Линктер

бейшемби, 25-апрель, 2019 Бишкек убактысы 23:53

Апта: Бабанов дүрбөлөңү, Баширдин кетиши


Өмүрбек Бабанов учурда Орусияда жашайт.

Узаган аптанын урунттуу окуяларына сереп.

“Республика” партиясынын лидери, 1,5 жылдан бери Орусияда жүргөн саясатчы Өмүрбек Бабанов Кыргызстанга учпай турганын Москванын “Шереметьево” аба бекетине келгенден кийин жарыялады. Ал 13-апрелде эртең менен аба бекетинде сүйлөгөн сөзүндө өз чечимин саясий кырдаалды “үчүнчү күчтөр колдонуп кетүүсүн каалабай” турганы менен түшүндүрдү.

"Кымбаттуу элим! Мен үчүн Кыргызстанда мени күтүп жаткандардын жашоосу кымбат. Мени колдогон, мага күч кубат берген менин күчүм - силерсиңер, элим. Мен силердин бирөөгө курал болууңарды каалабай турам. Бүгүн митингге чыгууну токтотууну суранам. Кыргызстанга тынчтык, биримдик керек. Үмүтүңүздөрдү актай албасам кечирим сурайм. Убакыт өткөндө тарых өзү баа берет. Мен үчүн Кыргызстанымдан, кыргыз элимден, тынчтык, ынтымактан башка байлык жок. Кыргыз элим, сиздер дайыма мени колдоп жүргөнсүңөр, штабымда иштеп жүргөн балдардын баары Кыргызстанга кызмат кылат. Менин тилегим - мекениме кайтып барып, силер менен чогуу сүйлөшүп, пикир алышып отургум келет. Бирок силерди үчүнчү күчтөр колдонуп кетүүсүн каалабайм. Ага эч качан жол да бербейм. Ошондуктан, мен сиздерден бүгүнкү өтө турган тынчтык митингдерди токтотууну суранам. Мен тынчтык жолу менен келүүнү чечтим. Кудай буйруса, жакынкы күндөрү мен сөзсүз келем", - деген Бабанов.

“Республика” партиясы Бабановдун кайтып келишине байланыштуу Бишкекте жана аймактарда миңдеген адам катышкан тынчтык митингин уюштуруп жаткан. Бирок Бишкек, Талас, Каракол шаарларынын жергиликтүү бийликтери митингди негизги аянтта өткөрүүгө уруксат берген эмес. “Республикачылар” муну бийликтин бут тосуусу катары баалашты.

Сурамжылоо: Бабановду күттүңүзбү?
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:26 0:00

Саясатчынын 13-апрелде Кыргызстанга келүүнү убада кылып, бирок бул күнү андан баш тарткан чечими коомчулукта ар кандай талкууланууда. Жакында эле аны менен Москвада жолугуп келген мурдагы саясий өнөктөшү, экс-депутат Камчыбек Ташиев Бабановдун чечимин колдоду.

Элдин тынчтыгын бузуп албайын десе керек, өзүнө зыян болсо да, элди, мамлекетти ойлоду, мүмкүн Өмүкенин өмүрүндөгү эң оор, бирок туура чечимдир. Мен колдоймун, туура эле кылыптыр” деп жазды Камчыбек Ташиев.

Ал эми “Ата Мекен” фракциясынын башчысы, депутат Алмамбет Шыкмаматов “Бабанов саясий банкрот болду" деди.

"Ал өзүнүн коркоктугун, чечкинсиздигин көрсөтүү менен бийликке чоң упай алып берди, бийликтин чоң утушуна алып келди. Бабанов - саясий банкрот".

Бабановдун "иштери"

Кыргызстанда Өмүрбек Бабановго эки кылмыш иши козголгон. Анын бири «2017-жылы шайлоонун үгүт өнөктүгүндө эл алдында чыгып сүйлөгөн айрым сөздөрү конституциялык түзүлүшкө каршы келет» деген негизде болсо, экинчиси «бийликти басып алууга даярдык көрүү» деген айып менен ачылган. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет саясатчыга буга чейин козголгон иштердин бири токтоп турса, экинчиси боюнча тергөө жүрүп жатканын кабарлаган.

Ал эми 11-апрель күнү «Кыргызстан» коммерциялык банкынын директорлор кеңешинин төрагасынын орун басары, Өмүрбек Бабановдун жээни деп айтылып жүргөн Жаныбек Мырзабаев Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматта (Финансы полициясы) беш саат сурак берип чыкты. Ал эки кылмыш ишинде күбө катары өтүп жатканын билдирип, бирок ал кылмыш иштеринин мазмуну тууралуу ачык айткан жок. Маалыматтарга караганда, Жаныбек Мырзабаев акционерлердин биринин арызы боюнча көрсөтмө берүү үчүн чакырылган.

Ошондой эле Бабановго мурда да доомат коюлуп келген иштер да ал келет деген күндөрү кайра козголду. Маселен, «Кыргызстан» коммерциялык банкынын мурдагы акционерлеринин бири саналган Шарипа Садыбакасова да Бабанов аталган банктын үлүшүн мыйзам бузуулар менен алганын кайрадан айтып чыкты.

12-апрелде Бабановдун өкүлү Ислам Карганбаев басма сөз жыйынында «Кыргызстан» коммерциялык банкынын рейдерлик жол менен басылып алынганы тууралуу козголуп жаткан маселелер Өмүрбек Бабановду каралоо максатында атайын жүргүзүлүп жатканын билдирген. Анын айтымында, азыркы бийлик мындай сценарий менен Өмүрбек Бабановду өлкөгө кайра келтирбөөгө аракеттенип жатат.

Депутат Дастан Бекешев Бабановдун Кыргызстанга келүүдөн баш тартуусу боюнча “саясат - балапандар үчүн эмес" деп жазды: ​

"Адам катары мен аны абдан түшүнөм. Башкалар деле, балким мен деле ошондой чечим кабыл алмакмын. Бул чечим менен ал өзүн коргоп калды. Эч ким жөн жерден абакта отургусу келбейт. Бирок саясатчы катары сөз бердиби, демек аны аткарышы керек болчу. Мындай болгондон кийин сөз бербеш керек эле. Азыр келгенде ал номур биринчи болмок. Эл өзгөрүүнү күтүп жатат. Алар өзгөрүүнү Бабановдон күтүп жаткан. Тилекке каршы, ал өз оюнан кайтты. Балким ага басым кылышты. Биз анын банкы, телеканалы боюнча көрдүк, бул нерсе дагы уланышы мүмкүн эле. Ал адам катары туура кылса керек керек. Бирок саясатчы катары туура эмес кылды”.

Саясатчы Өмүрбек Бабановдун Кыргызстанга келүү чечиминен баш тартышы, акыркы саясий окуялар тууралуу юридика илимдеринин доктору, профессор Бекбосун Бөрүбашев “Азаттыктын” суроолоруна жооп берди.

Бекбосун Бөрүбашев: Бийлик митингдерден коркот
please wait

No media source currently available

0:00 0:07:33 0:00
Түз линк

Президенттин кайрылуусу

2017-жылдагы шайлоодо бийликтин талапкерине негизги атаандаш болгон Өмүрбек Бабанов Кыргызстанга келет экен деген талкуулар күчөп турган учурда, 11-апрелде президент Сооронбай Жээнбеков парламентте кайрылуу жасады.

"Эч бир кыйынчылыкка карабай иштей беребиз. Максаттарыбызга жетүү оңой болбойт. Тоскоолдуктар аз эмес. Коррупцияга малынгандардын саботажы, айрым саясий күчтөрдүн каршылыгы болууда. Уюшкан кылмыштуу кландык мафиянын коррупциялык иштери өлкөгө чоӊ залалын тийгизди, бул коомчулукка белгилүү болуп калды. Мамлекетти белчесинен карызга батырган уурулукту жашырыш үчүн актанууга өтүштү. Ар кандай калпты жарыялап, элдин оюн башкага бурушууда. Баары мыйзам алдында бирдей! Эч кандай ультиматум тили кабыл алынбайт. «Элди көчөгө чыгарып, бийликке кысым көрсөтүү менен маселе чечем» дегендер жаңылышат. Маселенин баары мыйзам алкагында гана чечилет. «Бир ууч топко кызмат кылам, алардын кызыкчылыгын коргойм, уурулугун жашырам» деп убада берген эмесмин. Мен «элдик президент болом» деп убада бергем. Эл арасынан чыктым, эл ичинде таза абийирим, ийгиликтерим менен калууну максат кылам".

Президент: Эч кимге карызым жок
please wait

No media source currently available

0:00 0:07:55 0:00

Сооронбай Жээнбеков президент болгондон бери парламентте экинчи ирет кайрылуу жасады. Анын “Элди көчөгө чыгарып, бийликке кысым жасоо менен маселе чечем дегендер жаңылышат" деген кайрылуусу экс-президент Алмазбек Атамбаев менен мамилеси курчуп, Өмүрбек Бабанов Кыргызстанга келе турганын жарыялаган учурга туш келди.

Алмазбек Атамбаев өткөн жумада апрель окуяларын эскерүү учурунда эки айдан кийин бийликке каршы чоң митинг өткөрүүгө убада берген. Ошондой эле камактагы саясатчылар Өмүрбек Текебаев менен Садыр Жапаровдун жактоочулары да алардын акталышын талап кылып, 23-апрелде митинг уюштуруларын жарыялаган.

Жээнбековдун кайрылуусу оппозицияга эскертүүбү?
please wait

No media source currently available

0:00 0:43:35 0:00

Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңештеги кайрылуусунда өлкөнүн ички-тышкы саясатына, андан тышкары социалдык-экономикалык жагдайга кеңири токтолду. Ошондуктан айрымдар аны "өкмөт башчынын отчетуна" окшоштурушту.

«Азыркы саясий кырдаалга жараша мамлекеттин коопсуздугуна кандайдыр бир коркунучтар барбы, жокпу, анын алдын алуу боюнча аракеттер барбы? Ошолор тууралуу айтабы деп ойлогом. Элди ынтымакка чакыруу маанисиндеги сөздөрдү күткөм. Өлкө башчыбыз өкмөт башчынын ордуна отчет берип койгондой болду. Экс-президентке жана Өмүрбек Бабановго жооп бергендей эле болду. Мен андан башка жаңылыкты уга албадым», - деди социал-демократтар фракциясынын депутаты Рыскелди Момбеков.

Өкмөт "аман" калдыбы?

Өкмөттүн отчету демекчи, президенттин кайрылуусунан кийинки күнү Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясы өкмөттүн 2018-жылдагы ишин карады.

Суроо-жооптун жүрүшүндө депутаттар экономиканы жакшыртып, карапайым калктын социалдык маселелерин чечүү, инвестиция тартуу тууралуу кеп кылышты. Алар ошондой эле ири долбоорлор менен программалардын ишке ашырылышын камсыз кылуу, кылмыштуулукту азайтуу, коррупциялык жосундарды жоюу, кадр тандоого көбүрөөк көӊүл буруп, кызмат адамдарынын жоопкерчилигин жогорулатуу боюнча сын-пикирлерин айтышты.

"2018-жылы бюджет толгон жок. 6 млрд. сомдон ашык акча түшпөй калды. Бюджет бул - мыйзам, аны Жогорку Кеңеш кабыл алат. Мухаммедкалый Дүйшекеевич, мыйзам аткарылбаганы үчүн ким жоопкерчиликке тартылды?", - деген депутат Абдувахаб Нурбаев өкмөт мүчөлөрүнүн жоопкерчилигин козгоду.

Мухаммедкалый Абылгазиев баштаган өкмөт 2018-жылдын 20-апрелинде дайындалган. Анын коалициялык көпчүлүктөгү отчету, өкмөттү кызматтан кетирүү, ал түгүл коалициянын өзүн таратуу тууралуу сунуштары көтөрүлүп жатканда учурда берилди. Саясатчы Камчыбек Ташиев 9-апрелде Бишкектеги басма сөз жыйынында Кыргызстандагы саясий чыңалууну жөнгө салуу үчүн өкмөттү отставкага кетирүүнү сунуштап, Атамбаев менен Жээнбековду тирешти токтотууга чакырган.

Ал эми “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын депутаты Исхак Масалиев социал-демократтар фракциясындагы ыйкы-тыйкылыктарга байланыштуу парламенттеги коалицияны таратуу сунушун киргизген.

«Жогорку Кеңештеги азыркы коалициялык көпчүлүк мыйзамга дал келбейт. Ал коалицияга төрт фракция кирген деп айтылат, бирок «Республика - Ата Журт» фракциясы өткөн жылы коштурулган болчу. Муну мыйзамга туура келбеген кадам деп эсептеш керек. Мыйзам талабына ылайык, коалиция түзүлөт, эч кандай кемитүү же кошуу деген түшүнүк жок. Коалиция бир жолу түзүлөт, курамы өзгөргөндө жаңыдан түзүлөт. Экинчиден, коалициянын негизин түзгөн фракциянын өз партиясы менен талаш-тартыш болгон учур жалпы Жогорку Кеңешке чоң зыян келтирет. Партия бийликке ачык эле оппозиция болуп чыкса, ошол партиянын фракциясы парламентте бийликте турса муну кандай түшүнсө болот? Кеп эң чоң фракция - КСДП тууралуу болуп жатат. Убакыт келди, төрдү бошотуш керек. Үчүнчү, убакытты созбой жаңы коалиция түзүшүбүз керек. Ага КСДПдан тышкары бардык фракциялар кошулушу керек», - деди Масалиев.

Өкмөт отставкага кетет жана коалиция тарайт деген сөздөргө карабастан, парламенттик көпчүлүк өкмөттүн 2018-жылдагы ишин канааттандырарлык деп тапты.

Депутаттардын колдоосун премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жаңы күч менен иштөөгө түрткү катары баалады:

- Кемчиликтерди айттыңыздар, эми анын баары бизге сабак болот. «Отчеттон кийин эмне болобуз?» деп күтүп жаткандар да бар эле. Эми жаңы күч менен ишке киргенге кадам таштайбыз.

120 мандаттуу кыргыз парламентинде алты фракция бар. Алардын төртөө - КСДП, «Республика - Ата Журт», «Кыргызстан» жана «Бир Бол» башкаруучу коалицияда. Ал эми «Ата Мекен» жана «Өнүгүү-Прогресс» оппозициялык азчылыкта.

Судан: 30 жыл башкарган президент камалды

Суданды 30 жыл башкарган президент Омар Баширдин бийлиги 11-апрелде кулап, убактылуу бийликти армия колго алды. Ошондой эле 2005-жылы кабыл алынган Конституция жокко чыгарылды. Өлкөдө үч айга өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Судандын вице-президенти жана коргоо министри Авад Мухаммед ибн Ауф Омар Башир камакка алынганын жарыялады:

"Мен коргоо министри жана Жогорку коопсуздук комитетинин башчысы мурдагы режим кулатылганын жарыялайм. Анын башчысы Омар Башир камакка алынды жана азыр коопсуз жерде кармалууда", - деген Авад Мухаммед ибн Ауф убактылуу өкмөттүн башчысы болуп калды.

Коргоо министри Авад Мухаммед ибн Ауф.
Коргоо министри Авад Мухаммед ибн Ауф.

Ошондуктан Омар Баширдин бийлигине каршы 16 аптага созулган нааразылык акцияларынын катышуучулары тарайын деген ою жок. Алар азыр бийликти колуна алган коргоо министри да бийликтен кетиши керек деген талаптарды коюуда.

Болгондо да, Баширдин өзүнүн вице-президенти жана коргоо министри болгон киши эми эки жыл боюнча убактылуу кеңештин атынан өлкөнү жана аскерди башкарганы абдан кооптуу дейт нааразылар. Алардын бири Мухамед Али:

“Ибн Ауфтун жарыясы бизге окшогон революционерлердин үмүттөрүнө балта чапты. Андыктан биздин талаптар аткарылбаса биз бул аянттан кетпейбиз”.

Армия кийинки шайланган башчыга бийликти өткөрүп берүү иши менен алектене турган атайын кеңеш түздү, бирок өткөөл мезгил эки жылга созулуп, жаңы президент шайланганга чейин бийлик армиянын колунда болот.

"Биз улут жана Судандын эрки катары мындай өзгөрүштү кабыл албайбыз. Алар бийликти бир креслодон башка креслого которуп коюшту. Кресло алмашкандан жыйынтык өзгөрбөйт. Алар биздин, элдин талабына жооп бербей жатышат" деди судандык Сами Ахмед.

1989-жылдагы төңкөрүштөн кийин бийликке келген президент Омар Баширге каршы демонстрациялар декабрдан бери уланып жаткан.
1989-жылдагы төңкөрүштөн кийин бийликке келген президент Омар Баширге каршы демонстрациялар декабрдан бери уланып жаткан.

Түмөндөгөн судандыктар баш калаа Хартумдун көчөлөрүнө чыгып, президенттин бийликтен кетишин түнү менен майрамдашты. Бирок кубанууга али эрте экенин жана революция акырына чыга электигин айткан Ахмед Аббас нааразылыктар улана турганын билдирүүдө.

"Эгер алар элдин таламын талашкан аскерий эмес бийликке жол бербесе, андан биздин революция аягына чыга элек. Биздин үмүт-тилегибиз орун алгыча биз бул аянттагы нааразылыгыбызды улантабыз жана мыйзамдуу талаптарыбыздын аткарылышын күтөбүз.

1989-жылдагы төңкөрүштөн кийин бийликке келген президент Омар Баширге каршы демонстрациялар декабрдан бери уланып жаткан. Алгач ага өлкөдө азык-түлүктүн кымбатташы, накталай акчанын жетишсиздиги түрткү болуп, кийинчерээк президенттик башкарууга каршы ураандар айтыла баштаган.

75 жаштагы Омар Башир – Гаага соту тарабынан согуш кылмыштары жана геноцид үчүн айыпталган кызматтагы биринчи мамлекет башчы. 2009-жылы Эл аралык кылмыш соту аны согуш кылмыштары жана геноцид аракеттери үчун камакка алууга ордер берген.

2015-жылдагы президенттик шайлоодо бийлик Омар Башир 94 пайыз менен жеңишке жеткенин жарыялаган. Ал шайлоого адилет өтпөйт деп, оппозициялык талапкерлер катышуудан баш тарткан.

Судан мунайга бай мамлекет, бир күндө жарым миллион баррель нефть экспорттойт. Бирок элдин 40 пайызы жакырчылыкта жашайт.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG