Линктер

шаршемби, 17-июль, 2019 Бишкек убактысы 03:23

ЕАЭБ жемкорлорду бириктирди


Кыргыз-казак чек арасы.

Жогорку Кеңештин тармактык эки комитети Евразия Экономикалык Биримдигинин (ЕАЭБ) алкагындагы аткезчиликке байланышкан маселени октябрда карамай болду.

Маселенин күзгө калышына эмне себеп болду? Өкмөттүн даярдыгы начарбы же кызыкчылыгы бар күчтөрдүн таасир эттиби? Аткезчиликтин масштабы соода-экономикалык кызматташтыкка кандай таасир этип жатат?

«Арай көз чарай» талкуусуна Экономика министрлигинин башкармалыгынын жетекчиси Зайнидин Жумалиев, экономика боюнча эксперт Мейманбек Абдылдаев жана коопсуздук маселелери боюнча эксперт Максат Мамытканов катышты.

«Азаттык»: - Зайнидин мырза, Жогорку Кеңештин эки тармактык комитети ЕАЭБдин алкагындагы чек аралардагы аткезчиликке байланышкан маселени октябрда карамай болду. Муну айрым депутаттар өкмөттүн бул маселе боюнча даярдыгынын жоктугу менен түшүндүрдү. Сиз ушуга макулсузбу же дагы башка себептери барбы?

Зайнидин Жумалиев: - Мен мындай ойлорго кошулбайм. Өкмөт, тиешелүү министрликтер тарабынан иштер жүрүп жатат, абал көзөмөлдө десек болот.

Зайнидин Жумалиев.
Зайнидин Жумалиев.

Бизде «Эмнени аткезчилик деп айтабыз?», «Кайсы көрүнүштү аткезчилик деп айтпайбыз?» дегенди так түшүнүп алышыбыз керек. Албетте, Казакстандан чоң-чоң машинелер менен күйүүчү май кирип жатса бир жөн, аларды биздин күч түзүмдөрүбүз катуу көзөмөлгө алып, күрөшүп жатат.

Ооба, бул жерде аткезчилик боюнча маселе бар. Кармалгандарга иш козголуп, сотко өткөрүп беришүүдө. Ал эми аткезчиликке байланыштырып башка жагдайларды да айтып калышат.

Мисалы, Казакстан менен Кыргызстандын ортосунда жети чек ара өткөрмө пункту бар. Ошолордон Кыргызстандан өткөн ар бир жеңил машине күнүнө 60-70 литр багына куюп, андан сырткары 20 литрди башка идиш менен кошумча күйүүчү май алып чыкканга акысы бар. Бир күндөн бир посттон 50 жеңил машине кирип-чыкса эле, аз дегенде 5 тонна бензин ташылат экен. Ошондо беш посттон күнүнө 25 тонна май өтүп жатпайбы. Аны аткезчилик деп айта албайбыз.

Бизде эркин соода саясаты бар. Биз эч кимди токтото албайбыз. Бирок бир эле адам, бир эле машине менен бир нече жолу кирип чыкса, ал мыйзамсыз, алар жазаланыш керек.

«Азаттык»: - Мейман мырза, Жогорку Кеңеште Кыргызстанга аткезчилик менен кирген товарлардын айынан мамлекеттик казына миллиарддаган сомду жоготуп, мыйзамдуу иштеген, ак ниет салык төлөөчүлөр атаандаштыкка туруштук бере албай жатканы айтылды. Кыргызстан ЕАЭБдин талаптарын аткара албай жатат десек болобу?

Мейманбек Абдылдаев.
Мейманбек Абдылдаев.

Мейманбек Абдылдаев: - ЕАЭБге киргенде көбү каршы болгон, «даярдыгы жок кирип алдык» дегендер да болуп жатат. Менимче, Кыргызстан ЕАЭБге туура кирген. Биз көп маселелерде утуп жатабыз. Ал эми чек араларда аткезчиликтин болушу – бул бийлик башындагылардын коррупцияланышы менен тыгыз байланыштуу. Тагыраак айтканда бажы, салык жана чек ара кызматындагылар чогуу иш жасап жатат. Бири-бирин жаап-жашырган иштер уланууда. Биз «жогору жакта отургандарды тазалаш керек, реформа зарыл» деп келатабыз. Бул көрүнүш Кыргызстан эгемендик алгандан бери эле келатат, ал экономикага оор зыянын тийгизүүдө.

Биздин өкмөт «көмүскө экономиканын көлөмү 40 пайыз» деп келатат, менин эсептөөм боюнча 60 пайызга чыгат. Бир мисал айтайынчы. Кытайдын бир жылда Кыргызстанга жиберген өткөн экспортунун көлөмү 5,5 миллиард доллар экен. Биздикилер болсо Кытайдан кирген импорттун көлөмүн 1 миллиарддын тегерегинде кылып көрсөтүшүүдө. Ортодогу 4,5 миллиард кайда? Аны ким жөндөп жатат? Мамлекеттик бажы кызматы баш болгон башка кызматтар бөлүштүрүп жатышы мүмкүн, мында өтө чоң кызматтагылар байланышта.

Дагы бир маселе. Кыргызстан ЕАЭБге киргенде коррупциянын жаңы мүмкүнчүлүктөрү ачылууда. Биз менен уюмга мүчө болгон мамлекеттерде да коррупция күч, өтө катуу тамырлашкан. Эми алардын, биздин коррупционерлер биригип кетишти, тилектештик кылып турушат. Маселенин өзөгү ушул жакта калууда.

«Азаттык»: - Президент Сооронбай Жээнбеков ЕАЭБдин өткөн саммитинде «чек араларга үч баскычтуу көзөмөл коёлу» деп демилге көтөрдү. Муну Кыргызстан аткезчилик менен жалгыз күрөшө албайт дегенди түшүндүрөт десек болобу?

Максат Мамытканов.
Максат Мамытканов.

Максат Мамытканов: - Бир чети ушундай түшүнсөк болот. Экинчиден, биздин президент «эгер Кыргызстанга ишенбесеңер, анда чогуу текшерели» деп айтты десек болот. Муну менен Кыргызстанга болгон ишенимди көтөрөм деген ойдо болсо керек.

Бирок биздеги мүшкүл башка жакта. Эң башкысы - Кыргызстан ЕАЭБге даярдыгы жок кирген. Анткени бизде көп маселелер чечилген эмес. Биздин өнөктөш мамлекеттердин бардыгы экономикалык кызматташтыкта электрондук форматка өткөн. Алар эбак эле «электрондук эсеп-фактура», «электрондук бажы декларациясы» дегенге өткөн. Тилекке каршы, Кыргызстандагы чек аралардан товарларды өткөрүү, көзөмөлдөө баягы совет заманындагыдай эле кагаз жүзүндө жасалууда. Бизде көзөмөлгө алуу механизми артта калган.

(Талкуунун толук вариантын ушул жерден угуңуз)

ЕАЭБ жемкорлорду бириктирди (Аудио)
please wait

No media source currently available

0:00 0:23:31 0:00
Түз линк

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG