Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:09

Кыргыз-казак соодасы: Бишкек утулду


Кыргызстан менен Казакстандын карым-катнашын чагылдырган карикатура. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстан менен Казакстандын карым-катнашын чагылдырган карикатура. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда соода жүгүртүүнү 2 миллиард долларга жеткирүү максаты коюлуп жатканы кабарланды.

Буга чейин эки өлкөнүн бийлиги бул көрсөткүчтү 1 миллиард долларга көтөрүүнү макулдашкан.

Бирок азырынча өз ара сооданын көлөмү ыкчам арбыганы байкала элек.

Ошол эле кезде адистер кыргыз-казак экономикалык алакасында үстөмдүк кылуу менен Казакстан гана утуп жатканын белгилешет.

2 млрд. долларга көтөрүлгөн чек

Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы товар жүгүртүүнү кескин көбөйтүү боюнча демилге бул жолу Бишкекте кыргыз-казак ишкерлер форумунда көтөрүлдү.

20-майда өткөн жыйында эки өлкөдөн келген расмий өкүлдөр жана ишкерлер жаңы келишимдерди түзүп, алаканы жакшыртуу тууралуу идеяларын айтышты.

Казакстандын Тышкы соода палатасынын жетекчисинин орун басары Нуралы Букейханов форумдан кийин журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, эки өлкөнүн соода жүгүртүүсүн 2 млрд. долларга чейин жеткирүү пландалып жатканына токтолду.

Ал казак чек ара өткөрмө бекеттери жаңылангандан кийин мындай көрсөткүчкө жетсе болорун билдирди:

Нуралы Букейханов Бишкектеги форумда.
Нуралы Букейханов Бишкектеги форумда.

«Бүгүн биз менен түрдүү багыттарда, анын ичинде машине куруу, тоо-кен, азык-түлүк боюнча иш алып барган 18 казакстандык ишкананын өкүлдөрү келди. Ошол эле убакта Кыргызстандан да Казакстанга ишкерлер тынбай барып турат. Өз ара соода динамикабыз келечекке оптимизм менен кароого мүмкүнчүлүк берет. Анткени мурдагы жылдарга салыштырмалуу былтыр товар жүгүртүү көбөйдү жана 865 миллион долларды түздү».

Кыргыз-казак мамлекеттеринин ортосундагы товар жүгүртүүнү 1 млрд. долларга жеткирүү 2017-жылы Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаев менен Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековдун Астанадагы жолугушуусунда (азыркы Нур-Султан шаары) макулдашылган.

Ушул эле шаарда былтыр август айында кездешкен учурда Кыргызстандын өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев менен Казакстандын экс-премьер-министри Бакытжан Сагинтаев макулдашууну бекемдешкен.

2018-жылкы товар жүгүртүү казак тараптын эсебинде 865 миллион доллар болсо, кыргыз тараптын эсебинде 749,3 миллион долларды түзүп жатат. Албетте, айырмачылыктын себеби башка маселе, бирок кантсе да бул суммалар эки өлкөнүн бийлиги көздөгөн жогорудагы чекке ыкчам болбосо да, акырындап жакындап жатат.

Буга улай өкмөттөр арасында чек дагы көтөрүлүп, 2 млрд. доллар деп пландалып жатканын биле алдык. Бирок кыргыз тарап чек арадагы тоскоолдуктардан улам буга жетүү азырынча мүмкүн эмес экенин мойнуна алып калгандай.

Экономика министринин орун басары Элдар Алишеров мындай деди:

Элдар Алишеров.
Элдар Алишеров.

«Казак тараптан товар жүгүртүүнүн көлөмүн көбөйтүү жөнүндө сунуштар болуп жатат. Бирок түрдүү тоскоолдуктар болуп жатса, анын көлөмү кантип көбөйөт? Чек ара эмне болуп жатканын өзүңөр көрдүңөр. Бир аз мурдараак казак тарап кичине аша чаап, негизсиз текшерүүлөрдү киргизип алышты. Сүйлөшүүлөр жүргөндөн кийин аны алып салышты эле, азыр кайра киргизишкени тууралуу маалыматтар келип жатат. Чек арада автоунаалардын кезеги узарды. Башкача айтканда, Казакстан экономикалык эмес, жөнгө салуучу механизмдерди колдонуп, чек арада бөгөт коюп жатат. Ошондуктан биз ЕЭАБдин алкагында бул маселени көтөрүп жатабыз. «Бул уюмдун алкагындагы келишимдерди Казакстан бузуп жатат» деген маселе койдук. Биз муну чечкенге аракет кылабыз».

Үстөмдүк ымала

Эгер Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы товар жүгүртүүнүн көлөмүн жиликтесек, мунун көбүн коңшулардын экспорту түзөт. Башкача айтканда, чек арадан өткөн товарлардын 60-70% алар саткан болуп чыгат. Бир нече жылдан бери Казакстан Кыргызстанга экспортун көбөйтүп, көбөйтпөсө да артка кетирбей кармап келди.

Кыргызстандын Улуттук статистика комитетинин эсебин алсак, Казакстан Бишкекке 2013-жылы 558 миллион 618,4 миң, 2014-жылы 776 миллион 738,1 миң, 2015-жылы 553 миллион 165,1 миң 2016-жылы 437 миллион 203,8 миң, 2017-жылы 520 миллион 480,9 миң жана 2018-жылы 502,1 миллион долларлык товар сатты.

2019-жылдын январь-март айында эле коңшулар Кыргызстанга 125 миллион долларлык товар экспорттоду.

Кыргызстан менен Казакстандын соода жүгүртүүсү. Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык.
Кыргызстан менен Казакстандын соода жүгүртүүсү. Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык.

Ал эми Кыргызстандын ушул жылдарда бул өлкөгө жиберген экспорту тескерисинче артка кеткени байкалып турат. Маселен, Кыргызстан коңшусуна 2013-жылы 377 миллион 192,9 миң, 2014-жылы 367 миллион 713,4 миң, 2015-жылы 237 миллион 725,2 миң, 2016-жылы 265 миллион 476,3 миң, 2017-жылы 268 миллион 584,1 миң, 2018-жылы 247,2 миллион долларлык товар сатты. 2019-жылдын январь-март айларында Бишкек 67 миллион долларлык товар экспорт кылды.

Эмне үчүн Кыргызстан Казакстанга экспортун көбөйтө албай жатат? Экспорт-импорттун чоң айырмачылыгына эмне себеп? Кыргызстандын өкмөтү буга коңшулардан буудай, ун азыктары, көмүр сыяктуу товарлардын көп келиши менен түшүндүрөт.

Бирок эксперттер товар жүгүртүүдө Кыргызстандын Казакстанга утулуп жатышына байланыштуу өкмөттү айыпташат. Ушундан улам академик Жамин Акималиевди кепке тарттык.

Жамин Акималиев.
Жамин Акималиев.

«Экспорт - «өнүү, алдыга жылуу, киреше алуу» деген кеп, - дейт адис. – Ал эми импорт – «башка өлкөлөрдүн товарлары басып кетип, атамекендик өндүрүшчүлөрдү өлтүрүү» деген сөз. Мына, маселен «буудайды өзүбүздө өндүрүүнүн кереги жок, нанды Казакстандан сатып алабыз» деп жатып биздеги буудай эгүү токтоп, ун заводдорунун көбү банкрот болуп калды. Мен таптакыр импорт кылбай коелу дебейм, Казакстандан кээ бир товарларды албасак болбойт. Биз өзүбүздө жок товарларды алып, калган, Кыргызстанда чыга турган товарларды өндүрүү керек. Айталык, өзүбүздө кумшекер, жумуртка, эт жетишерлик бар, бирок ошонун баарын Казакстандан алып келип жатабыз. Ошол эле кезде биздин эт же башка товарлар аларга өтпөй калды. Буга биздин өкмөттүн начар иштеп жатканы, Казакстандын өкмөтү менен теңата саясат жүргүзө албаганы себеп. «Сүйлөшүп жатабыз» дегени менен ошол эле этке же башка азыктарга коңшулардын ветеринардык көзөмөлүн алдыра албай койду. Казактарды мен күнөөлөй албайм, алар да өз кызыкчылыктары менен үстөмдүк кылгысы келип жатат, бирок ошолор менен биздин өкмөт теңата сүйлөшүп, ишке ашырыш керек да! Ошентип, экспорт менен импортту жок дегенде теңдеп алууга жетишүүгө тийишпиз. Антпесе «жалпы товар жүгүртүү өсүп жатат» деп мактанганы бир тыйын. Тилекке каршы алар чектөөнү мыйзамсыз киргизип жатса да, биз унчукпай олтурабыз».

Кыргыз-казак чек арасында тизилген автоунаалар.
Кыргыз-казак чек арасында тизилген автоунаалар.

Чынында эле Казакстандын чек арадагы көзөмөлү Кыргызстан үчүн көптөн бери кыйынчылык жаратып келет. Адистердин баамында расмий Бишкек Евразия Экономикалык Биримдигине кошулганы деле бул маселени чечүүгө чоң өбөлгө болуп берген жок.

Ал тургай президенттердин маанайынан же саясий жагдайлардан улам кырдаал тескерисинче оорлоп турат. Ошол эле 2017-жылдын күзүндөгү же быйыл жаздагы кыргыз-казак чек арасындагы көзөмөлдү күчөтүү, андан улам өтө албаган жүздөгөн автоунаалардын узун кезеги буга даана мисал.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы тыгын
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:55 0:00

Коңшулардын мындай чектөөлөрү жана ири товарга ээ болгон казак өндүрүүчүлөрүнүн басымы Кыргызстанда бир топ тармактарды талкалап жатканын жергиликтүү ишкерлер да белгилешет.

Кыргызстандын Канаттууларды багуучулар ассоциациянын төрагасы, ишкер Рустам Осмоналиев мындай дейт:

Рустам Осмоналиев.
Рустам Осмоналиев.

«Биздин тоок заводдордун, фермалардын Казакстанга экспорту жокко эсе. Биздин тармакта бир да товар экспорттобойбуз. Мүмкүнчүлүгүбүз бар, бирок тоскоолдуктардан улам ал ишке ашпайт. Маселен асыл тукум тоокторду тирүүлөй сатууну Кыргызстан ЕАЭБге киргенге чейин ишке ашырып келген, бирок уюмга киргенден кийин Казакстанга сата албай калдык. Анткени Казакстан уюмдун бирдиктүү реестрине Кыргызстандын компанияларынынын киргизилишине жасалма түрдө бөгөт коюп жатат. Алар өздөрүнүн ата мекендик тоок өндүрүшчүлөрүн, бизге тоскоолдук кылуу менен колдоп жатат. Ошол эле кезде тескерисинче Казакстандан жумуртка, тоок эттерин бизге мыйзамсыз ташуу кескин көбөйдү. Алар тастыктамасыз, салыксыз Кыргызстанда сатылып жатат, үстөмдүк кылып жатат. Натыйжада биздин Кыргызстандагы канаттууларды багуучулар, тоок фермалар жоголуп кетүү коркунучуна кептелип калды. Бул Кыргызстан менен Казакстандын соода алакасында Казакстан гана утуп жатканына бир далил».

Буудай, көмүр жана канттан сырткары Казакстандан Кыргызстанга негизинен күйүүчү май, ичимдик, суусундук, азык-түлүк, мал жана тери, курулуш материалдары, автоунаа, анын тетиктери жана башка товарлар алынып келет.

Ал эми Казакстанга мал-жандык, сүт жана сүт азыктары, жашылча, мөмө жана кургатылган жемиштер, курулуш материалдары, үй буюмдары кетет. Бишкек коңшусуна мындан сырткары электр энергиясын, лампа жана электр мештерин да сатат.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG