Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:10

Бекназаров чуулгандуу тасмалар боюнча үн катты


Азимбек Бекназаров.
Азимбек Бекназаров.

Мурдагы башкы прокурор, Убактылуу өкмөттүн мүчөсү Азимбек Бекназаров Бишкекте маалымат жыйынын куруп, интернетке тарап кеткен чуулгандуу аудио, видео тасмалар боюнча түшүндүрмө берди.

Саясатчы Азимбек Бекназаров интернетке тарап кеткен талаштуу аудио, видео жазуулардан кийин алгач ирет маалымат жыйынын курду. Ал Камчыбек Ташиев экөөнүн сүйлөшүүсү делген аудиону монтаж деп жокко чыгарып, ага удаа comment.kg порталы жарыялаган видеону чындык деп тастыктады.

Бирок эки тасмада тең Бекназаров Өмүрбек Текебаевдин сотунда жалган көрсөтмө бергенин айткан болчу. Ал сотту алдадым деп “Мегакомдун” 51 пайызы орусиялык Penwell компаниясына эмне үчүн өтпөй калганы тууралуу маалыматты айтканын билдирди:

- 2010-жылы биз тергөө иштерин жүргүзүп, Максим Бакиев менен Алексей Елисеев “Мегакомду” орусиялык Penwell компаниясынан рейдерлик менен тартып алганын тастыктаганбыз. Азыр да “Мегакомдун” 51 пайызын Penwell'ге бериш керек деп айтам. Рейдерлик менен тартып алган Бакиевди жана Елисеевди жоопко тартышы керек. Аида Салянова башкы прокурор болуп турганда мамлекеттин кызыкчылыгы деп Елисеевден мамлекетке алып койгон. Елисеев да убагында Максимдин кызыкчылыгы деп орусиялык компаниядан тартып алган. Башкы прокуратура жеке менчикти коргош керек болчу. Тескерисинче мамлекет да рейдерлик басып алууну уланткан.

Бекназаров өз айыбын өзү ачтыбы?

Бекназаров өз айыбын өзү ачтыбы?

16-августта интернетке жарыяланган жарым сааттык видеотасмадан саясатчы Азимбек Бекназаровдун журналисттерге берген маегинен кийинки ээн-эркин сүйлөшүүсүн көрүүгө болот.

Бекназаров Penwell компаниясы эл аралык соттон утуп, “Мегакомдун” 51 пайызын кайтарып алууга толук укугу бар экенин кошумчалады. Аталган компания жакында эле Стокгольмдогу Арбитражга кайрылып, кенемте иретинде Кыргызстанга 200 млн доллар доо койгон.

Бекназаров бул билдирүүсү менен мурдагы башкы прокурор Аида Салянованы айыптап жатат. Анын айтымында, Байтемир Ибраев баш прокурор, өзү Убактылуу өкмөттүн мүчөсү катары көзөмөл органына куратор болуп турганда кылмыш иши козголуп, “Мегакомдун” 51 пайыздык үлүшү орусиялык компанияга өтөөрдө кийинки келген баш прокурор мыйзамсыз жол менен мамлекетке алган.

Анткен менен Аида Салянова Бекназаровду орусиялык компаниянын кызыкчылыгын жөн жеринен коргогон жок деп эсептейт. Анын ишендиришинче, Бекназаров козгогон кылмыш иши сотко жетсе “Мегаком” мамлекетке эмес, жеке колдорго өтмөк.

- Биринчиден, Бекназаров орусиялык компанияга адвокат болбой эле койсо болмок. Экинчиден, мүлк кимдики экенин тергөө эмес, сот аныктайт. 2013-жылы сот “Мегакомдун” 100 пайыз үлүшү Алексей Елисеевге таандык деп чечим чыгарган. Биз ошондон кийин Елисеевдин мүлкү катары мамлекет эсебине конфискациялаганбыз. Эгер Бекназаров козгогон кылмыш иши сотко жетсе, “Мегаком” мамлекетке эмес, Penwell'ге өтүп кетмек.

16-августта интернетке Бекназаровдун видеосу тарап кеткен. Анда сөздөрүн видеокамера жазып жатканын этибар албаган саясатчы “Мегаком” чуусу, Өмүрбек Текебаевдин соту сыяктуу бир катар маселелер боюнча оюн айткан.

Текебаевдин соту: чаташкан “миллиондор”

Текебаевдин соту: чаташкан “миллиондор”

Бишкектин Биринчи Май райондук соту “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен партия мүчөсү Дүйшөнкул Чотоновдун иши боюнча күбөлөрдөн көрсөтмө алууну улантты.

Comment.kg порталы Азимбек Бекназаровдун маектен тышкаркы сөзүн анын чыныгы жүзүн элге көрсөтүү үчүн атайын жарыялаганын билдирген. Журналисттер "Бекназаров калп айтты" деп ага чейин интернетке жарыяланган аудио жазууну жүйө келтирген. Анда Азимбек Бекназаров менен Камчыбек Ташиевдин сүйлөшүүсү делген аудио тарап, анда Бекназаровдукуна окшош үн: “Сотто Текебаевдин сөөгүн агарткыча калп айттым. Ар калпты айткан сайын "Кудай өзүң кечире көр" деп жаттым” деп сүйлөгөн.

Ал арада айрым талдоочулар “Мегаком” маселеси өтө эле саясатташып, өлкө кызыкчылыгы унутта калганын айтышууда. Алардын бири, экономикалык маселелер боюнча эксперт Эмил Үмөталиев маселени мыйзамдардын чегинде, өлкө пайдасы үчүн чечүү керек деген ойдо:

- Биздин абал өтө оор. “Мегаком” ачык шартта улутташтырылса, мындай талаштар болмок эмес. Улам кийинки келген бийлик жеке кызыкчылыктарын көздөп жатып ушул абалга жеттик. Маселени калыс чечүү үчүн соттор акыйкат чечим чыгарышы керек. Бардык териштирүүлөр ачык-айкын жүрүш керек.

“Мегаком” соода маркасы менен таанылган "Альфа Телеком" жабык акционердик коому 2009-жылы түзүлгөн. Ал учурда мурдагы президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевге жакын адамдар ээлик кылары айтылып келген.

2010-жылдагы Апрель ыңкылабынан соң Убактылуу өкмөт аталган компаниянын 49 пайызын улутташтырган. 2014-жылы болсо компания толук бойдон мамлекеттин карамагына өткөн эле.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG