Линктер

жума, 24-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 17:09

Борбордук шайлоо комиссиясы президенттик шайлоого карата “Кошунаңды ээрчите кел” акциясын баштады.

Иш-чара мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды шайлоого катыштыруу максатын көздөйт. Ал эми добушканага келе албаган мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар шайлоого бир күн калганда үйүндө көчмө урнага добуш берүүгө мыйзам жол берет. Бирок байкоочулар өзгөчө категориядагы адамдардын көчмө урнага добуш берүүсүн бурмалоого жол ачкан система катары сындап жатышат.

Өлкөдө президенттик шайлоо 15-октябрга белгиленгени менен, айрым категориядагы адамдарга добуш берүү бир күн эрте башталат. БШК мүчөсү Абдыжапар Бекматов “Азаттыкка” билдиргендей, бул күнү участокко келе албаган мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга, кары-картаңдарга өз үйүндө добуш берүүгө мыйзам жол берет. Бул үчүн атайын комиссия шайлоого бир күн калганда көчмө урна менен арыз түшкөн даректерди кыдырып чыгат.

Абдыжапар Бекматов
Абдыжапар Бекматов

- Алгач жарандар участкалык комиссияга арыз менен кайрылып, добуш берүүгө келе албаган себебин айтышат. Арыздар шайлоо башталганга үч күн калганга чейин кабыл алынат. Шайлоого эки күн калганда шайлоо участогунан сырткары добуш берүүчүлөрдүн тизмеси түзүлөт. Ошонун негизинде шайлоого бир күн калганда көчмө урна аркылуу добуш берүү жүргүзүлөт.

Көчмө добуш кимдин утушу?

Бекматов майыптардан тышкары жолу татаал, алыс жана бийик тоолуу жерде жашагандар, вахталык ыкма менен иштегендер жана чек ара кызматкерлери да 14-октябрда эле добуш бере алаарын кошумчалады.

Бирок байкоочулар көчмө добуш берүүнүн жыйынтыктарынан шек санашууда. "Демократия жана жарандык коом" коалициясынын өкүлү Динара Ошурахунова системаны сындап, көчмө добуш берүү жыйынтыкты бурмалоонун бир булагы дегендердин бири.

- Алыскы жерде жашагандарга бир күн мурда эле участкалык комиссия жөнөп кетет. Жолу татаал болгондуктан көз карандысыз байкоочулар ал жакта боло бербейт. Натыйжада комиссия өзү шайлоочуларды үгүттөгөнүн, кандай добуш берип жатканын эч ким билбейт. Ушундан улам бизде көчмө шайлоонун жыйынтыктарынан күмөн санайбыз.

Референдумдан бир көрүнүш, 11-декабрь, 2016-жыл
Референдумдан бир көрүнүш, 11-декабрь, 2016-жыл

Буга чейинки шайлоолордо участоктон тыш добуш берүүгө байкоочулук кылып калган жарандык активист Рита Карасартова көчмө урнага добуш берген жарандардын көпчүлүгү комиссиянын көрсөтмөсү менен шайлашат дейт.

Карасартова чек арачылар өңдүү өзгөчө категориядагы аскер адамдары жетекчиликтин буйругу аркылуу административдик ресурс менен добуш бергендиктен көчмө шайлоо бийликке кошумча пайыз алып келүүчү көрсөткүч дейт.

- Эми мугалимдерге, дарыгерлерге кандай басым болуп жатканын көрүп эле турбайбызбы. Булардын караанында аскер адамдары жетекчиликтин көрсөтмөсүн “кыңк” этпей аткарышары бышык. Биз барып сураганда аскер адамдары добуш берүүдө басым болгонун айтышпайт, бирок алардын жүзүнөн бардыгы эле көрүнүп турат.

Майыптарга шарт жок

Апта башында өткөн Коопсуздук кеңешинин жыйынында БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды колдон келишинче шайлоо участогуна алып келүү үчүн “Кошунаңды ээрчите кел” акциясы өтүп жатканын айткан. Бирок экинчи жагынан Боршайком азырынча шайлоо участкаларында майыптар үчүн тиешелүү шарттар каралбаганын моюнга алууда.

- Биз азыр шайлоо участокторунда мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын добуш берүүсү үчүн шарттарды караштыра баштадык. Бирок бардык шайлоо тилкелеринде аларга мүмкүнчүлүк түзүп берүүгө алыбыз келбейт. Бул иштер этап-этап менен жүрөт. Себеби мүмкүнчүлүгү чектелгендерге участоктордо шарттарды түзүп берүү үчүн дагы бир нече жыл керек. Андыктан азыр жарандардын өздөрүнөн майып кошуналарын шайлоого ээрчите келүүгө жардам сурап жатабыз.

БШКнын мурдагы мүчөсү Канатбек Азиз айрыкча 3-сентябрда Кара-Суудагы шайлоодон кийин бул система кайрадан күмөндү күчөткөнүн айтууда. Ал "бийлик жаңы технология менен шайлоо өткөрүү тажрыйбасын жогорулатуунун ордуна шайлоо жыйынтыктарын бурмалоого жол берип жатат" деп сындады.

Бирок БШК мүчөсү Абдыжапар Бекматов шайлоо участогунан сырт добуш берүү байкоочулардын тыкыр көзөмөлүндө болгондуктан тынчсыздануусуна негиз жок дейт.

- Шайлоого чейинки көчмө үкөккө добуш берүүнүн жол жобосунун бардыгы мыйзамда каралган. Байкоочулар добуш берүүгө көзөмөл салып турушат, добуш берүү бүткөндөн кийин урнага пломба салынып, шайлоо участогуна алып келишет. Эртеси күнү жалпы шайлоо аяктагандан кийин байкоочулар пломбаны текшерип, электрондук үкөктөн өткөрүшүп, жыйынтыкты чыгарышат.

Шайлоого бир күн калганда көчмө үкөккө добуш берүүчүлөрдүн катарын жабык жайда отургандар да толуктайт. Кыргызстанда эркинен ажыратылгандардын болжолдуу саны 10 миңден ашат.

Боршайком көчмө урнага добуш берүүчү шайлоочулардын санын азыр айтуу эрте экенин, так саны шайлоого үч күн калганда гана чыгаарын билдирүүдө.

15-октябрда өтө турган президенттик шайлоого 13 адам талапкер болуп катталган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG