Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:52

Кечиккен айдоочулук күбөлүктүн «аңызы»


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда айдоочулук күбөлүк даярдоого тендер жыйынтыгы создугууда.

Кыргызстанда айдоочулук күбөлүккө бланктарды даярдоо боюнча тендер өткөнүнө бир айга жакын убакыт болсо да тиешелүү келишимге кол коюла элек.

8-августта өткөн тендерде жергиликтүү айдоочулук күбөлүктү даярдоого Казакстандын Улуттук банкынын банкноттук фабрикасы, ал эми эл аралык күбөлүк үчүн Кыргызстандагы «Гознак» ишканасы жеңүүчү деп табылган.

Бирок тендерге катышкан германиялык «Мүлбауэр» компаниясы сынак маалында мыйзам бузулганы тууралуу арыз жазган. Арызды Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик сатып алуу департаментиндеги мекеме аралык комиссия иликтеп жатат.

Мамлекеттик каттоо кызматынын (Мамкаттоо) өкүлү Адилет Бейшеналиевдин айтымында, дал ушул комиссиянын жыйынтыгы күтүлүп жатат.

Мамлекеттик каттоо кызматы.
Мамлекеттик каттоо кызматы.

«Департаменттин алдындагы комиссиянын чечимин күтүп жатабыз, - деди Мамкаттоонун өкүлү. - Алар германиялык компаниянын арызын карап, аны негиздүү же негизсиз деп табышы керек. Ошол чечимге жараша келишимдин мөөнөтү белгилүү болот. Ал эми убактылуу айдоочулук күбөлүктөр 1-октябрга чейин деп аныкталган. Дал ушул мөөнөткө чейин тендерге байланыштуу бардык иштерди бүткөрүп, толук жарамдуу күбөлүк берүүгө даяр болушубуз керек».

Макала даярдалып жаткан учурда Мамлекеттик сатып алуу боюнча департаменттин алдында түзүлгөн комиссия германиялык компаниянын арызын негизсиз деп жыйынтык чыгарганы белгилүү болду. Тиешелүү маалымат департаменттин расмий сайтында жарыяланды.

Мамлекеттик сатып алуу департаментинин жыйынтыгынан соң Мамкаттоо тендерде жеңип чыккан компаниялар менен келишим түзүшү керек. Алар 1-октябрга чейин жаңы үлгүдөгү күбөлүктөрдү даярдай башташы зарыл. Анткени өкмөт буга чейин «жарандарга убактылуу күбөлүктөр ушул датага карата толук жарамдуу документтерге алмашат» деп убада берген.

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бирок тендердин жыйынтыгына нааразы болгон германиялык компания сотко кайрылбайбы деген суроо турат. Эгер сотко кайрылса, териштирүү создугушу мүмкүн.

«Мүлбауэр» компаниясы буга чейин электрондук паспортко бланктарды сатып алуу боюнча тендерде утулуп калган соң сотко арыз жазып, ал чоң чуу менен коштолгон. Бул тендердин айынан Мамкаттоонун мурдагы төрайымы Алина Шаиковага, анын эки орун басарына жана «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын жетекчисине кылмыш иши козголгон. Шаикова учурда кайда экени белгисиз. Ал эми Мамлекеттик каттоо кызматындагы үч аткаминер үй камагында.

Жарандык активист Рита Карасартова тендерге катышкан айрым компаниялар мыйзамдагы айрым кемчиликтерди көрүп алып, негизсиз болсо да тендерди создуктурууга көнүп алганын белгиледи:

Рита Карасартова.
Рита Карасартова.

«Ошондой күмөн бар. Алар дайым эле тендер боюнча арыздарды берип, айрым кемчиликтерди билип алды. Утулганын билип турса да «биз сотко берип, создуктуруп, мөөнөткө жетишпегендей кылабыз, эл алдында жаманатты болосуң» дегенге көнүп алды. Мына ушуларды мамлекет эске алышы зарыл болуп турат».

Ал эми Жогорку Кеңештеги Бюджет жана финансы комитетинин төрагасы Эмил Токтошев документтерге байланыштуу талаштуу жагдайга тендерди өткөрүүдөгү кыска кызыкчылыктар себеп болуп жатат деген пикирде:

«Мамлекеттик сатып алуудагы ачыктыкты дагы камсыз кылыш үчүн түп-тамыры менен өзгөртүүгө мүмкүн болбой жатат. Себеби, айрым кызыкчылыгы бар мамлекеттик органдар да бут тосуп жатканы байкалууда. Анткени кызыкчылыктар байкалып жатат».

Эмил Токтошев.
Эмил Токтошев.

Жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүк мурдагыга караганда бир топ арзан болору айтылууда. Маселен, буга чейин «Атлас Крипт» ишканасы даярдап келген бланктын бир даанасы 12 евро болсо, жаңы күбөлүктөр 100 сомдон ашпайт. Башкача айтканда, он эсе арзан болот.

Мамкаттоо жаңы документтин коргоо элементтери күчөтүлөрүн билдирүүдө.

Кыргызстанда 2011-жылдан тартып айдоочулук күбөлүк менен автоунаанын техникалык паспортун даярдоого бланктар менен камсыз кылуу укугуна «Атлас Крипт» деп аталган, Кыргызстанда катталган компания ээ болгон. Мамкаттоонун маалыматы боюнча 2011-жылдын 12-апрелинен 2018-жылдын аягына чейин 13 миллион 260 миң еврого бааланган 1 миллион 85 миң 500 даана айдоочулук күбөлүк жана жалпы баасы 12 миллион 660 миң еврого 1 миллион 200 миң даанадан ашык техникалык паспорт даярдалган. Бул келишимдин мөөнөтү бүткөнүнө байланыштуу апрель айында токтотулган.

Негизинен өлкөдө мамлекеттик маанидеги 271 документ бар. Аларды басып чыгаруучу басмаканалар жана компаниялар тендердин негизинде тандалып келген.

Быйыл жыл башында өкмөт атайын токтом кабыл алып, паспорт, айдоочулук күбөлүк сыяктуу өзгөчө корголуучу документтерден башкаларын мамлекеттик басмаканада басууга милдеттендирген.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG