Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:18

Келдибековдун "кечиккен" кеги


Алмазбек Атамбаев жана Ахматбек Келдибеков.
Алмазбек Атамбаев жана Ахматбек Келдибеков.

Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Ахматбек Келдибеков аны каралап, аброюна шек келтиргени үчүн экс-президент Алмазбек Атамбаевди сотко берерин жарыялады.

Алмазбек Атамбаев жакында чыккан маегинде анын өзүн текшергенден мурда “өмүр бою мамлекеттик кызматта иштеп жүрүп байыган Келдибеков менен Түлеев сыяктууларды текшериш керек” деген мааниде пикирин билдирген.

Ошондой эле Ахматбек Келдибеков kyrgyztoday.kg Интернет-сайтын бир миллион сом доо коюп, сотко бергени белгилүү болду. Буга чейин ал "Азия Ньюс" гезитин сотко берип, 2 миллион сом утуп алган.

"Оозуна келгенди оттогонун токтотсун!"

Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Ахматбек Келдибеков NURTV телеканалындагы маегинде экс-президент Алмазбек Атамбаевди сотко берерин жарыялады.

Ал Атамбаев президент кезинде жана андан кийин да бир топ саясатчылардын, алардын арасында анын өзүнүн да жеке аброюна шек келтирип, каралап, кемсинткени үчүн сотко кайрылууга мажбур болуп жатканын билдирди:

Ахматбек Келдибеков.
Ахматбек Келдибеков.

- Атамбаевге мен жооп иретинде айткым келет. Ал оозуна батышынча сүйлөп жүрдү. Бүгүн дагы ошол адатын койбой, бир топ адамдын аброюна шек келтирип сүйлөп жатат. Жеке менин аброюма шек келтирип сүйлөгөнү үчүн мен аны сотко берем. Эгерде ал сотко келип, далилдеп бербесе, анда мен аны жоопко тартууну соттон талап кылам. Себеби, Атамбаевге башка адамдарды кемсинтүүгө ким укук берди? Анын эч андай укугу жок. Ал бүгүн биз сыяктуу эле катардагы жаран. "Экс" дегени жакында алынат. Анда "экс" деген макам да, кол тийбестик да болбошу керек. Ал оозуна келгенди сүйлөй бергенин токтотушу керек.

Бирок Ахматбек Келдибеков Алмазбек Атамбаевдин бийликте тургандагы же кызматтан кеткенден кийинки кайсы сөзү анын аброюна шек келтиргенин тактаган жок.

Экс-президент Алмазбек Атамбаев жакында "Апрель" телеканалындагы маегинде азыркы бийлик андан мурун өмүр бою мамлекеттик кызматта иштеп жүрүп, миллионер болгондорду текшериши керек экенин айтып, Келдибеков менен Түлеевдин аттарын атаган:

- Ошол эле өмүр бою мамлекеттик кызматта иштеп жүрүп, мультимиллионер болгон Келдибеков менен Түлеев “Атамбаевди камаш керек” деп бүгүн чыгып жатышпайбы. Кимди камаш керек? Мамлекеттен уурдап, уурдаган акчасын ары-бери чачкандардыбы же өз эмгеги менен акча таап, өзүнүн ата-бабасынын конушуна үй салгандардыбы?

Жолдубаева: Атамбаев соттошууга даяр

Башкы прокуратура 2013-жылы Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Ахматбек Келдибековго бир күндө үч кылмыш ишин козгоп, аны камакка алган эле.

Келдибековдун Социалдык фондду, Мамлекеттик салык кызматын жана парламентти жетектеп тургандагы ишмердиги текшерилип, ага "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" жана "Коррупция" беренелери боюнча айып коюлган.

Кийин аны коррупцияга байланыштуу айыптаган кылмыш иши кыскартылып, "Ахматбек Келдибеков парламентте спикер болуп турганда Москвада Жогорку Кеңештин өкүлчүлүгүн мыйзамсыз ачкан" деген негизде соттолуп, 10 миллион сом айыпка жыгылган.

Ахматбек Келдибеков айыппулду төлөгөн соң бир жылдан кийин мыйзамга ылайык анын соттуулугу жоюлган.

Мурдагы президент жетектеген КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева Алмазбек Атамбаев Келдибеков боюнча айткан сөзү үчүн сотко барып, жооп берүүдөн коркпой турганын айтты:

- Өз убагында Ахматбек Келдибековго карата кылмыш иши козголуп, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланганы боюнча айыптар коюлган. Анан бул боюнча соттун чечими да бар. Азыр эми Келдибеков “сотко берем” деп жатса, анда ал өз эрки. Сотко берип көрсүн. Биз эч нерседен коркпойбуз. Коомчулук кимдин ким экенин өзү таразалап алат.

​Бул маселе боюнча Ахматбек Келдибековдун өзүнө кайрылып, андан алдыдагы жана буга чейинки өз аброюн коргоо боюнча соттошуунун максаты тууралуу комментарий алууга мүмкүн болгон жок.

Каз-катар соттошуу

Мындан сырткары, Ахматбек Келдибеков kyrgyztoday.kg сайтын да сотко бергени белгилүү болду.

Бул тууралуу билдирген сайттын кожоюну Бегалы Наргозуев мурдагы спикер сайтта жарыяланган макаладагы айрым сөз айкаштарын далилдеп берүүнү талап кылып, редакцияга 1 миллион сом өлчөмүндө доо коюп жатканын белгиледи:

Бегалы Наргозуев.
Бегалы Наргозуев.

- “Макаладагы "Коррупцияга айыпталган Ахматбек Келдибеков" деген сөз айкашын төгүндөсүн”, анан “"Келдибековду коррупцияга байланыштуу айыптап, камакка алган" деген сөз айкашын жокко чыгарсын" деп талап кылып, бизди 1 миллион сомго сотко бериптир. Муну биз сөз эркиндигине басым кылуу катары баалайбыз. Биз да сотто өз жүйөбүздү айтабыз. Анткени биз аны “коррупционер” деген жокпуз. Мында аны "коррупция боюнча айыпталган" дегенбиз. Себеби, ага иш козголуп, коррупцияга байланыштуу айыпталганын элдин баары билет. Коррупцияга байланыштуу айыптап, анан аны камашкан. Кийин анын кандай жол менен чыгып кеткенине чейин билебиз. Ошондуктан анын койгон дооматтарына биздин өзүбүздүн жоопторубуз бар. Ошолордун негизинде биз азыр соттошууга даярбыз.

Буга чейин саясатчы Ахматбек Келдибеков "Азия Ньюс" гезитин сотко берип, андан 2 миллион сом утуп алган болчу. Келдибеков ал гезит аны “Ички иштер министрлигине өз кишисин койгону жатканы тууралуу жалган маалымат тараткан” деген негизде сотко берген.

"Жоо кеткен соң кылычыңды ташка чап"

Сөз эркиндигин коргоо комитетинин өкүлү Адил Турдукулов Келдибековдун соңку кадамдарын мындайча баалады:

Адил Турдукулов.
Адил Турдукулов.

- Буга чейин ага Атамбаев кандай гана орой, кандай гана ыплас сөздөрдү айткан жок? Келдибековду "ууру", "коррупционер" деп мазактаганга чейин барган. Бирок мындан үч-төрт жыл мурун Ахматбек Келдибеков Атамбаевге эч кандай жооп берген эмес. Тескерисинче, ал "Атамбаев жоопкерчиликти алды, ага ийгилик каалайм" деген сөз менен токтолгон. Азыр эми башка адам бийликке келип, ал Атамбаев менен тирешип турган чакта бийликтин камчысын чаап, ага жагынуу аракети болуп жатат. Экинчиден, ал өзүн коомчулуктун эсине салып коюну туура көрүп жатса керек. Бирок буга окшогон нерселер аркылуу Ахматбек Келдибеков эч кандай аброй таппайт.

Ахматбек Келдибеков 2010-жылы "Ата-Журт" партиясынан парламентке депутат болуп келип, кийин төрагалыкка шайланган. Ал ага чейин да парламентте депутат болуп, андан мурун Социалдык фондду жана Мамлекеттик салык кызматын жетектеп келген.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG