Линктер

бейшемби, 14-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 19:18

Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду “Кыргызавтомаш” акционердик коомуна насыя берери маалым болду. Фонддун мындай чечимин сындагандар да, насыянын акыбети кайтарынан күмөн санагандар да жок эмес.

"Кыргызавтомаш" ишканасына насыя берилерин Орус-кыргыз өнүктүрүү фондунун бир жарым жылдык отчетуна байланыштуу уюштурулган маалымат жыйынында төрага Кубанычбек Кулматов билдирди:

- "Кыргызавтомаштын" долбоорун тогуз айдан бери карап, даярдап чыктык. Бүгүнкү күнү анын бүт жабдыктарын модернизациялоо аракетин көрүп жатабыз. Бул совет убагынан бери иштеген завод. Ошондуктан биз аны каржылайбыз. Анда бир канча адам иштеп жатат.

Талдоочу Эдил Байсалов Орус-кыргыз өнүктүрүү фондунун ири суммадагы каражатты өндүрүшкө салып жатканын кубаттайт. Бирок ошол эле учурда өнүктүрүү фондун аткаминерлерге үстөк пайызы төмөн насыя берип, алардын байлыгын арттырууга салым кошуп жатат деп сындады:

Эдил Байсалов
Эдил Байсалов

- Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду 300 миллион доллардын тегерегинде акча таратты. Биздикиндей чакан экономика үчүн бул абдан жакшы салым. Бирок мамлекеттик кызыкчылыкты эске алганда, булар негизинен менчиктештирилген эски заводдорун, жерлерин күрөөгө койгон бай катмарга колдоо кылып, алардын дагы жүз эсе байышына жол ачып жатат.

Буга чейин Өнүктүү фондунун "Республика-Ата-Журт" фракциясынын лидери, депутат Өмүрбек Бабановдун жакындарына таандык деп саналган Asia Mall ири соода борборунун курулушуна бөлгөн 17 миллион долларлык насыясы да кызуу талкуу жараткан.

Бирок Орус-кыргыз өнүктүрүү фондунун жетекчиси Кубанычбек Кулматов фонддун дарегине айтылган дооматтарга макул эмес.

- Макул, Бабановго бердик. Андан башка кимге бердик? Келиңиз, санайлы. "Автомашты" Атамбаевге байлап жатасыңар. Бирок ал муну четке какпады беле.

2000-жылы ошол кездеги президент Аскар Акаевдин кысымынан улам, Алмазбек Атамбаев автоунаанын тетиктерин чыгарган “Автомаш” заводун орусиялык ишкерлер тобуна сатып, өзү Түркияга чыгып кеткен.

Президент Алмазбек Атамбаев расмий түрдө заводдун кожоюну болбогону менен анын “Кыргызавтомашка” тиешеси бары тууралуу кептер оппозициячыл саясатчы Өмүрбек Текебаевдин ажо менен болгон саясий тиреши курчуганда айтыла баштаган.

Бирок мындай божомолду “Кыргызавтомаштын” генералдык директорунун орун басары Арсений Широковских да төгүндөп жатат. Ал заводдун 90% акциясы Анатолий Черных аттуу орусиялык ишкерге таандык экенин “Азаттыкка" ырастады:

- Өнүктүрүү фонду берген каражатты заводдун жабдыктарын жаңылоого жумшайбыз. Негизинен ширетүү аппаратын жана алюминий менен кара металлды кесе турган лазер сатып алабыз. Бул жерде жашыра турган эч кандай сырыбыз жок. Бизди көрө албагандар бийликте байланышы бар деп каралап келет. Бирок биз орусиялык компаниябыз жана кыргыз бийлигиндеги адамдарга тиешебиз жок.

Широковскихтин “Азаттыкка” билдиришинче, “Кыргызавтомаш” 2,7 миллион долларлык насыя алуу боюнча Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду менен келишим түзгөн. Анын 500 миң долларлык алгачкы траншын ишкана ушул жылдын сентябрь айында алат.

Отчеттогу маалыматта Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду бир жарым жылдан бери 761 долбоорго 264 миллион АКШ долларын жумшаган. Фонд кыргыз экономикасын Евразия экономикалык биримдигинин шарттарына ыңгайлаштыруу максатында 2015-жылы түзүлгөн. Ага Орусия өкмөтү 1 миллиард доллар бөлүп, өндүрүштү жандандырууга жеңил шарттагы насыяларды берет деп айтылган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Касым Рахманкулов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кызматкери, журналист. Борбор Азиядагы Америка Университетинин журналистика факультетинде окуган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG