Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:34

Палестиналык студенттен нашаа табылганбы?


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ысык-Көл облусунун Каракол шаардык соту “баңгизат сактады” деп былтыр кармалган палестиналык студентке 25 миң сом айыппул салды.

Чет өлкөлүк студенттин жактоочулары буга байланыштуу "милиция жалаа жапты, акча доолады, зомбулук көрсөттү" деп прокуратурага кайрылды. Ысык-Көл облустук милициясы студенттин дооматтарын четке кагууда.

Каракол шаардык соту 5-мартта палестиналык жаран Абдумаяалех Фадиге Кылмыш-жаза кодексинин 246-беренесине ылайык “баңгизат сактады” деген кине менен 25 миң сом айыппул салды.

Ошол эле учурда сот аны Бишкек шаарындагы Республикалык психикалык саламаттык борборуна текшерүүгө жиберүү тууралуу чечим чыгарды. Соттун медициналык экспертизадан өтүү чечимин чыгарууга жактоочулардын "Фади милиция бөлүмүндө кыйноого кабылган" деп келтирген жүйөсү негиз болгон.

Соттун өкүмү эгер тараптар жогорку инстанцияга кайрылбаса, он күндөн кийин күчүнө кирет.

Абдумаяалех Фади - Бишкектеги Кыргыз мамлекеттик архитектура, курулуш жана транспорт университетинин 4-курсунун студенти. Ал 25-февралдан бери Каракол шаарындагы убактылуу кармоочу жайда камакта отурат.

Палестиналык студенттин соттолушуна 2017-жылдын 19-сентябрында катталган окуя себеп болгон. Студенттин жактоочусу жана укук коргоочу Камил Рузиевдин “Азаттыктын” кабарчысына билдиришинче, Фади жанындагы Сауд Арабиясынан келген үч шериги менен туристтик сапарда жүргөндө Ак-Суу районунун аймагында жергиликтүү милиция кызматкерлеринин текшерүүсүнө кабылган. Жыйынтыгында милиция Фадинин жанынан төрт грамм нашаа табылганын жарыялаган:

Камил Рузиев.
Камил Рузиев.

- Буларды милиция токтотуптур. Өздөрүнүн айтымында, ошондо акчасын көрүп, төрт грамм баңгизатты борсеткасына салып жиберип, анан 5 миң доллар сурашкан. Фади өзү "меники эмес" деп айтып жатат. Анан ал жерден кармалган төрт кишини шектүү катары алып барат да, жалгыз гана Фадини күнөөлүү деп таап, калган үчөөнү күбө катары кое беришкен. Ушул жери түшүнүксүз болуп жатат, - деди Камил Рузиев.

Ал эми Фадинин айтканына таянган анын дагы бир тарапкери, иорданиялык ишкер Ал Казаки Опайда Рияд Мохаммад кармалгандар дароо кутулуп кетүү үчүн милиция кызматкерлерине акча бергенин айтты:

- Аларды коркутушкан, басмырлашкан. Анан ал жактан чыгыш үчүн 3 миң доллар төлөгөнгө аргасыз болушуптур. Акчаны экинчи күнү тергөөчүнүн колуна бериптир. Муну Фади өзү да, туристтер да, акчаны алып келип берген тааныштары да тастыктай алат.

Жактоочулар милициянын кармалган төрт туристти жана кылмышка шектүү Фадини да учурунда дароо кое берип жиберишин дал ушул "берилген" деп айтылып жаткан пара менен байланыштырышты.

Жактоочуларынын айтымында, "доодон кутулдум" деп ишенген студент Бишкекте жайбаракат жүрө берген, үстүнөн сот жүрүп жатканынан кабарсыз болгон, чакыруу кагазын алган да эмес.

Милициянын маалыматы боюнча, Абдумаяалех Фадиге Кылмыш-жаза кодексинин 246-беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, "баңгизатты мыйзамсыз сактаган" деген айып тагылган жана иши сотко өткөн. Үч жолу сот жыйынына катышпаган палестиналык студенттин баш коргоо чарасын өзгөртүү тууралуу сот чечим кабыл алып, анын негизинде милиция Фадини Бишкектен күч менен алып келип, 25-февралда Караколдогу ИИМдин убактылуу кармоочу жайына киргизген.

Жактоочу Камил Рузиев Фадини милиция жана СИЗО кызматкерлери кыйнаган деп эсептейт. Анын айтымында, бул ишке Кыйноонун алдын алуу борбору да көз салып жатат:

Убактылуу кармоочу жайга алынып кетип, ал жерден сабалып, ал жерден да 1 жарым миң доллар сураптыр.

- Тергөөчү "баягы 3 миң долларды эч кимге айтпа, баары бир эч нерсе кыла албайсың" деп коркутуптур. Анан убактылуу кармоочу жайга алып барышып, ал жерден сабашып, 1,5 миң доллар сурашкан. "Дагы 20 миң сом кошкула" дешиптир. Ошон үчүн биз Кыйноонун алдын алуу борборунун директорун чакырттык эле. Ошолор учурда сабап кетишпесин деп күнү-түнү кирип карап жатышат.

Палестиналык студент боюнча ушул өңдүү жүйөлөрүн келтирген жактоочулар Каракол шаардык прокуратурасына жана Ысык-Көл облустук прокуратурасына арыз жазганын билдиришти.

Чет өлкөлүк студенттин кылмыш ишине тиешеси бар тергөөчүлөр жана милиция кызматкерлери менен байланышууга мүмкүн болгон жок.

Ысык-Көл облустук милициясынын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов укук коргоочулардын арыз-даттануусун прокуратура териштирип жатканын билдирди:

- Эми алар, укук коргоочулар "кыйноого алынган, 3 миң доллар пара алган" деп прокуратурага жазышыптыр. Эми канчалык ал фактынын чындыгы бар экенин прокуратура териштирет болуш керек, анан өз жыйынтыгын чыгарат.

Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматына караганда, 2017-жылы Ысык-Көл аймагында "мыйзам бузду" деген негизде чет элдик үч жаран кармалган. Аларга баңгизатка, жол кырсыгына, бейбаштыкка байланыштуу айыптар тагылган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Асеин Маданбеков

    "Азаттыктын" Ысык-Көл облусу боюнча кабарчысы. 2015-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG