Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:13

Англис тил мугалимин өлтүргөн киши соттолду


Маркум Али Абубакар (Сүрөт "Фейсбуктагы" баракчасынан алынды.
Маркум Али Абубакар (Сүрөт "Фейсбуктагы" баракчасынан алынды.

Бишкектеги «Cambridge School» тил үйрөтүүчү мектептин директору, Нигериянын жараны Али Тижжани Абубакарды өлтүрдү деп шектелген адам 7,5 жылга кесилди. Бул адам өлтүрүү айыбы үчүн берилген эң төмөнкү жаза катары бааланууда.

Жогорку соттун басма сөз кызматынын өкүлү Адил Жаныбек уулунун билдиришинче, айыпталуучу Жазык кодексинин беренеси боюнча күнөөлүү деп табылган. Ал 7,5 жылга эркинен ажыратылып, 90 миң сом айып төлөөгө милдеттендирилген. Соттун мындай өкүмүн Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту чыгарды.

- Айыпталуучу Жазык кодексинин 138-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пункту боюнча жоопко тартылды. Тактап айтканда, этиятсыздыктан киши өлтүрүүгө жеткирген кылмыш иши боюнча соттолду.

Нигериялык мугалимдин өлүмүнө шектелип соттолгон 23 жаштагы жигит учурда Кыргызстандагы түзөтүү мекемелеринин биринде жазасын өтөп жатат. Анын жакындары Свердлов райондук сотунун чечимине макул эместигин билдирип, шаардык сотко апелляциялык арыз жазганы белгилүү болду. Бирок соттолгон адамдын апасы уулуна чыккан өкүм тууралуу пикирин айтууну каалаган жок:

"Эч кандай комментарий бере албайм".

34 жаштагы Али Тижжани Абубакар 2019-жылы 2-июлда Бишкектеги «Айчүрөк» соода борборунун жанында сабалып, ооруканада эки күн комада жаткандан кийин көз жумган.

Кылмышка шектүү киши нигериялык жаран менен кокустан чырдаша кеткенин, экөө мурда тааныш болбогонун айтып, көрсөтмө берген.

Ал арада маркум Алинин атасы Тижжани Абубакар уулун өлтүргөн адамды кечирип, милицияга тосмо арыз жазып бергени белгилүү болду. Буга айыптуунун ата-энесинин кечирим сурап келгени себеп болгон экен:

- Баламдын тагдыры ушундай экен. Балким анын маңдайына “сен Кыргызстанда өлөсүң” деп жазып койгон. Ал жазыктан эч кайда кача албайбыз. Уулумду урган баланын ата-энеси кечирим сурап келишти. Ал деле атайын кылган жок да. Макул болуп тосмо арыз жазып бердим. Менин 11 балам бар. Али төртүнчү балам болчу. Балдарымдын дагы бири Кыргызстанда иштейт, калганы Нигерияда жашашат. Алинин артында бир кызы калды. Азыр ал Нигерияда. Кыргыз сотуна жана баламды өлтүргөн адамга эч доом жок. Баламдын тагдыры ушул экен,- деди Алинин атасы Тижжани Абубакар.

Алинин атасы уулун өлтүргөн жигитти кечирди
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:50 0:00


Бишкектин чок ортосунда, чаламандын чак түшүндө Али Тижжани Абубакардын өлтүрүлүшү өз убагында кыргыз коомчулугун бир топ эле дүрбөткөн. Айрымдар бул окуяны өлкөнүн беделине сокку урган окуя катары баалашкан. Чет элдик медиада бул кылмыш Кыргызстандагы криминалдык кырдаалдын күчөшү катары мүнөздөлгөн. Ошол эле кезде эксперттер өлкөнүн туризм тармагына жана инвестициялык климатына терс таасирин тийгизиши мүмкүн экендигин айтышкан.

Ал эми социалдык тармактарда бир топ блогерлер "чет элдик мугалимди уруп, өлтүргөн кылмышкер мыйзамда каралган тийиштүү жазасын алышы керек" деп талап кылышкан.

Юрист Клара Сооронкулова адам өлүмүнө жеткирген бул кылмыштын күнөөкөрүн 7,5 жылга эркинен ажыратылышы жаңы кодекстердеги гумандуулук принцибине байланыштуу болгон деп эсептейт:

Клара Сооронкулова.
Клара Сооронкулова.

- Жаңы кодекстер боюнча кылмыш иштерине, анын ичинен киши өлтүргөнгө берилген жазалар жеңил болуп калган. Мурда жазанын жогорку чеги 30 жыл болсо, азыр 20 жыл болуп калган. Балким бул иште башка жагдайлар да болгон чыгаар. Ошондуктан ошол жагдайларды эске алып, балким сот жаңы кодекс боюнча гумандуулук принцибин колдонуп, эң аз 7,5 жылдык мөөнөт бергендир. Бирок ошол эле маалда башка жазаларды да салыштырып көрөлү. Мисалы, коррупцияга шектелген мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковго сот 14 жыл берди. Ага салыштырмалуу киши өлтүрүү оор кылмыш да. Адам өмүрүнөн кымбат эмне бар?

Нигериялык Али Абубакар Бишкектеги «Cambridge School» мектебинде 20 жылга жакын иштеген. Анын сөөгү 2019-жылы 5-июлда Байтик айылындагы көрүстөнгө коюлду.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG