Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:17

Кыргызстандын этине ЕАЭБге жол ачылды


Иллюстрация
Иллюстрация

Кыргызстандын ветеринардык тутуму Евразия Экономикалык Биримдигинин ченемдерине туура келет деп таанылды. Жаңы макам өлкөгө кандай укуктарды жана жоопкерчиликти берет?

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаковдун айтымында, мындай укукка ээ болуш үчүн Кыргызстан бир топ иштерди аткарды. Лабораториялар жабдылып, ишкерлерге чыгарган өндүрүмүн коңшу өлкөлөргө экспорттоого шарт түзүлдү.

«Чечимге кол коюлду, - деди өкмөт өкүлү. - Ага ылайык, Кыргызстандын ветеринардык тутуму Евразия Экономикалык Биримдигинин (ЕАЭБ) ченемдерине эквиваленттүү деп таанылды. Кыргызстан ЕАЭБге кирген учурдан тартып бул көйгөйлүү маселе болуп келген. Ушундан улам биздин өндүрүүчүлөр товарын ЕАЭБ аймагында эркин сата алган эмес. Бул чечимге кол коюлгандан баштап жергиликтүү өндүрүүчүлөр өз өндүрүмүн интеграциялык биримдиктин аймагында тоскоолдуксуз сата алат».

Кыргызстан Евразия Экономикалык Биримдигине киргенине быйыл төрт жыл болду. Алгач Орусия менен Беларус Бажы биримдиги катары түзгөн бул уюмга кийин Казакстан жана Армения кошулган. Бирок «ветеринардык талаптарга жооп бербейт» деген чектөө Кыргызстанга карата гана колдонулуп келген.

Ветеринардык жана фитосанитардык инспекциянын жетекчиси Калысбек Жумакановдун айтымында, Кыргызстандан мындай чектөөнүн алынышына негизинен Казакстан каршы болуп жаткан.

Казак өкмөтү Кыргызстанда шарп ылаңына каршы иш тийиштүү деңгээлде жүрбөйт деп эсептеп, эми гана көрүлүп жаткан аракеттерден улам макулдугун берди.

Жумакановдун айтымында, жаңы макам чоң мүмкүнчүлүктөрдү ачат.

«Биринчиден, бизде мал чарбачылыгында алектенип, кайра иштетүү, сүт, эт, бал азыктарын экспорт кылгысы келген ишканаларыбыздын баарын эки реестрге бөлүп өзүбүз киргизе алабыз, - деди ал. - Ошол реестрди бардык ЕАЭБ өлкөлөрү тааныйт, анткени сайтка илип коёбуз, «мына бул ишканалар экспортко чыга алат, ал эми булар ички рынокко иштей алат» деп. Ошондой укук берилди. Мурда мындай укугубуз жок болчу. Орусиядан, Казакстандан эксперттерди чакыртчубуз. Эми өзүбүз инспекция жүргүзүп, кеңеш беребиз. Экинчиден, сырттан импорт кылгыбыз келсе өзүбүз чечебиз, бирок ЕАЭБ өлкөлөрүнө сөзсүз «биз инспекцияга баратабыз, кааласаңар ошол өлкөгө биз менен кошо баргыла» деп кабар беребиз. 14 күн ичинде жооп болбосо өзүбүз киргизип келебиз. Биз уруксат бергенден кийин ал өндүрүм бардык ЕАЭБ өлкөлөрүнө киргенге укуктуу болот. Ошентип биз толук укуктуу мүчө болуп калдык деп башыбызды өйдө көтөрсөк болот. Бул кыргыз ветеринариясы эч кандай кемчилиги жок дегенди туюндурат. Керек болсо кээ бир жактан, мисалы, бюджетке чыгым келтирбестен калыптанган жеке ветеринардык системабыз алдыда турат. Алар ушул тажрыйбабызга кызыгып жатышат».

Ветеринардык жана фитосанитардык инспекциянын жетекчиси белгилегендей, укуктардын кеңейиши менен катар жоопкерчилик да күчөтүлүп жатат.

«Ветеринардык талаптарга жооп бербейт» деген негизде Кыргызстандан өндүрүлгөн азык коңшу Казакстанга өткөрүлбөй койгон учурлар буга чейин көп катталган.

Бүгүнкү күндө өлкөдө 19 ветеринардык лаборатория бар. Алардын Бишкектеги жана Оштогу экөөнүн улуттук макамы бар.

«Кыргыз эт» эт өндүрүүчүлөр жана кайра иштетүүчүлөр ассоциациясынын президенти Ырысбек Абдырасулов ветеринардык тутумга берилген макамды жакшы жетишкендик деп эсептейт. Бирок ал чечүүнү талап кылган маселелер дагы эле бар экенин эске салды:

«Эт тармагында негизги маселе – заман талабына жооп берген инфратүзүм, мал союла турган жайлар, этти кайра иштеткен комбинаттар жок. Белги коюп, таңгактоо, маркетинг, бренд жагы да жолго коюлган эмес. Албетте, бул чоң жумуш, аны ишке ашыруу көп каражатты талап кылат. Кыргызстанда экологиялык таза, сапаттуу айыл чарба өндүрүмү, анын ичинде эт өндүрүлөрүн бүт дүйнө билет. Жакшы эттин дүйнөлүк баасы абдан кымбат. Мисалы, Жапония АКШга этти килограммын 60 доллардан экспорт кылат. Ал эми биздин эт андан да жакшы. Биз да 50-60 долларга чыгышыбыз керек».

Адистер мындай максатка жетүү толук мүмкүн деп эсептешет. Бул үчүн малдын асылдуулугун жакшыртып, санын көбөйтүп, системалуу түрдө иш жүргүзүү зарыл.

ЕАЭБ: өргө тартпаган өнөктөштүк

ЕАЭБ: өргө тартпаган өнөктөштүк

Санкт-Петербург шаарында уюмга мүчө мамлекеттердин башчылары Евразия экономикалык биримдигинин алгачкы эки жылдыгынын жыйынтыгын чыгарышты.

Статистикалык маалыматка караганда, соңку жылдары Кыргызстанда эт-сүт өндүрүү көбөйүп жатат. Эт 2014-жылы бир жылда 200 миң тоннадай болсо, былтыр 230 миң тонна болду. Ал эми сүт 1,5 миллион тоннанын тегерегинде өндүрүлүп келе жатат.

Ошол эле учурда малдуу деп эсептелген Кыргызстан этти сырттан сатып алат. Импорт экспорттон 30 эсе ашкан учурлар да бар.

Быйыл жыл башынан бери Иранга 1 миң тонна кой эти сатылды. Этти Бириккен Араб Эмираттарына, Сауд Арабиясына, Өзбекстанга, Кытайга жөнөтүү пландары да бар.

Соңку үч жылдан бери Кыргызстанда чектеш өлкөлөргө жугушу ыктымал деген ылаң каттала элек.

Өлкөдө 2,5 миң жеке ветеринар бар. Алардын автоунаасын, шаймандарын мамлекет донор өлкөлөрдүн жардамы менен камсыз кылат.

Ылаңга каршы эмдөөгө жана дары-дармек сатып алууга бюджеттен 2016-жылы 120 миллион сом бөлүнгөн. Ага чейин 60 миллион сомдун тегерегинде акча каралчу.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG