Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:32

Кыргыз-түрк ишканасында куруучулар иш таштады


Бишкекте Сунтар-Бишкек” кыргыз-түрк ишканасынан эмгек акы доолап, алтымышка жакын куруучу иш таштады.

Нарындык Улугбек Бишкекке жакшы жашоо издеп эки жыл мурда келген. Андан бери калаада куруучу болуп акча табат. Августтун башында “Сунтар-Бишкек” аттуу кыргыз-түрк курулуш компаниясы көп кабаттуу үй куруу үчүн элүүдөй жумушчуну ишке алган. Алардын арасында Улугбек да бар эле. Андан бери бир айдан ашык убакыт өтсө да Улугбек маянасын ала алган эмес. Буга нааразы болуп, ал өзү сыяктуу алтымышка чукул куруучу менен иш таштады:

- Ишке алып атканда айлык акы ар айдын 5-күнүнө чейин берилет дешкен. Мына ушуга чейин акча жок. Бүгүн акчабызды сурап бизди иштетип жаткан түрктөргө кайрылсак, алар азыр акча бербейбиз деп жооп кайтарды. Ким буга нааразы болсо, жумуштан айдап жиберебиз дешти. Буга нааразы болуп иш таштадык.

Чогулгандардын айтымында, аталган компания өкүлдөрү аларды дем алыш, майрамдарда да иштетип бирок ал күндөр үчүн айлык акы төлөшкөн эмес. Адыл аттуу жигит буларды айтат:

- Булар бизди баспай калгыча иштетишкен. Майрам күндөрү, түнү бою оор темирлерди көтөрүп, тынбай иштеген учурлар болгон. Бирок ал үчүн бир да тыйын төлөшкөн жок. Биздин эмгегибизди ушинтип жеп атышат.

Курулушта кыргыздардан тышкары жыйырмадай Түркиянын жараны ишейт. Аларга компания саатына 5 доллардан төлөйт. Ал эми жергиликтүү жумушчулардын айлык акысы саатына бир доллардан. Андыктан куруучулар маянаны жогорулатуу талабын да коюшкан.

Кызыгы алтымышка жакын куруучунун бири да аларды жалдаган адамдардын дайын-даректерин билишпейт. Эмгек келишимин түзүшкөнү менен жетекчилик аларга эч бир кагаз берген эмес. Окуя болгон жерге келген Акыйкатчы институтунун өкүлү Тамара Кравцованын айтымында, мындай жагдайда сөз болуп жаткан компанияны жоопко тартуу дээрлик мүмкүн эмес:

- Акыйкатчы институту бул маселе боюнча “Сунтар-Бишкек” компаниясын текшерүүнү көздөөдө. Бирок сураштырсак жумушчулардын бири да жетекчилик ким, кайда жайгашкандыгын билишпейт экен. Анан калса куруучулардын колунда эмгек келишими өңдүү документтердин бири да жок. Эгерде “Сунтар-Бишкек” компаниясынын өкүлдөрү буларды тааныбайбыз деп койсо, андай эместигин кантип далилдейбиз.

Тамара айымдын айтымында, ушундай кырдаалдын жаралышына куруучулардын өз укуктарынын билбегени дагы себеп болууда.

Он жылга чукул куруучу болуп иштеген Кылычбек аттуу жигиттин айтымында, курулуш фирмалары жумушчулардын маянасын бербей койгон учурлар өтө көп кездешет:

Куруучуларды сыздаткан бир эле ушул компания эмес. Арабызда андай шылуундардан оозу күйгөндөр толтура. Мен да убагында таман акым менен тапкан акчамды ала албай калгам. Акыйкат издеп бир топ инстанцияларга барганыбыз менен, аракетибизден эч майнап чыккан эмес. Бул ирет дагы ошондой эле көрүнүш болот го деп атам.

Куруучулар кыргыз жарандарынын укуктарын тебелеген курулуш компанияларын тескей турган бир дагы адам чыкпаганына нааразычылык билдиришти.

Дегени менен Жаштардын укугун коргоо кыймылынын координатору Гүлшайыр Абдирасулова ушул өңдүү маселелер боюнча атайын топ түзүлө турганын “Азаттыкка” билдирди:

- Акыйкатчы институту, “Кылым шамы” бейөкмөт уюму жана биздин кыймылдын өкүлдөрүнөн атайын топ түзүлө турган болду. Ал топ мын бул “Сунтар-Юишкек” өңдүү жергиликтүү жарандарды ишке алган чет элдик фирмалардын ишин текшерүүгө алат.

Ал эми өз укуктарын коргоп эртеден бери турган куруучулардын бир даарына “Сунтар-Бишкек” компаниясынын жетекчилиги кеч курун маяна төлөп берди. Бирок айлык акыны көтөрүүдөн баш тартты.


XS
SM
MD
LG