Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2021 жума, Бишкек убактысы 21:46

Апта: Эркин медиага кысым, Кой-Таш корутундусу колдоо тапты


Узаган аптанын урунттуу окуяларына сереп (9-15-декабрь).

Соттун эки чечими

Аптанын жума күнү Бишкектин Свердлов райондук соту «Азаттык» радиосунун, кабарчы Али Токтакуновдун, «Kloop.kg» жана 24.kg сайттарынын банк эсептерин камактан чыгарды. Судья Жылдыз Ибраимова ушуну менен сотко кайрылган Матраимовдордун адвокаттарынын арызын канааттандырды:

- Доо арыз боюнча арыз бергендердин негиздерин эске алып, жоопкер тараптын эсебин камакка алууда кызматкерлердин айлыгын ала албай калышы, ишти кароо созулуп кетиши мүмкүндүгүн жана бардык тараптардын өтүнүчүн эске алып, сот берилген арызды канааттандырат, - деди Ибраимова.

Сотто Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов менен анын аялы Уулкан Тургунованын жактоочусу Оксана Жданова үч медиага жана кабарчыга каршы берилген арыз боюнча соттун буга чейин чыгарган чечими мыйзамдуу болгонун айтты. Бирок Матраимовдор банк эсептерин камакка алуу боюнча гана өтүнүчүн чакыртып алууну чечишкенин билдирди.

Бир туугандар Райымбек жана Искендер Матраимовдор, алардын жубайлары жана үй-бүлөлүк «Ысмайыл Матраимов атындагы фонд» сотко кайрылышкан. Алар «Матраимовдордун кадыр-баркына доо кетирген» деп «Азаттык» радиосунан, кабарчы Али Токтакуновдон, «Kloop.kg» жана 24.kg сайттарынан жалпысынан 60 миллион сом өндүрүп берүүнү өтүнүшкөн.


Арыздын негизинде сот 10-декабрда Кыргызстандагы бардык банктарга аталган тараптардын эсептерин камакка коюуга аныктама берген. «Азаттык» радиосун тейлеген банк 12-декабрда мекеменин эсебиндеги 22,5 миллион сом өлчөмүндөгү каражат камакка коюлганын тастыктаган.

Матраимовдордун жактоочусу Татьяна Карыжинская Бишкекте басма сөз жыйында доо арыз жөнүндө маалымат берген. Карыжинская журналисттердин биринчи иликтөөсүнөн кийин Матраимовдор маселени медиация жолу менен чечүүгө аракет кылганын айтууда.

- Биз бул суроону медиация жолу менен чечүүгө аракет кылдык. Арыз менен бир нече уюмга, жалпыга маалымдоо каражаттарына каршы арыздарды териштирген комиссияга бир нече жолу арыз менен кайрылганбыз. Ошондой эле арыз менен «Азаттык» радиосунун жогорку жетекчилерине кайрылганбыз. Кандайдыр бир чара көрүп, тийиштүү документтери жок эле жаманатты кылган маалыматтарды таратууну токтотуу тууралуу өтүнүч менен кайрылганбыз. Бирок жаманатты кылууну токтотуунун ордуна экинчи иликтөө чыгып, ачык формада эле бардык үй-бүлө мүчөлөрүн көмүскө кирешеге катышкан деп күнөөлөп, Матраимовду коррупциянын символу катары көрсөтүп жатышат. Чыдамдын да чеги болот. Бул суроону укуктук талаада чечиш үчүн кадыр-баркын коргоо жана маалыматтын чындыкка дал келбей тургандыгын аныкташ үчүн доо арыз берилди.

Карыжинская моралдык чыгымдын өлчөмү туурасында буларды билдирди:

- Бардыгы моралдык кенемте катары талап кылынган сумманын өлчөмүнө нааразы болуп жатат. Эгерде Матраимовду коррупциянын символу кылып, анын үй-бүлө мүчөлөрүн бардык республиканы уурдап алгандай жаман көрсөтүп жатса, силер моралдык доону кандай баалайт элеңер?

Жактоочу моралдык чыгымдын суммасы, иликтөөдөгү кайсы сөздөр, сүйлөмдөр Матраимовдордун кадыр-баркына шек келтирери, Дубайдагы мүлктүн төркүнү тууралуу журналисттердин суроолоруна толук жооп сотто берилерин билдирди.

Президент үн катты

Президент Сооронбай Жээнбеков 12-декабрда Бириккен Араб Эмираттарында жашаган кыргызстандыктар менен жолуккан маалда Матраимовдор маселеси көтөрүлдү. Ага Чолпон аттуу кыз эмне үчүн бажы кызматынын мурдагы башчысынын мүлктөрү, иликтенбей жатканына кызыкты.

Жээнбеков иликтөө жүргүзгөн журналисттерди Кыргызстанга келип, документтерин өткөрүп берүүгө чакырып, коопсуздугуна кепилдик берерин билдирди.

- Керек болсо мен да кепилдик берем. Келип, фактысы болсо берсин, - деген президент укук коргоо, сот органдарында бурмалоо болбой турганын белгиледи.

- Бул аягына чыгат. Чыдап тургула. Ошол далилдерди алып келип берсин, органдарга. Чындыктын артында биз турабыз. Чындык болот, - деди президент.

Андан көп өтпөй президенттин басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева Матраимовдордун үй-бүлөсү маалымат каражаттарын сотко бергени боюнча билдирүү таратып, «бул факт ар дайым сөз эркиндигинин принциптерин карманып келген президенттин гана эмес, биздин демократиялык өлкөнүн да аброюна шек келтире турганын так кесе билдиребиз» деп белгиледи.

Стамалиеванын мындай билдирүүсү 13-декабрда президенттин расмий сайтына жарыяланды. Анда президент Сооронбай Жээнбеков сөз эркиндигин жана күчтүү жарандык коомдун болушун колдоору айтылат.

«Мамлекет башчысы бул тууралуу эл алдына чыгып сүйлөгөндө да, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен жолугушканда да, өлкөнүн ичиндеги жана чет элдик ЖМКлардагы маектеринде да баса белгилеп келет. Президент дал ушул жагдайлар өлкөнү өнүктүрүүдө маанилүү роль ойнойт деген көз карашынан кайтпайт», деп айтылат билдирүүдө.

Ал президент азыркы абалга кандай гана реакция кылбасын, коомчулук тараптан сот иштерине жана соттун чечимине басым көрсөтүү аракети катары кабыл алынышы мүмкүн экенин, бардык соттук териштирүү - анын ичинде медиага карата да - укуктук гана талаада жүргүзүлүшү керек экенин билдирди.

Алмамбет Шыкмаматов
Алмамбет Шыкмаматов

"Ата Мекен" фракциясынын жетекчиси Алмамбет Шыкмаматов “Азаттыктын” "Эксперттер талдайт" телеберүүсүндөгү талкууда сүйлөп жатып, жакында өтө турган Коопсуздук кеңешинде мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков коррупция боюнча чечкиндүү позициясын билдириши керек деп айтты.

- Бир жуманын ичинде Коопсуздук кеңеши болот. Азыр президент кетенчиктей албай калды. “Факты керек”, – деп эки жолу айтты. Президенттин чечкиндүү реакциясын мен Коопсуздук кеңешинде күтөм. Ошол жерде радикалдуу чечимдер кабыл албаса, анда элдин шек саноосуна жем таштап коёт, - деди Шыкмаматов.

Эл аралык колдоо

Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) сөз эркиндиги боюнча өкүлү Арлем Дезир Кыргызстандагы үч маалымат каражатына ири суммада доо коюлганына байланыштуу камтамачылыгын билдирди. Анын сөзү ЕККУнун сайтында жарыяланды.

