Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:52

Мыйзамда корголбогон милиция кор болот


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкекте топтошкон адамдар кылмышка шектүүнү милицияга карматпай койгон окуя күч кызматкерлеринин аброю тууралуу маселени кабыргасынан койду. Асманга ок атылганына карабай, топтошкондор милициянын ишине тоскоол болушкан.

Окуя 25-апрелде Ош базарынын жанында болгон. Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Адыл Оморовдун айтымында, милиция кылмышка шектүү жаранды чогулган элдин тоскоолдугунан улам кармай албай калган. Учурда териштирүү уланып жатат, бирок кылмыш иши козголо элек.

- Саат 17.28 чамасында 102ге Махатма Ганди көчөсү тарапта автоунаадан белгисиз бирөөлөр жарым жылаңач кызды түшүрүп кеткени тууралуу маалымат келген. Андан кийин милициянын ыкчам батальону тиешелүү аракеттерди жүргүзгөн. Кыз милиция кызматкерлерине Кулиев-Пушкин көчөлөрүнүн кесилишинде өзүнө карата кылмыш жасаган деген адамдарды байкап калып, көрсөтүп берген. Милиция териштирүү иштерин жүргүзүп жатканда 20-30дай киши чогулуп, аларды курчап калган. Алардын бири милиция кызматкеринин табелдик куралын тартып алууга да аракеттенген. Милиционер өз тапанчасы менен эки жолу асманга ок аткан.

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

26-27-апрель күндөрү жарандар менен милициянын жаңжалы тартылган видео Интернетке тарады. Анда бир нече милиция кызматкерин базардын жанында отуз-кырктай адам курчап турганын көрүүгө болот. Милициянын эки жолу асманга ок атканына карабай чогулгандар тараган эмес. Ал эми ошол эле окуяны тарткан дагы бир видеодо милициянын машинесин курчап тургандар ок аткан кызматкердин элден кечирим сурашын талап кылып жатышат.

Бул видео социалдык тармактарда кызуу талкууга жем таштады. Интернет колдонуучулардын көпчүлүгү милициянын чабалдыгын белгилеп, бийлик башындагыларды окуяга көңүл бурууга чакырып жатышат. Алардын бири жарандык активист Канат Мидин уулу "коомдо тартип орнотуучулар өздөрүн коргой албай жатса, эл кимге ишениши керек" экенине кызыкты.

- Милиция кызматкерлери, күч органдары жарандардын укугун камсыз кылышы керек эле. Алар өз укугун коргой албай жатса, эми кантип ишенебиз? Анда кылмыштуу топтор, коррупция жана башка оор кылмыштар менен кантип күрөшөт?

Күч кызматкерлеринин, анын ичинде “маичилердин” кызмат убагындагы мыйзамсыз жоруктарын видеого тартып, коомчулукка жарыялап жүргөн активисттердин бири Болот Ибрагимовдун айтымында, мындай окуялар күн сайын катталат. Ибрагимовдун пикиринде кесипкөй эмес кызматкерлер милициянын аброюн түшүрүүдө.

Болот Ибрагимов.
Болот Ибрагимов.

- Милициянын кадыр-баркы жылдан-жылга эле түшүп баратат. Мен ал видеону көрдүм. Массанын арасында тапанчаны чыгарбай туруп сүйлөшүш керек. Төрт-беш милиция көпчүлүктө ок атканы кооптуу. Дароо кошумча башка кызматкерлерди чакырыш керек. Ал жерде ок атылса, милициянын тапанчасын тартып алып өзүн атып салса эмне болот? Же болбосо тапанчасын октору менен тартып алып качып кетсечи?

Ал эми Ички иштер министрлиги "бул окуя териштирилет" деп ишендирүүдө. ИИМдин ишине байланыштуу мыйзамдарга ылайык, кылмышка шектүү буйрукка баш ийбей же кызматкердин өмүрүнө коркунуч туулган учурда эскертип, ок атууга болот.

Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Эрнис Осмонбаев мындай окуялар көп болоорун айтып, коомчулукту милицияны сыйлоого чакырды.

- Америка менен салыштырып көрөлү. Анда полиция кандайдыр бир шек санаса эле атып салат. Эч ким эч нерсе дей албайт. Бизде атса кечке сүйрөлөт. Ошон үчүн ок атаарда жүз жолу ойлонот.

ИИМдин Ардагерлер кеңешинин төрагасы Султан Жоошбаев ушул сыяктуу окуялардан жыйынтык чыгарып, күнөөлүүлөр сөзсүз жазасын алышы керек деп эсептейт.

- Милициянын аброю күчтүү мыйзамдардын сакталышы менен камсыздалат. Азыр жарандар укугун билсе да милдетин унутуп коюшкан. "Милиция элди коргойт жана ага баш ийишибиз керек" дегенди коомчулук түшүнсө дейт элем.

Кыргызстанда жарандар милиция менен жаңжалдашып, кызматкер каза тапкан учурлар болгон. 2016-жылдын аягында такси айдоочулары менен милициянын ортосунда мушташ чыгып, бир кызматкер жабыркаган. Ал эми жол эрежесин бузуп кармалган айдоочулар арасында “маичилерге” баш ийбей, сөгүп, кагып-силкип жаткан видеолор Интернетке күн алыс эле жарыяланат.

Эксперттер Кыргызстандагы милиция тармагы түп-тамыры менен өзгөрүүгө жана реформага муктаж экенин айтып келатышат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG