Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:04

Ала-Букадагы келиндин шектүү өлүмү


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Ала-Бука районунун Баймак айылынын тургуну, 33 жаштагы келиндин табышмактуу өлүмүн милиция териштирип жатат.

Маркумдун кайын журту ал асынып алганын билдирүүдө. Ал эми каза болгон келиндин төркүндөрү «окуяга күйөөсүнүн зомбулугу себеп болду» деп арызданып жатышат.

33 жаштагы Анара 22-сентябрда үйүндөгү сарайда асынып калган жеринен табылган. Анын таежеси Пайзи Абдисаматованын «Азаттыкка» билдиргенине караганда, маркум ага ошол күнү кечки саат ондор чамасында чалып, жолдошу ур-токмокко алып жатканын айтып, ортого түшүүгө чакырган.

«Анара түндө чалып, жардам сурады, - деди ал. - Мен ага ооруп жатканымды айтып, «кайненеңе байланышып жардам сура» дегем. Ошондо ал менден тагамдын телефон номерин сурады. Ошол замат ары жакта ызы-чуу болуп, байланыш үзүлдү. Аларда буга чейин жаңжал болуп келгендиктен олуттуу деле маани берген эмесмин. Адаттагы жаңжалынын бири деп койгом».

Окуянын чоо-жайы тууралуу маркум Анаранын жолдошу менен байланышуу аракетибизден майнап чыккан жок. Эки күн телефондон чалып таба албагандыктан бир тууган иниси менен бир аз баарлаша алдык.

«Жеңем сарайга кирип, жипке асынып алганын алгач акем көрүп коңшуларды чакырган. Андан соң милиция келгенин мага акем айтып берди. Мен көзүм менен көргөн жокмун», - деди ал.

Маркумдун иниси Алмазбек окуя болгон күндүн эртеси Орусиядан келип, эжесин акыркы сапарга узатуу зыйнатына катышты. Ал эжеси каза болордон эки күн мурун телефондон сүйлөшкөнүн айтып, өзү асынып алганына ишенбей турат.

«Туугандарымдын тою болуп, Орусиядан «Вотсап» аркылуу чалганда эжем алган болчу. Аны менен күлүп-жайнап эле сүйлөштүк. Эч кандай таарынычын байкаган жокмун. Эми минтип, төрт баласын жетим калтырды. Бизге акыйкат керек».

Анаранын ата-энеси жаш кезинде эле каза болуп калгандыктан агасы жана иниси менен таенесинин колунда чонойгон. Азыр бир туугандары Орусияда иштеп жүрүшөт.

Окуяны милиция иликтей баштады. Жазык кодексинин 136-беренеси («Өзүн өзү өлтүрүүгө жеткирүү») боюнча сотко чейинки тергөө башталып, тиешелүү экспертизалар дайындалды. Маркумдун сөөгү экспертизадан өткөрүлгөн, азырынча жыйынтык чыга элек. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматынын өкүлү Шеркул Турганбаев билдирди:

«2020-жылдын 23-сентябрь күнү болжол менен саат 7:30 чамасында Ала-Бука районунун тургуну үйүнүн короосунда пресс жип менен асынып алгандыгы жөнүндө маалымат милицияга түшкөн. Бул факт боюнча окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барып, тиешелүү материалдар чогултулган, Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, текшерүү башталган. Анын жүрүшүндө ошол райондун тургуну А.П. арызданып, О.А.нын өлүмүнө анын күйөөсү күнөөлүү болушу мүмкүн экенин билдирип, мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранган».

Каза болгон келин жолдошу менен 15 жылдан ашуун чогуу жашап, төрт кыздуу болгон. Кыздарынын улуусу 15 жашта, кенжеси бир жаштан эми эле өткөн.

Ал эми Акыйкатчынын Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнө жыл башынан бери үй-бүлөлүк зордук-зомбулук боюнча сегиз арыз түшкөн. Арыздын басымдуу бөлүгү аялдарга жана балдарга карата зомбулукка байланыштуу. Бирок даттангандар арызын кайрадан кайтарып алышууда. Сегиз арыздын экөө ушу тапта каралып жатса, алты арызды даттанган тарап кайтарып алган.

Акыйкатчынын Жалал-Абад облусундагы ыйгарымдуу өкүлү Кыял Токтобаева буларды билдирди:

«Зомбулукка кабылгандардын көпчүлүгү аялдар. Айрым учурларда арыз менен кайрылып, көп өтпөй эле жолдошу менен жарашып алып, ишти сотко жеткирбей жаап салганга аракет кылышат. Зомбулук азыркы учурда өлкөдөгү эң чоң мүшкүлгө айланды, аны укуктук талаада дагы бир жолу карап чыгышыбыз керек».

Жалал-Абад облусу боюнча 2020-жылдын 25-сентябрына чейин жалпысынан 36 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. Анын ичинен 23 факты соттун кароосуна жиберилген.

XS
SM
MD
LG