“Кыргызстандагы аталган ЖМКлар соттук талашта өз кызыкчылыгын коргоого аргасыз болуп жатканына мен өтө кабатырмын. Жарандык иштин алкагында кадыр-баркын коргоодо ири суммада доо коюлганы ЖМКлардын эркиндигине тескери таасир этет. Мен сөз эркиндигин жана демократияда негизги ролду ойногон журналисттерди, анын ичинде аталган ишти чагылдырган иликтөөчү кабарчыларды сыйлоого чакырам”,-деп айтылат ал билдирүүдө.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги ЕККУнун сөз эркиндиги боюнча өкүлү Арлем Дезирдин сөзүнө жооп катары билдирүү таратып, ага макул эместигин кабарлады.

Мекеме Кыргызстанда сөз эркиндигине эч кандай чектөө жоктугун жана өлкө демократия принциптерин, адам укуктарынын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын (ЖМК) көп түрдүүлүгүн эл аралык милдеттенмелерге ылайык сактап келе жатканын билдирет. Ошондой эле муну президент Сооронбай Жээнбеков да бир нече ирет белгилегени кабарланат.

“Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги ЕККУнун ЖМК иштери боюнча өкүлү Арлем Дезирдин Кыргызстандагы сөз эркиндиги тууралуу билдирүүсүнө таптакыр макул эмес, аны субъективдүү жана чыныгы жагдайды чагылдырбаган пикир деп эсептейт. Бул билдирүүнү Кыргыз Республикасынын соттук бийлигине кандайдыр бир таасир этүү аракети катары баалайбыз", - деп айтылат ТИМдин маалыматында.

Эл аралык коомчулук “Азаттыкты” колдоду
please wait

No media source currently available

0:00 0:14:42 0:00


АКШнын мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбордук Азия иштери боюнча жардамчысынын милдетин аткаруучу Элис Уэллс "Твиттерге" бир тууган Матраимовдордун «Азаттык» радиосуна, "Kloop" жана "24.kg" басылмаларына карата ири суммада койгон доолоруна байланыштуу комментарий калтырды.

“Эркин маалымат каражаты демократиянын ажырагыс бөлүгү болуп саналат жана ошондуктан биз Кыргызстандын бийлигин сөз эркиндигин, Конституцияда көрсөтүлгөндөй колдоого алууга чакырабыз”, - деп келтирет бюро Элис Уэллстин сөзүн.

Түштүк жана Борбордук Азия иштери боюнча бюро социалдык тармактардагы баракчасында, үч медианын банктык эсептери камактан чыгарылганын колдоду.

АКШнын Өкүлдөр Палатасы «Эркин Европа/Азаттык» үналгысынын кыргыз кызматынын айланасындагы жагдайга байланыштуу билдирүү таратты. «Кыргыз өкмөтү @Kloopnews & @RFERL Kyrgyz Service, @Azattyk_Radiosu маалымат каражаттары ишенимдүү жазып чыккан коррупциялык көрүнүштөрдү жоюунун ордуна журналистиканы басмырлап жатат. Эркин басма сөздү коркутуу жана ооздуктоо - бул негизги эркиндикке чабуул болуп саналат. Өкмөт чукул арада бул багытын өзгөртүшү керек», - деп жазды палатанын Эл аралык иштер боюнча комитети «Твиттердеги» расмий баракчасына.

«Amnesty International» эл аралык уюмунун Чыгыш Европа жана Борбор Азия боюнча өкүлчүлүгү «Кыргызстандагы мурдагы таасирлүү аткаминердин эркин маалымат каражаттарын сотко бергени - бул өлкөдөгү жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн кооптуу белги» деп баалады.

Кыргызстандын бажысындагы коррупциялык схема боюнча журналисттерге маалыматтарды жана жүздөгөн документтерди берген кытайлык, уйгур тектүү Айеркен Саймаити 10-ноябрда Стамбулдагы мейманканалардын биринин кафесинде отурган жеринен атып өлтүрүлгөн. Түркияда аны өлтүрүүгө шектүү катары төрт киши кармалды. Иликтөөдө Саймаити журналисттерге аны Кыргызстанда сабоо жана өлтүрүү жөнүндө коркутуулар болгонун кабарлаган. Бул факт боюнча УКМК “адам өмүрүнө кол салуу” беренеси боюнча тергөө баштаганын билдирип, журналисттерди суракка чакырган.


Иликтөөнүн авторлорунун бири Али Токтакунов «Азаттыктын» Прага шаарындагы баш кеңсесинде туруктуу иштейт. Ыдырыс Исаков 2020-жылдын февраль айына чейин Прага шаарындагы кеңсеге кызмат сапарына жөнөтүлгөн. «Азаттык Медиа» мекемеси коомчулукта резонанс жараткан соңку журналисттик иликтөөлөрүнө байланыштуу укук коргоо органдары менен кызматташууга даяр экенин белгилейт. Ушундан улам күбө катары суракка чакырылган журналисттер чет өлкөдө болгондугуна карабастан "Скайп" аркылуу тийиштүү суроолорго жооп берүүгө даяр экендигин билдирген. 13-декабрда иликтөө боюнча материалдарды УКМКга өткөрүп берди.

13-декабрда «Азаттык Медиа» мекемеси журналисттик иликтөөлөрүндө колдонулган документтердин көчүрмөсүн, аудио, видео материалдарды Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке өткөрүп берди.

"Азаттык" радиосу материалдар менен кошо Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасына жазылган расмий катты да тапшырды. Анда "Берилген материалдар же ага байланышы бар кандай гана маалымат болбосун кыянаттык менен пайдаланылса, биздин журналисттердин, иликтөөгө аралашкан кызматкерлердин жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн коопсуздугуна тынчсызданабыз" деп айтылат.

Медиа мекеме ошондой эле УКМК журналисттердин жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн коопсуздугун камсыздоо үчүн бардык чараларды көрөт деген ишенимин билдирет.

Кой-Таш: Депутаттар комиссиянын корутундусун колдоду

Жогорку Кеңеште Кой-Таш окуялары боюнча түзүлгөн мамлекеттик комиссиянын корутундусу колдоо тапты. Ага ылайык, айрым депутаттардан келип түшкөн сунуштарды эске алуу менен токтом кабыл алынды. Комиссиянын атынан баяндама жасаган депутат Тынчтык Шайназаров токтомга ылайык, өкмөткө, тийиштүү укук коргоо органдарына мамлекеттик комиссиянын корутундусунда камтылган фактыларды текшерүү жана чара көрүү тапшырылганын билдирди:

- Иликтөөнүн жыйынтыгында мамлекеттик комиссиянын мүчөлөрү мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жана анын тарапташтары азыркы бийлик башындагылар үй-бүлөлүк бийликти куруп алды деген доомат коюу менен калкка жаман көрсөтүп, өлкөдөгү саясий кырдаалды курчутууга аракет кылган деген жыйынтыкка келди. Ошондой эле Атамбаевдин тарапташтары Бишкек шаарында митинг уюштуруп, башаламандык уюштургусу келген. Бирок укук коргоо органдары түзүлгөн кырдаалды көзөмөлдөн чыгарбай, курчушуна жол берген жок, - деп билдирди.

​Мунун алдында Атамбаевди колдогон КСДП комиссиянын бүтүмү тууралуу билдирүү таратып, «Кой-Таш окуясын иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын корутундусу бийликтин көрсөтмөсү менен жазылган жана чындыкка дал келбейт» деп билдирген. Ошондой эле комиссия учурдагы бийликтин саясий каталарын жана кылмыштарын калкалоо үчүн кызмат кылып жатканын билдирди.

Буга улай эле Кой-Таш окуясы боюнча экс-депутат Равшан Жээнбеков барымтага алууга жана башаламандыкты уюштурууга айыпталып, камакка алынды. Анын адвокаты Замир Жоошев саясатчы камакка бир эле кысымдын натыйжасында алынган көрсөтмөгө негизделип камакка алынганын мыйзамсыз деп билдирди. Ошондой эле Жээнбековдун Кой-Таштагы башаламандыкка жана барымтага алууга тиешеси жоктугун далилдеген видео материалдар бар экенин мисал келтирди:

- Оппозициячыл саясатчы Равшан Жээнбеков быйыл 7-8-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо маалында Кой-Таш айылында болгону үчүн буга чейин да милицияга бир нече жолу суракка чакырылып, көрсөтмө берип чыккан. Анда аны камоого эч кандай негиз табышпай коё беришкен. Сурактан төрт ай өткөн соң, аны кечээ кайра суракка чакырып, тергөө абагында ошол окуя боюнча кылмышка шек саналып отурган Кыяс Ысмаилов деген адам менен беттештирүү болуптур. Ал беттештирүүдө деле Равшан Жээнбеков башаламандык уюштурган жана барымтага алууга катышкан деген көрсөтмө болбоптур. Бирок мына ошол кишинин көрсөтмөсүнүн негизинде деп эле аны кармап, камап коюшту. Равшан Жээнбеков Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнө чабуул болуп, кийин эл топтолуп келип, спецназ таяк жегенден кийин барган экен. Бул боюнча тиешелүү видео далилдер да бар. Анда Равшан Жээнбеков күч түзүмдөрүнүн кызматкерлерин жаалданган топтун каршылыгынан коргоо аракетин көргөн учурлары тартылып калыптыр.

Равшан Жээнбеков эки айга камалды
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:31 0:00


Көп өтпөй эле Замир Жоошевдин өзү Аскер прокуратурасына чакырылганы белгилүү болду. Бирок адвокат Жоошев чакырууда макамы белгисиз болгондуктан суракка барбай турганын билдирди:

- Кайсы маселе, кайсы иш боюнча чакырып жатканы түшүнүксүз. Ал жерде мындай жазып коюптур, «сизге тиешелүү суроолор боюнча» деп. Эми мага көп нерсе тиешелүү да. Мен барбайм. Бул чакыруу жарабайт. Кандай болгон күндө да мен коргоп жаткан жарандар боюнча маалымат бере албайм.

Аскер прокуратурасы бул тууралуу комментарий берген жок. Замир Жоошев Кыргызстандагы соттолуп жаткан бир нече саясатчынын жактоочусу катары белгилүү.

Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын депутаты Асел Кодуранова Ички иштер министрлигине (ИИМ) суракка чакырылды. Депутат Асел Кодуранова - мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди колдогон Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) төрайымынын милдетин аткаруучу. Ал Кой-Таш окуяларына байланыштуу кылмышты уюштурууга жана адамды барымтага алууга байланыштуу беренелердин негизинде шек саналып жатат.

Бишкектин Биринчи май райондук соту депутатты 10-октябрда «чектөөсүз» деген аныктама менен үй камагына алган. Башкача айтканда, ал түнкүсүн гана үйүнөн чыга албайт, андан башка учурда чектөө болбойт.


Ушул жылдын 7-августунда УКМКнын кызматкерлери Кой-Ташта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча операция жүргүзгөн. Биринчи операция ийгиликсиз аяктап, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) «Альфа» атайын түзүмүнүн кызматкери, полковник Үсөнбек Ниязбеков курман болгон. 8-августта Атамбаевди кармоо боюнча экинчи операция болуп, аны ИИМ ишке ашырган. Анда Атамбаев жана анын тарапташтары өз эрки менен колго түшүп беришкен.

Кой-Таш окуясында жалпы-жонунан 225 адам жабыркаган. Анын ичинен 91 адам ИИМдин, 40 киши УКМКнын кызматкери болсо, 94ү жөнөкөй жарандар.

Британия: Жонсонго ийгилик жылмайды

Британиядагы мөөнөтүнөн мурда өткөн парламенттик шайлоодо Брекзитти жактаган Консерваторлор партиясы чоң жеңишке жетти. Эми партия лидери Борис Жонсон Британия менен Евробиримдиктин "ажырашуу жараянын" аягына чыгаруу үчүн күчтүү мандатка ээ болду.

Соңку бир кылым ичинде биринчи жолу декабрь айында өткөн чукул шайлоонун башкы жеңүүчүсү Борис Жонсон экени талашсыз. Ал добуш берүүнүн жыйынтыгы жарыялангандан кийин "Даунинг-стритке" же премьер-министрдин резиденциясына күчтүү мандат менен кайтып келди. Анын жетеги менен Консерваторлор партиясы Маргарет Тэтчердин 1987-жылкы жеңишинен бери биринчи жолу парламентте эң көп мандатка ээ болуп, көпчүлүктү түзүп калды.


"Брекзитти ишке ашырабыз!" деген ураан менен шайлоого катышкан бул партиянын талапкерлери жалпы 650 округдун кеминде 364үндө жеңишке жетишти. Парламенттеги көпчүлүк үчүн 326 мандат жетиштүү болчу. Эми мындай жеңиш менен премьер-министр Борис Жонсон Британиянын Евробиримдиктен кандай шартта чыгары жазылган, мурдагы чакырылыштагы депутаттар бир нече жолу жактырбай койгон Брекзит келишимин парламенттен оңой эле өткөрө алат.

- Бул шайлоодо силердин добушуңар угулду, убагында угулду. Себеби биз, саясатчылар, соңку үч жарым жылда Брекзит боюнча ызы-чуу түшүп жатып, көп мүмкүнчүлүктү колдон чыгардык. Керек болсо кантип талашып-тартышуу керек деген маселени да талашып жаттык. Мен акылга сыйбаган бул жорукту токтотом жана биз Брекзитти өз убагында - 31-январга чейин ишке ашырабыз, - деп билдирди Жонсон.

2016-жылдагы Брекзит референдумунан кийин экинчи жолу мөөнөтүнөн мурда өткөн шайлоодо Лейбористтер партиясы 59 мандатынан ажырап, 203 депутаттык орунга гана ээ болду. Бул Брекзиттин шарттарын Европа Биримдиги менен кайра сүйлөшүүнү, керек болсо кайра референдум өткөрүүнү сунуштаган партиянын 1935-жылдан берки эң начар көрсөткүчү. Мындан улам лейбористтердин лидери Жереми Корбин шайлоонун жыйынтыгына өкүнгөнүн билдирип, партиянын төрагалыгынан кете турганын билдирди.

- Мен болочоктогу бир дагы шайлоо өнөктүгүндө партияны жетектебей турганымды так айтып койгум келет. Шайлоонун жыйынтыгын ойлонуу жана биздин келечектеги саясатыбызды аныктоо жолдорун партия менен талкуулайбыз, - деди Корбин.

Бирок Шотландиянын улуттук партиясы өз аймагында Консерваторлордон кем калбаган жеңишти камсыз кылды. Бул партия 2016-жылкы референдумда Брекзитке каршы добуш берген Шотландиянын дээрлик бардык округдарында жеңишке жетишип, жалпы 48 депутаттык мандатка ээ болду.

Партия лидери Никола Стержен Шотландия консерваторлорго добуш бербегенин айтып, Британиянын курамындагы бул аймак көз карандысыздык тууралуу референдум өткөрүшү мүмкүн экенин ишара кылды.

Бейшемби күнкү шайлоодо Брекзитке каршы чыккан Либерал-демократиялык партиянын лидери Жо Свинсон өз округунда шайлана албай калды. Натыйжада партия мурдагы чакырылышка салыштырмалуу бир мандатынан ажырап, парламентте 10-орунга ээ болду.

Айтор, Британиядагы бул шайлоодо Брекзит маселеси үстөмдүк кылды. Адистер шайлоонун жыйынтыгын партиялардын бул маселе боюнча позициясы аныктап койгонун белгилеп жатышат.

Борис Жонсон айткандай, Британия 31-январга чейин Евробиримдик менен "ажырашуу" келишимин кабыл алып, Брекзит ишке ашса, бул өлкөнүн уюмдагы дээрлик 46 жылдан берки мүчөлүгү токтойт.

Европа кеңешинин жаңы президенти Шарль Мишель британ парламенти Брекзит боюнча тез арада добуш берет деп үмүт артып турганын айтты.

АКШ президенти Дональд Трамп Борис Жонсонду 13-декабрда "Твиттер" аркылуу куттуктап, Брекзиттен кийин Британия менен Кошмо Штаттар ири соода келишимдерин түзө аларын белгиледи.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

Пикирлерди көрүңүз (13)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG