Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:28

Ош: Шайлоо бекеттерде коопсуздук күчөтүлдү


Ошто шайлоо бекеттеринин коопсуздугу күчөтүлүүдө. Бюлеттендер жеткирилери менен ар бир шайлоо участогун бир нече милиция жана бирден улуттук коопсуздук кызматкери кайтарууга алмакчы болду.

Шайлоо күнү жакындаган сайын Ошто коопсуздук башкы темалардын бири болуп калды. Күч органдары бүгүн-эртеңден баштап эртели кеч күчөтүлгөн тартипте иштей баштаары айтылууда.

"Өзгөчө шайлоо бекеттеринин коопсуздугун камсыз кылуу негизги милдеттердин бири" дейт шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Марат Орозбаев:

- Шаардык ички иштер кызматы шайлоого толугу менен даяр. Биздин 570 кызматкер калаадагы 73 шайлоо бекетине бөлүндү. Ар бир участкада 3төн алтыга чейин милиция көзөмөл кылып турат. Аны менен бирге элдик кошуундун 550 мүчөсү коомдук тартипти сактоого жардамдашат.

Шайлоо процессиндеги тартипти сактоо үчүн ар бир шайлоо бекетине улуттук коопсуздук кызматынан да бирден кызматкер бөлүндү.

Кызматтын Ош шаар жана облус боюнча башчысынын орун басары Абдразак Дунаев муну террордук актыларды алдын алуу максаты менен түшүндүрдү:

- Бюллеттендер шайлоо участокторуна жеткирилгенден тарта ар бир участокко бирден улуттук коопсуздук кызматынын өкүлү дайындалат. Кээ бирлери 2-3төн участокту карап калышы мүмкүн. Негизгиси ал жерлерде кандайдыр бир диверсиялык террордук актыларды алдын алуу максатында биз ушундай кадамга баруудабыз.

Шаар башчысы Мелис Мырзакматов участокторго бөлүнгөн тартип коргоо кызматкерлерин шайлоо процессине кийлигишпөөгө чакырууда:

- Шайлоо участогунун коопсуздугун камсыздайбыз деп, кимдир бирөөгө добуш алып берүү үчүн иштеп жүрбөгүлө. Мындайга жол бербегиле.

Участоктордун ичине кирбей, алыстан көзөмөл кылгыла. Былтыр УКМКнын өкүлү шаардык шайлоо комиссиясынын баш кеңсесинде отуруп алып, ар нерсени айтып, таасир тийгизип жатты.


Маалым болгондой, Ошто 120 миңдей шайлоочу 73 участокто добуш берет. Даярдык иштеринин баары аягына чыгып калгандыгын шаардык шайлоо комиссиясы кабарлоодо.

Шаардагы №5298 шайлоо бекетинин комиссия мүчөсү Алтынбек Маликов аларда азырынча кооптонуу деле жоктугуна токтолду:

- Шайлоо комиссия мүчөлөрүндө өтө деле кооптонуу жок. Анткени милиция, күч органдары баары тартипти, коопсуздукту сактайбыз дешүүдө. Мэриядан да чалып, керектүү нерселерди камсыз кылып беребиз деп турушат. Учурда биздин участокто баары даяр болуп калды. Кабина, урна, факс жана башка керектүү нерселердин баары келди.

Деген менен шайлоочулар арасында кооптонуулар орун алып жаткандыгын калаа тургуну Ашымбек Молдокулов тастыктоодо:

- Баарыбыз эле шайлоого катышабыз дечи. Бирок чындап коркунуч бар. "Ошол күнү сыртка чыкпайбыз, дүкөн, кафелерди жаап койобуз" дегендер бар. Мен деле чочуп турам. Өткөн жылкы окуялардан кийин формачандар көчөдө жүргөнүн көргөндөн кийин эле кырдаал оңой эмес экенин түшүнөсүң да. Кантсе да ушул шайлоо тынч өтсүнчү.

Учурда Ош шаарынын кире бериштерине 3 тосмо коюлду. Шайлоо күндөрү күч органдарынан түзүлгөн стационардык жана мобилдүү онго жакын топ түнү менен шаарды кыдырып жүрмөкчү.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG