Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:22

Текебаев-Чотонов соту: 18 күбө көрсөтмө берет


Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун соту.
Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун соту.

Мамлекеттик айыптоочулардын апелляциялык арызынын негизинде Бишкек шаардык сотунда Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун иши карала баштады.

“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен ушул эле партиянын мүчөсү Дүйшөнкул Чотоновдун кылмыш иши 5-сентябрда Бишкек шаардык сотунда карала баштады. Буга мамлекеттик айыптоочулардын райондук соттун чечимине каршы жазган апелляциялык арызы себеп. Алар өз арызында Текебаев менен Чотоновго жеңил жаза чектелгенин жана мунапыс негизсиз колдонулганын жүйө келтиришкен.

Текебаевдин жактоочулары отурум башталары менен эки ирет соттук коллегияга ишеним көрсөтпөө өтүнүчүн келтиришти, бирок ал канааттандырылган жок. Андан соң адвокат Канат Хасанов прокурорлордун бири Таалай Айбашев анын күйөө баласы экенин жүйө кылып, ага ишеним көрсөтпөө маселесин көтөрдү. Бирок соттук коллегия Хасанов менен Айбашев жакын тууган эмес экендигин белгилеп, өтүнүчтү четке какты.

- Айбашев эжемдин кызынын күйөөсү болот. Мындайча айтканда мага жакын күйөө бала. Кылмыш-процессуалдык кодексте туугандар айыптоочу жана жактоочу тарапта болбошу керек деген норма бар. Сот болсо тегиңер боюнча тууган эмессиңер деп өтүнүчтү четке какты. Эми жакын тууган болуп туруп, кантип бири-бирибизге каршы чыгабыз билбейм, - деди адвокат Хасанов.

Прокурор Таалай Айбашев Хасанов менен алыс тууган экени соттук отурумдун акыйкат өтүшүнө тоскоол болбостугун билдирди.

Текебаевдин жактоочулары райондук сотто суралбай калган 19 күбөнүн көрсөтмө берүүсүн соттон суранышты. Соттук коллегия өтүнүчтү жарым-жартылай канааттандырып, “Мегакомдун” мурдагы башкы директору, азыр камакта отурган Азамат Мурзалиевден башка 18 күбөнүн көрсөтмө берүүсүнө макул болду. Текебаевдин жактоочусу Канат Хасанов мындай чечим сот акыйкаттыгынан үмүт жаратат деген ойдо.

- Сот өтүнүчтү канааттандырып бизди кубантты. Райондук сотто алар суралбай калган. 18 күбө көрсөтмө берсе, Текебаев менен Чотоновдун күнөөсү жок экени далилденет деп ойлойбуз.

Сот Текебаев чогулткан кол тамгаларды жараксыз деп тапты

Сот Текебаев чогулткан кол тамгаларды жараксыз деп тапты

"Ата Мекен" партиясынын абактагы лидери Өмүрбек Текебаев президенттик жарышка чыгуу мүмкүнчүлүгүнөн иш жүзүндө толук ажыратылды.

Кылмыш иши Биринчи май райондук сотунда каралып жатканда судья Айбек Эрнис уулу аталган күбөлөрдү чакыруудан баш тарткан болчу. Айыпталуучулар болсо күбөлор толук суралганда гана чындык билинерин айтып келишет.

16-августта Биринчи май райондук сотунун судьясы Айбек Эрнис уулу Текебаев менен Чотоновду коррупция беренеси боюнча күнөөлүү деп таап, үй-мүлкүн конфискациялоо менен сегиз жылга эркинен ажыраткан. Мамлекеттик айыптоочулар болсо Текебаевди 10, Чотоновду 8 жылга кесүүнү өтүнүшкөн. Райсоттун чечимине ылайык, саясатчылардын жаза мөөнөтү мунапыска ылайык үчтөн бирге кыскарып, убактылуу кармоочу жайдагы күндөрү эселеп эсептелип 4,5 жылга кыскарган.

Башкы прокуратура Текебаев менен Чотоновду 2010-жылы “Мегаком” компаниясынын жетекчилигине орус ишкерлерин киргизебиз деген убада менен миллион доллар пара алган деп айыптап келет. Анткен менен саясатчылар кылмыш ишин бийликтин саясий куугунтугу катары сыпатташат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG