Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:38

Баңгиликтин жазасын жеңилдетүү сунушу


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргыз өкмөтү баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча токтомду өзгөртүүнү көздөп жатат.

Атайын түзүлгөн мекеме аралык комиссия өзгөртүү-толуктоо киргизилген токтомдун долбоорун коомдук талкууга алып чыкты.

Анда баңгизат менен кармалган жарандарды алардан алынган заттардын өлчөмүнө жараша жоопко тартуу каралган. Коомчулукта "бул документ кабыл алынса, баңгизат соодасын күчөтөт жана аны саткандарга жаза жеңилдейт" деп кооптонгондор көп.

Сөз болуп жаткан өкмөттүн токтому "Баңгизаттарды, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду көзөмөлдөө" деп аталат. Бул документ 2007-жылдын 9-ноябрында бекитилген. Былтыр өкмөттүн тапшырмасы менен ушул токтомго өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизиш үчүн мекеме аралык жумушчу топ түзүлүп, анын курамына ИИМдин, Саламаттыкты сактоо министрлигинин, айрым өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү кирген.

ИИМдин алдындагы Баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча координациялык комитеттин катчысы Тимур Исаков сунушталган өзгөртүүлөрдү минтип түшүндүрдү:

Тимур Исаков.
Тимур Исаков.

- Токтом долбоору жарандардын укуктарын коргоого багытталган. Эмнеге? Анткени азыркы күндө эгер кайсы бир жаран бир ууч героин менен кармалса, андан табылган каражат аралашма болсо деле героин деп эсептелет. Менимче, бул туура эмес. Ошондуктан мекеме аралык жумушчу топ токтом долбооруна өзгөртүү-толуктоолорду даярдап, "кармалган заттын канча пайызы баңгизат, канчасы аралашма экени аныкталышы керек" деген чечим кабыл алды. Бул жарандардын укуктарын коргоого оң таасир этет деп ойлойм.

Бул демилгени Кыргызстандагы "Сорос" фонду да колдоп жатат. Уюмдун юристи Илим Садыковдун айтымында, 2019-жылы күчүнө кире турган Кылмыш-жаза, Кылмыш процессуалдык, Административдик кодекстерге киргизилген өзгөртүүлөрдө жаңы жазалар камтылган. Ушундан улам ал өкмөттүн баңгизаттарды көзөмөлдөө тууралуу токтому да өзгөртүүгө муктаж деген ойдо:

Эгер өзүнө колдонуу максатын көздөсө жана андан алынган каражат аз өлчөмдө болсо, дароо эле кылмыш жообуна тартылбашы керек. Административдик кодекстин негизинде жеңилирээк чара колдонсо болот.

- Өзгөртүү-толуктоолор эл аралык келишимдерге, БУУнун Баңгизаттар жөнүндөгү конвенциясына, Баңгизаттарга каршы күрөшүү комитетинин чечимине туура келиши керек. Ар бир документти кабыл алуудан мурда коомдук талкууга коюлушу керек да. Азыр талкууланып жатат. Негизинен токтомдо баңгизаттардын, прекурсорлордун, психотроптук заттардын тизмеси бар. Бул тизмени мамлекет көзөмөлгө алып, анын мыйзамсыз тарап кетпешине көз салат. Аларды кандай убакта медициналык жактан колдонуу тууралуу жоболор жазылган. Ошондой эле документте баңгизаттардын жазасына байланышкан маселе бар. Баңгизаттар менен соттолгондорду анын көлөмүнө жараша аныктоо зарыл. Кайсы бир адам баңгизат менен кармалса, анын жазасын аныкташ үчүн баңгизаттын өлчөмүн аныкташ керек. Ал баңгизатты кандай максатта алып жүрөт? Башкаларга таратуу максатындабы же өзүнө колдоноюн дегенби? Эгер өзүнө колдонуу максатын көздөсө жана андан алынган каражат аз өлчөмдө болсо, дароо эле кылмыш жообуна тартылбашы керек. Административдик кодекстин негизинде жеңилирээк чара колдонсо болот. Мисалы, айыппул салып дегендей.

Эксперттер чөйрөсүндө талкууга коюлган бул токтом долбооруна тынчсыздангандар чыкты. Мурдагы чекист Талант Разаков сунуш кылынган өзгөртүүнү баңгизат менен шугулдангандар өз кызыкчылыгы үчүн колдонушу толук ыктымал деп эсептейт:

Талант Разаков.
Талант Разаков.

- Негизи, баңгизаттарды түрүнө бөлүп караган бир чети жакшы. Бирок акча төлөтүп кое берген болбойт. Биздин мыйзамдарга ылайык, укук коргоо органдары кармалган адамдарды баңгизатты кайдан алганын ансыз деле иликтеп, тактайт да. Көп өлкөлөрдө баңгизат менен кармалгандар катуу жазаланат. Кээ бирлеринде өлүм жазасына тартылып жатпайбы. Бизде өлүм жазасы жок. Бирок түрмөлөрдө баңгизат менен кармалып, оор жазага тартылгандар көп. Бул нерсени абдан кылдат караш керек. Анткени тегерегибиздеги өлкөлөрдө баңгизат өндүрүү, даярдоо боюнча кеңири шарт бар. Кыргызстан баңгизаттар үчүн транзиттик өлкө болуп калбадыбы. Эгер жеңилдик болуп калса, Ооганстандагы баңгизат ташуучулар бизди эң жакшы канал катары тандап алышы мүмкүн. Алар биздин мыйзамдарды эске алуу менен азыраак партия жөнөтүп, ошого өтүп алса, анда бизге кыйын болуп калат. Ошондуктан эки жакка да көз салыш керек.

Коопсуздук боюнча эксперт Артур Медетбеков да мындай пикирди колдойт. Ал өкмөттү кандай гана баңгизат менен кармалбасын, катаал жазалоого, анын артынан адамзатка зыяндуу заттарды жүгүртүүнүн алдын алууга чакырды:

Артур Медетбеков.
Артур Медетбеков.

- Акыркы убактарда түнкү клубдарда жаштар арасында ар кандай жеңил баңгизат колдонгондор көбөйүп, ага оор баңгизаттер да аралашып кетпедиби. Спайс, ЛСД таблеткалары, синтетикалык баңгизаттар бар. Балким, токтомго өзгөртүү киргизген тарап ошол каражаттарды колдонгондорго карата, алардан алынган заттын көлөмү 1 граммга жетпесе, кандайдыр бир административдик айыпка жыгып, жазалоону сунуш кылып жатышкан чыгаар. Бирок анткен күндө алар административдик жазасын алып, айыппулду төлөп, кайра эле ошону колдоно берет, мындай заттарды саткандар да кайра пайда болот. Ошондуктан, баңгизат менен күрөшүүдө эч кандай жеңилдик берилбеши керек. Кайра жазаны күчөтүү зарыл.

Расмий маалыматка караганда, Кыргызстанда каттоого алынган баңгизат колдонгондор 25 миңден ашат. Быйыл жыл башында "Кыргызстандагы Чыгыш-Батыш СПИД фонду" жүргүзгөн сурамжылоо өлкөдө 15-16 жаштагы окуучулардын басымдуу бөлүгү кара куурай тобундагы баңгизаттарды жана башка психотроптук каражаттарды колдоно турганын көрсөткөн.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG