Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:53

«Бир үйдө жашаган төрт кыргызга вирус жукту»


Москва.
Москва.

Орусиянын Москва шаарында бир үйдө жашаган эки кыргызстандык үй-бүлөдөн коронавирус чыкты. Алар эки жумадан бери үйүндө дарыгерлердин көзөмөлүндө жатышат.

Кыргызстандык Айгүл COVID-19 илдетинин алгачкы белгилерин эки жума мурда байкаган. Москвада эки бөлмөлүү батирде алар кыргызстандык үй-бүлө менен чогуу турушат. Айгүлдүн айтымында, анализдин жыйынтыгы бул үйдө жашагандардын баарына оору жукканын көрсөткөн.

«Март айынын башында эле күйөөм иштен суранып, эч жакка чыкпай калдык, - дейт ал. - Себеби, кызымдан чочулап жаттык. Кошуна бөлмөдө жашаган аялдын күйөөсү эле ишке барып келчү. Бир жолу ал аябай катуу ооруп калды. Түнү менен дене табы көтөрүлүп, 39га чейин жетип, антибиотик ичип түшүрүштү. Эртеси кайра ишке кеткен. Андан кийинки күнү эле баласы, аялы, мен ооруп калдым. Башында чыйрыгып, дене табым көтөрүлүп, 38ди көрсөттү. Көрсө ошондо эле бизге жуккан экен. Акыркы болуп күйөөм ооруду. Дароо дарыгерди чакыртып, анализ тапшырдык. Үч күндөй эч кандай жооп болгон жок. Биз ал кезде өз алдынча дарыланып, «сасык тумоо эле болсо керек» деп отуруп калганбыз.

Беш күндөн кийин коронавирус менен күрөшкөн атайын топ келип, терс жыйынтык чыкканын кабарлашты. Алар Москвада ооруну жугузгандар көп болуп, жетишпей жатканын айтышты. Абалыбызды текшерип, үйдөн дарылай турган болушту. Андан кийин оорубуз күчөп, жөтөлүп, тамагыбыз кычышып, вирустун бардык белгилери байкалды. Үйдө баарыбыз беткап кийип, чогуу бир жерде отурбай калдык. Кезектешип ашканага, дааратканага чыгып жатабыз». ​

Айгүлдүн күйөөсү Москвадагы ашканалардын биринде ашпозчу болуп иштейт. Кошунасынын күйөөсү чет элдик ишканада айдоочу экен. Эки аял тең эмчектеги балдары менен үйдө отурчу. Айгүл азыр балдары үчүн коркуп жатканын айтты:

Алар бизди сүрөткө тартып алып, көчөдөгү, подъезддеги камера аркылуу текшерип турарын айтышты. Эрежени бузсак, чоң өлчөмдө айып салынары айтылды.


«Эмнегедир балдар тууралуу башында маалыматты айтышкан жок. Кызым үчүн абдан корктум. Бирок дарыгерлер болушунча коргонуу эрежелерин сакташ керек экенин айтышты. Кошуна келиндин баласы да, менин да балам сыркоолоп калды. Кызымдын тиши чыккан үчүн ооруду деп ойлогом. Андан кийин дагы бир жолу анализ алып, вирус бар деген жыйынтыкты көрсөттү. Экинчи жолу балдардан да алып кетишти, бирок «жыйынтыгы жакшы» деп коюшту. «Мигранттарга дарыгерлер кандай мамиле кылат?» деп кооптонуп жатканбыз. Бирок дээрлик күнүгө ар бирибизге чалып, абалыбызды сурап жатышты. Үйдөн чыкканга тыюу салышты. Алар бизди сүрөткө тартып алып, көчөдөгү, подъезддеги камера аркылуу текшерип турарын айтышты. Эрежени бузсак, чоң өлчөмдө айып салынары айтылды. Маал-маалы менен полиция кызматкерлери келип текшерип, «чыкпагыла» деп жатышат. Алар ары-бери жүрүүнүн эрежелери жазылган кагаздарды таштап кетишти. Бул жагдай психологиялык жактан абдан оор экен. Атам менен сиңдим Орусияда, жашы 50дөн ашкан атам үчүн да кооптонуп жатам».

Үч күн мурда үй-бүлө мүчөлөрүнөн дарыгерлер дагы бир жолу анализ алып кетишкен. Анын жыйынтыгын чыдамсыздык менен күтүп жаткан Айгүл дарылоо учурларына да токтолду:

«Анализди ооз көңдөйү, шилекей аркылуу алышат экен. Экинчисинде кан аркылуу алышты. Биз ооруну баскан дарыларды ичип жаттык. Аларды дарыгерлер жазып берип кетишкен. Биринчи жуккан келиндин күйөөсү төшөктө жаткандыктан ага иммунитетти көтөргөн күчтүү дарыларды ичиши керек экенин айтышкан. Аны СПИД менен күрөштө да беришет экен. Дарылоо курсу бүткөндөн кийин кайрадан эки анализ тапшырылат экен. Бири таза чыкты, эми экинчисин күтүп жатабыз. Азыр абалыбыз жакшы, температура жок. Мен кыргызстандыктарга бул ооруга олуттуу мамиле кылып, жоопкерчиликтүү болууга чакырам. Туугандарыма чалып, ооруп калганыбызды айттым. Ал арада Кыргызстандагы алыскы туугандарыбыздын биринен вирус чыгып, жакында эле көз жумганы белгилүү болду. Анын келинчеги, балдары ооруканада».

Эки үй-бүлө тең 17 күндөн бери сыртка чыга элек. Айгүл азыркы жашоо шарты, абалы тууралуу буларга токтолду:

«Бүгүн биринчи жолу дарыканага барып келдим. Дарыгерге чалып, кызыма памперс керек экенин айттым. Күйөөмдүн ишинен беткап, антисептик беришкен эле, ошолорду колдонуп жаттык. Карантинге чыккан учурда азык-түлүктү камдап алганбыз. Бир аз акчабыз бар. Бирок андан башка эч кандай жардам жок. Элчиликке чалып, кайрымдуулук тууралуу сурайын деп эч эле кабарлаша албай койдум. Каралашкан жакындар, мекендештер деле жок. Эми карантин бүтсө күйөөм кайра ишке чыгат эле деп отурабыз. Антпесе кийинки айда кантип күн көрөбүз, белгисиз. Азыр ишсиз, батирин төлөй албай калган мигранттар көп. Кыргызстанга азырынча бара турган оюбуз жок. Биз да башка мигранттардай эле тиричиликтин айынан сегиз жыл мурун келгенбиз. Бул жактан акча чогулутуп, анан кетебиз. Себеби алган насыябыз оюбузду тынч койбойт экен. Кандай күн болгондо да мекенибизге, жакындарыбызга аман-эсен жетишибизди тиленип жатабыз».

Орусияда ооругандардын жалпы саны 17-апрелге карата 32 миңден ашып, каза болгондордун саны 278 киши болду. Өлкө боюнча 1,5 миллиондой тест алынды. Ал эми коронавируска чалдыккан кыргызстандыктар тууралуу кабарлар расмий айтыла элек.

Расмий эсеп боюнча Орусияда 750 миңдей кыргызстандык мигрант бар. Алардын жарымынан көбү Москвада жана анын чет-жакасында жашап, иштейт.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG