Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:41

Милиция эки кызматкеринин чырын иликтейт


Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы "Оливье" кафесинин алдындагы окуяны тергөөнү жандантты.

Мунун алдында Башкы прокуратура тергөөнүн токтошуна прокуратура органдары кийлигишкен деген дооматты четке каккан .

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы кафенин алдында болгон окуя боюнча материалдарды жаңыдан иликтөөгө киришти. Бул тууралуу аталган органдын маалымат катчысы Адыл Оморов "Азаттыкка" кабарлады. Ага ылайык, кылмышка шектелген, иштен алынган эки милиция кызматкеринин баш коргоо чарасы боюнча азырынча чечим кабыл алына элек:

- Бул иш токтоп калган. Бирок коомдук резонанс жараткандан кийин жоопкерчиликке тартылсын деп жетекчилик тараптан ишти кайра улантып, сотко жеткирүү үчүн прокуратурага кайрылуу болгон. Азыр тергөө иштери болуп жатат. Мурда алар камактан үй абагына чыгарылган болчу. Эми кандай болорун азыр айта албайм. Материалдар жаңы эле келди, алар каралып жатат. Каралгандан кийин чечим чыгат.

Сабалган жигиттин жакындары милицияны айыптады

Сабалган жигиттин жакындары милицияны айыптады

Бишкекте 22 жаштагы жигит токмоктолуп ооруканага түштү. Жабырлануучу тарап аны сабагандар милиция кызматкерлери экенин айтып чыкты. Окуя тартылган видео интернетке тарап, соцтармакта отургандардын нааразылыгын жаратууда.

Мунун алдында Башкы прокуратура "Оливье" кафесинин алдындагы окуяны тергөөнүн токтоп калганы боюнча айрым маалыматтарды тактап түшүндүрмө тараткан.

Башкы прокуратуранын маалымат кызматынын өкүлү Назик Байгазинова бул иштин кыскарышына прокуратура органдары кийлигишкен деген доомат негизсиз экенин айтты:

- Тергөөнүн жүрүшүндө аталган кылмышка шектүү катары милициянын эки кызматкери кармалган. Аларга Кылмыш-жаза кодексинин "бейбаштык" беренеси боюнча айып угузулуп, аларды бир айга камоо тууралуу баш коргоо чарасы каралган. Бирок жабырлануучу тергөө иштерине катышуудан баш тартканына байланыштуу ИИМдин тергөө башкы башкармалыгы тарабынан айыпталып жаткандардын баш коргоо чарасы өзгөртүлгөн. Кийин жабырлануучу жеке айыптоону колдонуудан баш тартканына байланыштуу Ленин райондук ички иштер бөлүмү бул кылмыш ишти өндүрүштөн кыскарткан. Бирок андан кийин Бишкек шаардык прокуратурасы кылмыш ишти токтотуу тууралуу чечимди жокко чыгарган жана тергөө ишин Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө бөлүмүнө тапшырган.

"Азаттык" ур-токмокко кабылды деген Бек Мыктыбек уулунун атасы Мыктыбек менен байланышып иштин токтоп калганы тууралуу пикирин сурады. Ал аны тараптардын жарашып алганы менен түшүндүрдү:

- Балдар өздөрү жарашкан. Тил табышып алышыптыр. Ортодо өздөрүнүн кыялбас тааныштары чыкты окшойт. Ошол себептер менен жарашып алышты.

Милиция мыйзамды сыйласа...

Коомчулукта талкуу жараткан бул окуя ушул жылдын башында болгон. "Оливье" кафесинен чыгып бараткан эки адам ал жайга кирип бараткан баланы ур-токмокко алганы тартылган видеотасма жарыяланган.

Ички иштер министрлиги кылмышка шектелип Бишкектин Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнүн кылмыш иликтөө боюнча 25 жаштагы ыкчам кызматкери жана Бишкек милициясынын уюшкан кылмыштуулукка каршы бөлүмүнүн 26 жаштагы оперативдүү иштер боюнча кызматкери кармалганын, жетекчилик бул фактынын тергелишин жеке көзөмөлүнө алганы маалымдаган.

“Реформа жана жыйынтык үчүн” жарандык бирикменин өкүлү Урмат Казакбаев кылмышка аралашкан күч органдарынын өкүлдөрү жазасыз калбашы керек деген ойдо:

- Милиция эле эмес, башка бардык күч органдарынын кызматкерлери ушундай мыйзам буза турган болсо жабыр тарткан тарап доомат койбогон күндө дагы мындай иштерди тергөөнү токтотконго тыюу салуу керек. Анткени күч органдарынын кызматкерлери башка жөнөкөй жарандарга караганда алардын мүмкүнчүлүктөрү, ыйгарым укуктары көбүрөөк. Аларга атайын ишеним көрсөтүлүп ок атуучу курал берилет. Алар биздин коопсуздукту камсыздашы керек. Аларга кандайдыр бир жеңилдиктер, өзгөчөлүктөр берилет. Алар мыйзамды сыйлоо жагынан үлгү болушу зарыл. Эгер алар мыйзам бузса, башка жарандарга караганда жазасы эки эсе көп болушу керек. Ошондо гана тартип болот. Ушуну менен бирге эле алардын айлык акылары, социалдык жактан корголушу жогору болушу керек.

Анткен менен Ички иштер министрлигинин ардагерлер кеңешинин төрагасы Султан Жоошбаев болсо коомчулукта милиция кызматкерлерин жаман көрсөтүү аракети күч алганын айыптады:

- Бизде милицияны таптакыр эле мокочо кылып көрсөтүп койбодубу. Алар деле бирөөнүн баласы. Алар деле Кыргызстандын жараны, башка мамлекеттен келген жок. Эгер аны да мазактап турса, анын деле жаны күйөт да. Эми алар ошондой ишке барбашы керек эле, балким аларды ошол абалга жеткирсе керек. Эл милицияны ушундай абалга өзү жеткирип жатат. Пейилибиз кетти. Милицияны, мыйзамды сыйлабай калдык. Азыр милиция бир нерсе болсо эле ошону көтөрүп чаап, милиция жаман болуп калып жатат. Менимче жалпы элди дагы тартипке чакырышыбыз керек.

ИИМдин ушул жылдын башында 2016-жылдагы ишинин жыйынтыгын коллегиясында айрым жетекчилер иштен алынып, бир катар жооптуу кызматкерлерге сөгүш, эскертүү берилген.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG