Линктер

шейшемби, 21-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 12:52

Азербайжан Исламабад декларациясынын саясий компонентине кол коюудан баш тарткан Кыргызстандын позициясына таарынган билдирүү таратты.

Экономикалык кызматташтык уюмунун жыйынтыктоочу билдирүүсүндө Карабак чыры сыяктуу конфликттердин болушу аймактын өнүгүшүнө тоскоол болору көрсөтүлгөн.

"Мына ошондуктан мындай чакырыкка кошулбаган Кыргызстандын туруму бизге түшүнүксүз" деп айтылат Азербайжандын Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө.

Кыргызстандын тышкы саясат мекемеси Исламабад декларациясын кабыл алууга каршы эмес экенин, болгону анын саясатташкан маселесине макул болбогонун билдирип жооп кайтарды.

Бакуну капаланткан кармануу

Экономикалык кызматташтык уюмунун Исламабад шаарында өткөн жыйынында аймактагы өнүгүүгө тоскоол болгон факторлор тизмектелген. Уюмга мүчө мамлекеттердин жыйынтыктоочу билдирүүсүндө чыр-чатактар аймактагы өнүгүүгө жана кызматташтыкка тоскоол болору көрсөтүлгөн. Анда уюмга мүчө мамлекеттер армян-азербайжан жаңжалы боюнча тынчсыздануусун билдиришкен. Бирок Кыргызстан саясий пунктту ичине камтыган Исламабад декларациясына кошулган эмес.

Буга байланыштуу Азербайжандын Тышкы иштер министрлиги "бирөөнүн тегирменине суу куйган Кыргызстандын позициясы бизге түшүнүксүз" деген мааниде билдирүү таратты. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги уюм экономикалык маселелерди чечүүгө ыңгайлашканын айтып, аны саясатташтырбоону эскертип, жооп берди. Расмий Бишкек Исламабад декларациясына каршы эместигин, болгону анын саясий пунктун колдоодон карманганын кошумчалады.

Жогорку Кеңештин эл аралык мамилелер боюнча комитетинин төрага орун басары Каныбек Иманалиев расмий Баку Кыргызстандын позициясын туура эмес түшүнүп алган деп комментарий берди:

- Ошол саясий маселенин күн тартибине кирип кеткени Кыргызстан үчүн күтүүсүз болду. Бирок азербайжан-армян жаңжалы боюнча мурунку позициясынан кайткан жок. Кыргызстан бул чатакты дипломатиянын жана эл аралык укуктун негизинде чечилишин көздөйт. Ал ар бир өлкөнүн эгемендигин жана аймактык бүтүндүгүн сактоо менен бул маселенин тынчтык жол менен чечилиши керек деген позиция. Бул жерде негизи туура эмес түшүнүү болгон да. Негизи Экономикалык кызматташтык уюмунда бул маселе каралбаш керек эле. Анда экономикалык мүнөздөгү маселелер гана каралышы керек болчу. Кыргызстан менен макулдашылбастан саясий маселе күн тартибине кирип кеткен. Ошон үчүн Кыргызстан декларацияга каршы болгон жок. Болгону ал добуш берүүдөн карманды. Бул ага каршы добуш бергендик дегенге жатпайт.

Калыстыкпы же калпыстыкпы?

Экономикалык кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин жыйынтыктоочу билдирүүсүндө коопсуздук жана тынчтык аймактагы туруктуулук жана өнүгүү менен түздөн-түз байланышта экени көрсөтүлгөн. Ошондуктан билдирүүдө эл аралык укуктун негизинде өлкөлөрдүн аймактык бүтүндүгүн, эгемендигин сактоо менен чыр-чатактарды жөнгө салууга салым кошуу жагы айтылган.

Пакистандын борбору - Исламабад шаарында өткөн Экономикалык кызматташтык уюмунун 13-саммитине Кыргызстандын өкмөт башчысы Сооронбай Жээнбеков катышып келди. Анда Казакстан жана Өзбекстан сыяктуу башка түрк тилдүү өлкөлөр декларациядагы Азербайжандын кызыкчылыгын коргогон саясий пунктун колдогон.

Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынан депутат Анвар Артыков бул талылуу маселе экенине токтолду:

- Мына ошол маселеде калыс добуш берип койсок болмок да. Анткени Армения менен бир ЕЭАБге мүчөбүз. Азербайжан менен да мамилебиз жакшы. Биз алардын ортосуна түшүп алганыбыз туура эмес. Бул жерде анан "бирөөнүкү туура, экинчисиники туура эмес" деген позиция болбошу керек. Бул жерде тараптар сүйлөшүү жолдору менен саясий чечимге келиши зарыл.

Анткен менен айрым парламент депутаттары расмий Бакунун Исламабад декларациясы боюнча Кыргызстандын позициясына карата капа болушунун жөнү жок экенин белгилешти. Себеби алардын айтымында, Азербайжан буга чейин түрк тилдүү мамлекеттердин парламенттик кызматташтыгы аркылуу өзүнүн бул маселеге карата кабатырлануусу бар экенин алдын-ала түшүндүргөн эмес. Ошондой эле расмий Бишкек үчүн Ереван менен Бакунун Карабак боюнча кызыкчылыгын бирдей карап, калыстыкты кармануу маанилүү экени белгиленди.

"Жөнү жок таарынуу"

"Республика - Ата Журт" фракциясынан депутат Максат Сабиров бул жагдай тууралуу мындай дейт:

- Чынын айтканда, Азербайжан да, Армения да бизге бул маселе боюнча таарына турган жөнү жок. 1992-жылы Карабак чатагы чыгып, эки тарап катуу кагылышып жаткан учурда, ошондогу кыргыз парламенти жаатташкан жактарды жараштыруу демилгесин биринчилерден болуп көтөрүп чыккан. Анан эми азыр ар кандай таарынычтар болуп жатат. Анткени төрт өлкө - Түркия, Азербайжан, Кыргызстан жана Казакстан түрк тилдүү мамлекеттердин парламенттик ассамблеясына мүчөбүз да. Таарыныч мына ошондон улам дагы болсо керек. Анан эми жөндөн-жөн эле таарыныч кыла берген да туура эмес да. Анткени Азербайжан түрк тилдүү мамлекеттердин парламенттик ассамблеясынын алкагында деле бизге карата бир жылуу көз карашта болуп, жардам көрсөтүп жиберген учурлары деле болгон эмес.

Түштүк жана Түштүк-Чыгыш Азия мамлекеттеринин башын кошкон Экономикалык кызматташтык уюму 1985-жылы уюшулган. Кыргызстан бул уюмга 1992-жылы мүчө болуп кирген. Бул уюм чөлкөмдөгү өлкөлөрдүн экономикалык өнүгүүсү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү жана алардын дүйнөлүк чарбалык мамилелерге аралашуусун камсыздоо максатын көздөйт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG