Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:18

“Кырк кадамга" артылган үмүт


Кумтөр.
Кумтөр.

Жаңы келген өкмөттүн “Жаңы доорго кырк кадам" программасы кыргыз коомчулугунда кызуу талкууга алынып жаткан кез. Аталган программанын мурдагылардан айырмасы, өзгөчөлүгү эмнеде?

Бул маселени "Арай көз, чарай" берүүсүндө талкууладык. Ага Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер министри Толкунбек Абдыгулов, Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешов жана Жаш ишкерлер бирикмесинин аткаруучу директору Фархат Пакыров катышты.

“Азаттык”: Толкунбек мырза, Кыргызстанда азаттыгын алган 26 жылдан бери далай программалар жазылды. Бирок, ишке ашкан кайсы бир программаны атай албайбыз. Сиздер сунуш кылып жаткан “Жаңы доорго кырк кадам” программасынын мурдагылардан айырмасы, өзгөчөлүгү эмнеде?

Толкунбек Абдыгулов: Бул программанын мурдагылардан айырмасы беш жылга багытталган. Мында конкреттүү түрдө 40 кадам көрсөтүлгөн. Ар бир кадамдын өзүнчө программасы, кайдан каржыланат, өзүнчө индикаторлорунун баары каралган. Өткөндө Жогорку Кеңеште каралып, кабыл алынган, азыр коомчулукка маалымдалып жатканы программанын кыскартылган варианты, толук варианты 300 бетке жакын жазылды. Анда ар бир мамлекеттик орган, министрлик эмне кылуу керек, кайсы мөөнөттө кайсы ишти жасашы керек экендиги ачык, толук жазылган. Эң негизгиси бул программа – азыркы замандын талабы. Азыркы ааламдашкан санариптик заманда, интернет технологиянын шартында адамдын жашоосун жакшыртуу маселеси турат. Ошондуктан программада биз негизги үч компонентти көрсөтүп жатабыз. Биринчи, элдин экономикалык бакубаттуулугу, экинчиси, калктын социалдык бакубаттуулугу, үчүнчүсү, коопсуздук жана жагымдуу чөйрө деп аталат. Ошондуктан коомдук жашообузга санариптик технологияларды киргизүү милдети турат. Эң негизги максат – элдин жашоосун сапаттык жаңы деңгээлге көтөрүү.

“Азаттык”: Дастан мырза, Жогорку Кеңештин жыйынында бир нече депутаттар “Жаңы доорго кырк кадам" долбоору менен толук таанышпагандыгын, талкууга убакыт керек экендигин айтып чыкканына карабай, шашылыш кабыл алынды, документтин чийки, үстүртөн жазылган жактары көп деп белгилешти, анчалык шашканга эмне себеп болду?

Дастан Бекешов: Ооба, бир топ депутаттар бул программаны толук окуганга жетишкен жок. Бирок, менимче бул программа чийки эмес. Бир аз шашылыш кабыл алынып калышы президенттик шайлоо менен байланыштуу болду окшойт, бир топ депутаттарыбыз дагы президенттик жарышка түшүп жатат. Депутаттарга программанын кыска вариантын, толук вариантын да беришкен. Мен программа менен таанышып чыккам, андагы эки жагдайды, жаңылыгын белгилегим келет. Биринчиси, санариптик трансформация. Мындай программалык максат мурдагы өкмөттөрдө айтылып келген, бирок аракет жасалган эмес. Экинчиси, бул программада экономиканы, ишкерликти колдоо, өнүктүрүү боюнча чоң максаттар коюлуп, аракеттер жасалып жатат.

Эң негизгиси бул программа – азыркы замандын талабы. Азыркы ааламдашкан санариптик заманда, интернет технологиянын шартында адамдын жашоосун жакшыртуу маселеси турат.

“Азаттык”: Фархат мырза, “Жаңы доорго кырк кадам" программасынын алтынчы багыты “Бизнес менен бирге” деп аталат экен. Анда экономиканы көтөрө турган жаңы мамилени, кандайдыр бир жаңы саясатты, багытты байкай алдыңызбы?

Фархат Пакыров: Мурдагы программа же стратегияларга салыштырмалуу азыркы программада инвестиция, ишкерликти өнүктүрүүгө көп көңүл бурулган. Программаны жазган авторлор да жаңы көз караштагы адамдар экенин сезип жатабыз. Бул документтеги дагы бир өзгөчөлүк ишкерликке көп тоскоолдук кылып келе жаткан көйгөйлөрдү жоюу үчүн санариптик технологияларды киргизүү демилгеси болууда. Кызмат көрсөтүүлөрдү, ишкерликке уруксат берүү, отчеттуулуктун бардык түрүн электрондук форматка өткөрүү менен бюрократияны, адамдын тикелей катышуусун кыскартуу идеялары жакшы десек болот. Биздин ишкерлерде бул документ жакшы шарттарды түзүп берет деген үмүттөр бар.

(Талкуунун толук вариантын ушул жерден угуңуз)
Өкмөттүн “Кырк кадамы”
please wait

No media source currently available

0:00 0:22:56 0:00
Түз линк

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG