөө маянасынын эсебинен ссудаларын төлөп жатат. 5 адам каза болгондуктан насыялары кайтарылган эмес. Калган 15 адамдын насыясын кайтаруу боюнча сот аткаруучулар үйлөрүндө иштеп жатышат.

1998-жылдын май айында болгон Сузактагы табигый кырсыктан 1200 адам жабыркаган.

Убагында аларга ссуда берген Улуттук банктын карамагындагы «Турак жай - социалдык өнүгүүнү насыялоо фонду» 2002-жылы президенттин жарлыгына ылайык Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттиктин Жарандык турак жай курулуш башкармасынын карамагына берилген. 2018-жылдын октябрь айында ал фонд жоюлуп, азыр анын ишмердүүлүгүн Финансы министрлигине караштуу Бюджеттик насыяларды башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик жүргүзүп жатат.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG