Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:37

Үч саясатчы "Апрель" менен соттошот


Саясатчылар Кеңешбек Дүйшөбаев, Ахматбек Келдибеков жана Азимбек Бекназаров.
Саясатчылар Кеңешбек Дүйшөбаев, Ахматбек Келдибеков жана Азимбек Бекназаров.

Саясатчылар Ахматбек Келдибеков, Азимбек Бекназаров жана Кеңешбек Дүйшөбаев экс-президент Алмазбек Атамбаевди жана “Апрель” телеканалын сотко беришти. Алар “телеканалдагы маегинде экс-президент ар-намысыбызга шек келтирди” деп, соттон жалпысынан 18 млн. сом өндүрүп берүүнү өтүнүп жатышат.

Медиа эксперттер басма сөз каражаттарына миллиондук доолорду коюу өнөкөтүнүн уланып жатканын сынга алышууда. Медиа полиси институту сотто “Апрель” телеканалынын кызыкчылыгын коргоого даяр экенин, бул иш сот тутумуна жана жаңы бийликке сыноо болорун эскертүүдө.

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин “Апрель” телеканалына 10-декабрда курган маегине байланыштуу үч саясатчы Свердлов райондук сотуна кайрылды.

Доогерлердин өкүлү Динара Ашимова кабарлагандай, Жогорку Кеңештин экс-спикери Ахматбек Келдибеков, Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү Азимбек Бекназаров менен Кеңешбек Дүйшөбаев экс-президенттен интервьюда айткандарын төгүндөп, кечирим суроону жана моралдык чыгым төлөөнү талап кылып жатышат:

- Ар бири 3 млн. сомдон Атамбаевге доо коюп жатат. Ошондой эле алардын пайдасына сот “Апрель” телеканалынан 3 млн. сомдон өндүрүп берсин дешти. Ушуну менен доо арыздын жалпы суммасы 18 млн. сом болду.

​Жакында эле Ахматбек Келдибеков kyrgyztoday.kg Интернет-сайтын сотко берип, бир миллион сом доо койгону белгилүү болгон. Буга чейин ал "Азия Ньюс" гезитин сотко берип, 2 миллион сом утуп алган.

Алмазбек Атамбаев “Апрель” каналына курган маегинде “азыркы бийлик өмүр бою мамлекеттик кызматта иштеп жүрүп миллионер болгондорду текшериши керек” деп, Келдибеков менен Түлеевдин аттарын атаган. Азимбек Бекназаров менен Кеңешбек Дүйшөбаевди сынга алган.

Алмазбек Атамбаев.
Алмазбек Атамбаев.

​- Азимбектер сүйүнүп жатканын мен жазында эле байкагам. Анткени булардын ою орундалды. Булардын ою кандай болчу? “Сооронбай менен Атамбаевди чабыштырып коюп, бир балээ болуп кетсе, биз да куру калбайбыз” деп жатат да. Анткени убагында бир жолу айткам, азыр деле кайталап коеюн, Азимбектер кузгунга окшош. Куркулдап бир балээ болуп кетсе экен деп турат. Анткени бир балээ болуп кетсе, кан төгүлсө, Кудай сактасын, жамандык болсо, мына Аксы окуясы болобу, 2005-жылкы март революциясы болобу, апрель революциясы болобу элге жаман болот. Азимбек, Дүйшөбаев пайдасын көрөт, акчасын табат. Ошондуктан чындыгында Сооронбай Жээнбеков менен мени душман кылып, асылгандан Кыргызстанга эмне пайда? Ынтымак кетип, эл аз-аздан бөлүнүп баратат. Бирок "кузгундарга" майрам да. Анткени куркулдап, "бир балээ болуп кетсе, биз кайрадан пайда табабыз кызматка жетишебиз же акча табабыз" деп, булардын тилеги ушундай.

Экс-президент Алмазбек Атамбаев коюлуп жаткан доолор боюнча комментарий бере элек. Анын себебин партиянын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева мындайча түшүндүрдү:

- Алмазбек Атамбаевдин атына соттон билдирүү түшө элек. Ал эми “Апрель” телеканалынын директору Дмитрий Ложниковго соттун билдирүүсү келип түштү. Ал баракчадан биз Келдибеков, Дүйшөбаев, Бекназаров үчөө жалпысынан 18 млн. сом талап кылып жатышканын билдик. Доо арыз Алмазбек Атамбаевдин атына келгенден кийин кандай жүйөлөрдү келтирип жатканын карап чыккан соң комментарий беребиз.

“Апрелге” коюлган 9 млн. сомдук доо мурдагы бийликтин тушунда басма сөз каражаттарына коюлган доолорду эске салды. Былтыр Башкы прокуратура андагы президент Алмазбек Атамбаевдин намысына шек келтирди деген жүйө менен бир катар маалымат каражаттарына айып таккан.

Октябрь райондук соту "Zanoza.kg" сайтынан жалпысынан 27 миллион сом өндүрүү тууралуу чечим чыгарган. Анын ичинен басылма 15 миллион сом, журналисттер: Нарын Айып 9 миллион, Дина Маслова 3 миллион, "Адилет" укук клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакупова ​3 миллион сом төлөөгө милдеттендирилген. Кийин Атамбаев материалдык доосунан баш тарткан.

Андан мурдараак “Азаттык медиа” мекемесин да сотко берип, бирок доо арызды кайра кайтарып алган. 2017-жылы оппозициялык маанайдагы "Сентябрь" телеканалынын жана сайтынын ишмердүүлүгүнө соттун чечими менен тыюу салынган.

Медиа полиси институту уюмунун жетекчиси Бегаим Усенова “Апрель” каналына коюлган доо азыркы бийликке сыноо деп эсептейт.

Бегаим Усенова.
Бегаим Усенова.

- Биздин уюм журналисттердин укугун коргоо менен алектенет. Сот иштеринде массалык маалымат каражаттарынын укуктары корголуп жатабы ага да көз салабыз. Биз буга чейин сотто “Kaktus.media”, “Сентябрды” коргогонбуз “Апрелди” да коргойбуз. Мен бул окуя сот бийлиги үчүн сыноо деп ойлойм. Эгер сот коюлган доону канааттандырса, кезектеги чоң ката болуп эсептелет. Андан сырткары бул жаңы келген бийлик үчүн да сыноо.

Мындан эки апта мурун экс-президент Алмазбек Атамбаевдин мурдагы кеңешчиси Фарид Ниязов "ResPublica" маалымат агенттигине маек куруп, өткөн жылдагы маалымат каражаттарына берилген миллион сомдук доо арыздарды сөз эркиндигиндеги өнүгүүнүн бир баскычы катары баалаган.

Медиа эксперт Алмас Турдумаматов маалымат каражаттарын сотко берүүнү жосунсуз адат катары сыпаттады:

- ЖМКларды миллиондогон суммаларга сотко берүү деген жаман адат калды го деп жатсак кайра уланып жатат. Бул терс көрүнүш. Эми мыйзамга өзгөртүү киргизип, “ар-намысыма шек келтирди” дегендердин зыянынын өлчөмүн эсептеп, чек коюш керек болуп калды. Себеби, алар эмненин негизинде ушундай миллиондогон сомдук доолорду коюп жатканы белгисиз. Сөз эркиндиги демократиянын негизги пайдубалынын бири да. Эгер сотко бере берсе, журналисттер жазгандан чочулап калат. Журналисттердин баары эле кандай жазыш керектигин чекти билет. Жоопкерчиликтүү журналисттер иштеп эле атышат.

"Апрель" телеканалы экс-президент Алмазбек Атамбаевге таандык экени айтылып жүрөт. Ал "ON1" каналынын негизинде түзүлүп, аны "Бешинчи каналдын" мурдагы редактору Дмитрий Ложников жетектеп турат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG