Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:03

Прокуратура “альфачынын” ишин кайра кайтарды


Беш-Күңгөйдөгү атайын операция, 6-январь, 2011-жыл
Беш-Күңгөйдөгү атайын операция, 6-январь, 2011-жыл

Башкы прокуратура Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин “Альфа” атайын бөлүгүнүн жоокери Жеңишбек Бабараимовдун каза табышы тууралуу кызматтык териштирүүсү боюнча материалды артка кайтарды.

Баш прокуратуранын айтымында, кылмыш иши козголгон Бабараимовду атайын операцияга салуу мыйзамсыз болгон. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети болсо бул факт боюнча күнөөлүүлөр табылбаганын билдирди.

Жеңишбек Бабараимовдун өлүмүнө байланыштуу жагдайларды териштирүү сунушун Башкы прокуратура январь айынын башында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине билдирген болчу. Аталган комитет тергөөнүн негизинде “альфачынын” өлүмүндө эч кандай мыйзам бузууларды тапкан эмес. Эми Башкы прокуратура Куралдуу күчтөрдүн тартиптик уставынын 54-беренесине таянып ишти кайра териштирүү үчүн артка кайтарды.

Жеңишбек Бабараимов
Башкы прокуратуранын басма сөз катчысы Талант Конокбаевдин айтымында, УКМК бул жагдай боюнча тиешелүү тартип чараларын көргөн эмес.

- Тизмеде көрсөтүлгөн негиздердин бири - аскер адамына карата кылмыш ишинин козголушу жана тергөө амалдарынын жүрүшү эсептелет. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин жетекчилиги тарабынан мыйзам актысынын ушул талабы аткарылган эмес. Ошондуктан Башкы прокуратура аталган кызматтык тергөөнүн материалдарын кошумча текшерүү үчүн кайра кайтарып берди.

12-февралда Бишкекте Башкы прокуратуранын жамааттык жыйынында президент Роза Отунбаева террорчу деп шектелгендерге каршы атайын операцияга “Альфанын” айыпталып жаткан кызматкерлеринин тартылышы боюнча прокуратура кызматын кескин айыптаган болчу.

Башкы прокуратура 15-февралда Бабараимовдун атайын операцияга салынышы боюнча УКМК жооптуу экенин айтып чыккан. Бирок аталган комитет кызматтык иликтөө маалында күнөөлүүлөр табылбаганын ырастоодо.

Марат Иманкулов
Бабараимовду кызматтан убактылуу четтетүү тергөөчү тарабынан да, сот тарабынан да айтылган эмес экен. Аталган комитет төрагасынын орун басары Марат Иманкулов буларга токтолду:

- Ал боюнча бизде кызматтык иликтөө болгон. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттинин кызматкерлери тарабынан күнөөлүүлөр бар деп табылган эмес. Тергөөчү тарабынан да, сот тарабынан да жумуштан четтетилип турсун деген чечим кабыл алган эмес. Мындай учурларда тергөөчү бир чечим чыгарат. Юридикалык жактан алганда да аларды мындай кыл, тигиндей кыл дегенге мыйзам да жок экен. Алар "биз катышабыз, биз мекенибизди коргойбуз, биз ушул үчүн даярдалганбыз" деп болбой эле катышып жүргөн экен. Операция болгон жерге да өз ыктыяры менен барган экен. Ушундай кырсык болуп окко учуп атат. Эгер кайтарып берсе биз кайра тергөө жүргүзүшүбүз керек.

Мунун алдында комитет төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев айыпталган “альфачыны” атайын операцияга катыштыруу боюнча чечимди өзү чыгарган жана ал жоопкерчиликти алуудан качпай турганын билдирип чыккан. Ал бул окуянын айрым оппозициялык жана башка мүнөздөгү күчтөр өтө саясатташтырып, азыркы бийликтин ишине тоскоол кылып жатат деп белгилеген.

Же иштейт, же жоопко тартылат

Коопсуздук маселелери боюнча эксперт Аалыбай Кайыпов тынч элге ок аткан деп шектелип жаткан кызматкердин оор операцияга салынышын сындап, муну жетекчиликтин шалаакылыгы катары баалады.

- Тергөө убагында жанагы операция барганы өтө туура эмес. Бул жерде жетекчилердин шалаакылыгы. Бирине бири түртүп отура берген болбойт. Күнөөлүү деген жооп бериш керек. Адам жок болуп атат, жаш жигит. Тергөө бүткөнгө чейин ал кызматкер жумушу токтолуп турат. Сот тыянагын чыгаргандан кийин же иштейт, же жоопко тартылат.

Коопсуздук кызматынын ардагери, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Алишер Абдымомунов болсо аталган факт өлкөдөгү укук, мыйзамдуулук боюнча кырдаалды көрсөтүүдө деп эсептейт. Ал Бабараимовго байланыштуу ишти карап, чечим кабыл алган бардык органдар жооптуу болушу керек деген ойдо.

- Биринчи, жоопкерчилик - чечим кабыл алган сотто. Сот үй камагына деп ИИМге же Башкы прокуратурага тапшырдыбы. Ошолордон сураш керек. Ошондой чечим чыккандан кийин УКМК да өзүнүн жок дегенде кадрга өткөрүп койолу деген чечимин чыгарыш керек. Бул дагы көп нерсени айтат. Мамлекеттик органдардагы, жалпы эле укуктук абалдын сакталышы, колдонушу, көзөмөлдөнүүсү кандай экенин көрсөтөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин “Альфа” атайын бөлүгүнүн кызматкери Жеңишбек Бабараимов 5-январда Бишкектин четиндеги Беш-Күңгөй айылында террорчулар деп шектелген топту жок кылуу операциясы маалында окко учкан эле. Кийин ал 7-апрелде Бишкекте тынч чогулган элге ок чыгарган деп айыпталып жаткан аскерлердин бири экени анык болгон. Ошондон кийин үй камагына алынып, оор кылмышка шектелип жүргөн аскерге кандайча курал тапшырылып, атайын операцияга катышып калганы тууралуу талаш-тартыш күчөгөн.

Апрель окуялары боюнча мындай айып “Альфа” атайын тобунун жетекчиси Алмаз Жолдошалиев баш болгон 7 кызматкерге койулган. Алардын ичинен А. Жолдошалиев гана камакка алынганына байланыштуу кызматтан бошогон, калгандары кадимкидей иштеп турган.

Маалыматка ылайык, ушундай эле шектелип жаткан дагы бешөө кадрдык кызматка которулуп иштөөдө. Кези келсе алар деле оор операцияларга тартылбай турганынан кепил жок дешет эксперттер.

XS
SM
MD
LG