Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Январь, 2022 шаршемби, Бишкек убактысы 18:32

Акыркы аристократ Алиаскар Токтоналиев


Алиаскар Токтоналиев. Сүрөт slovo.kg сайтынан алынды.

“Эл ичи - кенч” деп бекеринен айтылбаса керек. Ойлоп отурсаң эмне деген кызыктуу да, даңктуу да, ошону менен бирге кайталангыс да адамдар арабызда жашаганына же жашап өткөнүнө таң каласың, сыймыктанасың. Ошондой эч бир кайталангыс, өтө сейрек инсандардын бири - советтик Кыргызстанда чейрек кылымдан ашуун финансы министри болуп иштеген Алиаскар Токтоналиев болсо керек.

Кыргызстандын тарыхындагы эң жаш жана эң таланттуу, баарынан да эң таза финансы министри Алиаскар Токтоналиев болгон. Баса, Совет доорунда да паракорчулук менен жемекейлик четтен кездешчү, бирок Алиаскар ага алардын арасында эч качан болгон эмес. Отузга жашы жаңы чыкканда министр болуп, болгондо да Исхак Раззаковдун учурунда ошол кызматка дайындалып, кийин Турдакун Усубалиев менен 23 жыл бирге иштешип, 1985-жылы гана кайра куруу доорунун ыктуу да, ыгы жок да шарпасы менен кызматтан кеткен. Башкача айтканда, чачы көөдөй кара, жүзүндө бир тырышы жок жаш жигит катары министрлик кызматка отуруп, бирок ошол кызматтан чачын ак бубак, өңүн бырыш аралаганда союздук маанидеги пенсионер катары узаган.

Бирок менин чакан макаладагы максатым - Алиаскар Токтоналиевдин министр катары жасаган опол тоодой иштери, чынында да адамды суктанткан көп жылдык саясий карьерасы тууралуу эмес, анын адам катары, инсан катары бейнесине аз да болсо боек сүртсөм, портретин тартсам деген ой болуп турат. Анан калса Алиаскар аганын жүрүш-турушу, оор басырыктуу мүнөзү, айрыкча маданиятка, адабиятка, музыкага өтө жакындыгы, адамдан башкача сүйкүмдүүлүгү, башкача айтканда харизмасы, нака интеллигенттиги тууралуу көптөгөн легендалар азыркыга чейин айтылып келет.

Чынында да Алиаскар Токтоналиев кыргыздын мактана турган жигиттеринен болгон экен. Эгер андай болбосо СССРдин эң башкы финансисти В.Ф. Гарбузов Фрунзеден келген кыргыз коллегасын ар дайым союздук министрликтин кире беришинен тосуп алмак эмес. (Баса, ал экөө министирлик кызматка бир жылы отуруп (1960), кийин 1985-жылы бир мезгилде кызмат орундарын ташташкан). Же болбосо кадрларга аябай катуу караган Турдакун Усубалиев 23 жыл чогуу иштешмек эмес жана "Токтоналиевдей адамдар тарыхтын барактарына алтын тамгалар менен жазылышы керек" деп бир нече жолу айтмак эмес.

Ал эми жашоо стили, жүрүш-турушу, табити жана жакшы көргөн көнүмүштөрү жагынан карай келсек Алиаскар Токтоналиевге "тубаса аристократ, жаратылышынан ак сөөк" деген сөз абдан жарашаар эле. Кесипкөй финансист болсо да, тамашага жакын, сүйлөсө оозунан таамай сөз менен таасын ой качып кутулбаган, билимдүү, көп тараптуу, маданиятка, искусствого каны-жаны тартылган чыныгы элита кишиси болгон. Дагы тактап айтсам, совет доорунун акыркы аристократы, жаңы доордун сейрек интеллигенти экен. Алиаскар аганын фотосүрөттөрүн байкап отурсаң, анын ак жуумал өңүнө, уюлгуган кара чачына, философтордукуна окшогон ойчул көздөрүнө, табит менен кийген кийимине, европача көрүнгөн үстү-башына эч бир көңүл бурбай коюуга мүмкүн эмес.

Алиаскар Токтоналиев тууралуу чыккан китеп. Автору - Вячеслав Равилевич Тимирбаев. 2004-жыл.
Алиаскар Токтоналиев тууралуу чыккан китеп. Автору - Вячеслав Равилевич Тимирбаев. 2004-жыл.

Демейде финансист же бухгалтер деген адамдар эсеп-чот менен санарипке мыкты болсо да, башка тарабынан мокогураак же чоркогураак келишет эмеспи. Бирок Алиаскар Токтоналиев таптакыр башкача жаралган инсан болгон. Ал кишинин комузга ышкысы, ыр жандуулугу, кадимки Чалагыз Иманкулов менен тыгыз ымалалаш болгону, Төлөмүш Океев сыяктуу кыргыз маданиятынын чеберлери менен чын ыкластан дос болгону буга жакшы мисал. Баса, Алиаскар ага борбордогу жалгыз номур бешинчи кыргыз мектебин алтын медаль менен бүтсө да, чындап эле музыкант болушка аракет кылып, "комузчу болсом" деген тилеги тууралуу анын жакын окуучуларынын бири, мурунку эл депутаты жана финансист Мурат Мукашев мындай дейт: “Алике "комузчу болсом" деген тилегин ишке ашырыш үчүн Филармониядагы конкурска катышып, биринчи турдан өтүп, экинчи турга калганда көз айнек кийгендиги үчүн акыркы тизмеге илинбей калган экен. Себеби ал киши сегизинчи класстан баштап көз айнек кийип, конкурска да көз айнекчен келгенде кадимки Калык Акиев “көз айнекчен кишиге комуз чертиш кыйын болот” дей койсо, бери жактагылар тизмеден чийип коюшуптур”.

Алиаскар Токтоналиев инсан катары чынында да сейрек кездешкен киши болгон. Анын өмүрү эки маанилүү стихиянын—финансы менен маданияттын, мамлекеттик иш менен руханий байлыктын ортосунда жүрүп өткөн десек туура болот го. "Ушундай уникалдуу адамдын үй-бүлөлүк турмушу, өмүрлүк жары, бала-чакасы кандай болгон?" деген да суроо туулбай койбойт. Чынын айтсам, бул өзүнчө сөз кыла турган ары кызыктуу, ары ойлонто турган тема же сөздүн жакшы маанисиндеги легенда. Ошол жакшы легенданын бири - Алиаскар аганын жубайы Жаңыл эже же ата-энеси тамаша-чынга аралаштырып атаган Жаңыл Мырза. Азыр да көзү тирүү Жаңыл апа убагында сулуунун сулуусу аталган модел кыз болгон дешет. Ал кишинин кимди болсо да кылчая караткан келишими, вуаль карматылган англис шляпасы, чыканагына чейин жеткен ак мээлейи, ошол кол мээлейчен чеккен узун сигаретасы - азыркыга чейин айтылып келаткан аңыз кеп.

Алиаскар Токтоналиевдин көзгө атаар мергендиги, Бишкектеги чоң квартирасынын бир бөлмөсү жалаң лицензия менен аткан аркар-кулжалардын, Казакстандан аткан сайгактардын, куландардын мүйүздөрү менен кооздолгону да атайлап айта кете турган сөз.

Суроо туулат: бу турмушта армансыз адам, жаза баспаган кадам болбойт эмеспи. Анын сыңары, "Алиаскар агада эмне арман, өрнөктүү өмүрүндө эмне өктөсү болду экен?" деген суроо да туулат. Аттиң, кайран киши болгону 61 жаш өмүр сүрүптүр. Экинчи өктөсү - Кудай ага уул буюрбаптыр. Бирок биринен экинчи сүйкүмдүү, биринен экинчиси ыймандуу да, акылдуу да чыккан үч кызын "дүйнөдөгү эң сүйүктүү адамдарым, таажыма таккан алмаздарым, мактанычтарым" дечү экен.

Чынында да кыргыз тарыхынын кайталангыс инсандарынын бири Алиаскар Токтоналиевди изи жок кетти деп айтууга болобу? Жок, албетте. Алиаскар Токтоналиев атындагы жогорку окуу жайы, Бишкектеги кең көчө, татынакай музей, ж.б. бар.

Эң негизгиси жана эң башкысы – Алиаскар Токтоналиев деген мактай да турган, мактана да турган легендарлуу тарыхый ысым кыргыз элинин эсинде калды.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG