Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:06

Элдик курултай боюнча талаш токтой элек


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Курултай институтунун макамы боюнча Конституциялык кеңешменин мүчөлөрүнүн ортосунда ажырым тереңдеди. Алардын айрымдары кеңешмеде сунушталып жаткан долбоор боюнча өлкөдө «төртүнчү» бийлик түзүлүп, «суперкурултай» бийлиги орнойт деп тынчсызданып жатышат.

Жогорку Кеңеш 17-ноябрда коомдук талкууга чыгарган Баш мыйзамдын жаңы долбоорунда президенттин укуктары кеңейтилип, мамлекеттик башкарууга Элдик курултай институту киргизилген. Анын жоболору долбоордун 7-беренесинде кеңири жазылган. Ага ылайык, курултай институту «коомдук маанилүү маселелер боюнча чечимдерди» кабыл алып, аларды мамлекеттик органдардын кароосуна киргизе алат.

Дал ушул элдик курултай тууралуу түшүнүк 20-ноябрдан бери иштеп жаткан Конституциялык кеңешмедеги эң талаштуу маселелердин бирине айланды. Конституциянын долбооруна байланышкан жыйындардагы маалыматтарга караганда курултай боюнча жалпысынан 15 долбоор сунушталган. Алардын авторлору андай долбоорлордун алды 2001-жылдан бери колдоо таппай келатканын айтып, бул институт кирсе чыныгы элдик бийлик орнойт деп ынандырып жатышат.

Андай авторлордун бири - Конституциялык кеңешменин мүчөсү жана «легендарлуу» парламенттин депутаты Мар Байжиев.

Мар Байжиев.
Мар Байжиев.

«Муну туура эмес түшүнүп жатышат, - деди ал. - Элдик курултай «бийликти көзөмөл кылып текшерип турат» деп жазылып турат. Элдик бийлик болушу керек. Алар Жогорку Кеңешти, президентти, Жогорку соттун төрөгасын өзү шайлайт. Бирок ишине кийлигишпейт. Жылдын аягында гана аткарылган иштер боюнча алардан отчёт алып турат. Муну толук окубай эле каршы чыгып жатканына түшүнбөй турам».

Конституциялык кеңешменин мүчөсү, Улуттук илимдер академиясынын Тарых, археология жана этнология институтунун директору Абылабек Асанканов курултай институтун колдобогондордун катарында. Анын пикиринде Кыргызстан дүйнөлөшүү заманында, эл аралык коомчулуктун бир бөлүгү катары жашап жатканын эстен чыгарбаш керек.

Абылабек Асанканов.
Абылабек Асанканов.

«Алар «бир пикирге келе элекпиз, Дастан Сарыгуловдуку, Мар Байжиевдики жана башкалардыкы болуп дагы беребиз» деп жатышат. Ушунун өзү, демек, курултайчылардын ичинде бир пикир, бирдиктүү концепция жок деген кеп. Азыр курултайды коё туруп, Кадыр Кошалиев өзүнүн пикирин айткандан кийин гана биздин коомго жана дүйнөлүк тажрыйбага жараша кабыл албайлыбы?! Экинчиден, бул жерде «биз кыргыз мамлекетин түзүп жатабыз, Конституцияны кыргыздар жазышы керек» деп айтылды. Эч убакта унутпайлы – биз дүйнөлүк масштабда жашап, укуктук, жарандык коом куралы деп жатабыз, улуттук эмес. Кыргыздар элдин үчтөн экисин гана түзөт. Көпчүлүк болобу, азчылык болобу, эч кимге артыкчылык бербешибиз керек».

Буга чейин Конституциялык кеңешмеде курултай идеясынын демилгечилеринин бири, «Кыргыз жолу» коомунун төрагасы Кадыр Кошалиев Кыргызстандын аталышын Кыргыз Эл Республикасы деп атоо жөнүндө демилге көтөрүп чыккан. Анын айтканына караганда «курултайчылар» ушул бейшембиде кеңешмеге бирдиктүү концепция сунуш кылганы жатат.

«Бийликтин ээси эл экени Конституциянын эң башында жазылган, - деп түшүндүрдү ал. - Курултай коомдук институт болушу керекпи же мамлекеттикпи деген талкуу көпкө созулду. Коомдук деген акыркы убакта пайда болгон термин. Биз курултайды элдик бийлик институту катары, багыттоочу, көзөмөлдөөчү элдик бийлик органы катары киргизүүнү сунуш кылып жатабыз. Ал эми коомдук, кеңеш берүүчү болсо, анда өкмөттүк эмес уюмдун эле бир түрү болуп калат. Ага биз каршы болуп жатабыз. Мындай позициядагылар коомчулукта дээрлик көпчүлүктү түзөт».

Кеңешмедеги буга чейинки талкууларга караганда элдик курултайды жылына бир ирет чогулуп, президенттин отчётун угуучу коомдук институт катары калтыралы деген сунуш басымдуулук кылууда.

Быйыл күзүндө парламенттик шайлоонун жыйынтыктарына нааразы болгондордун митингинен кийин бийлик алмашкан соң Садыр Жапаров президенттин милдетин аткарып, кийин шайлоого аттанган. Ал өкмөт башчылык кызматын токтотконго чейинки акыркы интервьюларынын биринде Конституциянын жаңы долбоору тууралуу пикирин билдирип:

«Жаңы кирип жаткан долбоордо башкарууда бир эле башчы болсун жана парламент калсын деп жатабыз. Бүгүн кандай? Парламенттик башкаруу деп жатабыз. Утуп келген партиялардын үчөө биригип алып мамлекетти үчкө бөлүп, бардык кызматка «итибай-чотубайын» деле коюп атат. Азыркы аксап турганыбыз ушундан болуп атат. Биз ушундай кылбай, мындан ары элдик Конституция болсун, мамлекеттин кызыкчылыгына иштесин деген Конституцияны түзүп жатабыз. Менин сунушум: өкмөт менен президентти бириктирип, бир эле аппарат болсун деп жатабыз. Анан курултай кирсин деп жатабыз», - деп айткан.

Анткен менен коомдук-саясий чөйрөнүн Конституциянын жаңы долбооруна каршы чыккан тарабы президенттин укуктарын кеңейтүү, курултай институтун киргизүү өңдүү жоболор колдоо тапса, өлкөдө авторитардык башкаруу орнойт деп тынчсызданып жатышат. Күн алыс өтүп жаткан мындай талкуулардын бирин 1-декабрда юристтер тобу уюштуруп, Баш мыйзамдын жаңы долбоорундагы коркунучтар жана чакырыктар тууралуу кеп кылышты. Алар Баш мыйзамда жалпы адамзат баалуулуктарына, адам укуктарына доо кетире турган жоболор бар деп эсептеп жатышат.

Баш мыйзамдын жаңы долбоору жана аны референдумга алып чыгуу тууралуу мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин 80 депутатынын колу менен жалпы элдик талкууга чыккан. Кийин алардын айрымдары ага авторлош эмес экенин билдиришкен.

Долбоорду талкуулаш үчүн 20-ноябрда Конституциялык кеңешме түзүлгөн.

XS
SM
MD
LG